Чечимге ылайык, коррупция үчүн айыпталып жаткандар айыппул төлөмөй болушту. Алар соттун мындай өкүмүнө каршы даттанбай турганын айтып жатышат.
Кыргызстанда электрондук паспортко бланктарды алууга байланыштуу тендер боюнча иш козголгон Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Руслан Сарыбаевге жана Данияр Бакчиевге, ошондой эле «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаевге карата сот өкүмү чыкты.
Бишкектин Биринчи май райондук соту аларга алты категориядагы айыппул салып, эркиндикте калтырганын Абдуллаевдин адвокаты Марат Эшперов билдирди. Адвокаттын айтымында, өкүм боюнча соттун токтому алына элек болгондуктан канча айыппул салынганы азырынча белгисиз.
- Айыппулдун өлчөмү так билине элек. Жаңы кодекстер боюнча эң жогорку 6-категория менен сот айып пул төлөө өкүмүн чыгарды, - деди ал.
Тендер чырында аты аталып жаткандардын бири Данияр Бакчиев райондук соттун өкүмүнө карата апелляциялык арыз жазбай турганын айтты. Ошондой эле ал жалпыга маалымдоо каражаттарына пикирин ачык айтууну каалаган жок.
Бул «паспорт чыры» боюнча сот дээрлик бир жылга жакын созулду. Ал эми бул окуяга байланыштуу иш 2018-жылы башталган.
Мамкаттоо уюштурган электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендерге чет өлкөлүк беш компания катышкан. Анда литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган.
Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.
2019-жылы февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамкаттоо өткөргөн тендерге байланыштуу кылмыш ишин козгогон.
Атайын кызмат тендер чырына жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерде «Гарсу Пасаулис» компаниясы утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган.
Анын алкагында тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси бар киши катары жалпысынан 15 адамдын аты-жөнү аталган.
Андан соң Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Кийинчерээк бул адамдар тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылган.
Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаиковага быйыл август айында иш козголуп, ал өлкө аймагынан чыгып кеткен. Ички иштер министрлиги Шаикованы издөө уланып жатканын билдирип келет.
Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун да аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон эле.
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бул ишке байланыштуу соттун өкүмүн сынга алды:
- Соттун бул өкүмү ал жерде кылмыш ишинин жок экенин аныктап жатат. Сот «коррупция болгон эмес» деген бүтүмгө келди да. Эгер коррупция болбосо анда эмнеге аларга сот айып салып жатат? Мындайча айтканда жарандык иш менен кылмыш иши карама-каршы жагдай жаратты. Ал жерде чоң саясат болгон. Мамкаттоонун башчысынын орду кимдир бирөөгө керек болгон. Ошондуктан тендер тескери болгон.
Кыргызстанда биометрикалык ID карт же ички паспорт 2017-жылдан тартып бериле баштаганы белгилүү. Өкмөт 2019-жылдан тартып биометрикалык же электрондук жалпы жарандык паспорт берүүнү көздөгөн.
Жаңы үлгүдөгү электрондук паспорттогу жарандардын сүрөтү чапталган барагы поликарбонат пластиктен жасалып, ичинде маалымат камтылган чип орнотулат. Ал 40ка жакын коргоочу элементке ээ болот.
Бирок бул иш башталбай жатып, чатакка айлангандан бери электрондук паспорт долбоору ишке ашар-ашпасы күмөн жаратты. Бул аралыкта өкмөт да электрондук паспорт тууралуу ооз ача элек. Ара арада Кыргызстандын паспорттору жасалма жана мыйзамсыз жол менен дүйнөгө тараган фактылар катталып, оор кылмыш боюнча айыпталган чет өлкөлүктөр да алып жүргөнү уу-дуу кепке айланганы токтой элек.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.