УКМК мурдагы эскертүүгө ылайык 5-августта Алина Шаиковага издөө жарыялады. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, буга Шаикованын суракка келбей койгону негиз болду.
«Буга байланыштуу Башкы прокуратура Шаиковага карата Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча кылмышка шектүү деген билдирмесин жөнөтүп, Жазык-процесстик кодексинин 239-беренесине ылайык ага издөө жарыяланып, аны ишке ашыруу УКМКнын ыкчам бөлүмүнө тапшырылды», - деди ал.
Алина Шаикова Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендерде мыйзам бузган деп шек саналууда. Ал иш боюнча буга чейин Шаикованын мурдагы эки орун басары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев шектүү катары камалып, кийин үй камагына чыккан. Алина Шаиковага каршы дал ушул орун басарлары көрсөтмө бергени айтылып жатат.
Мындан сырткары бул чырга УКМКнын мурдагы жетекчиси Идрис Кадыркуловдун да аты аталып, ал кызматтан кеткен эле.
Учурда Алина Шаикованын кайда экени белгисиз. Анын жакындары жана адвокаты бул боюнча эч кандай комментарий бербей жатышат. Айрым маалымат каражаттары Шаикова бир ай мурун Казакстанга чыгып кеткенин жазышты. Бирок Мамлекеттик чек ара кызматы Шаикова чек арадан өткөн-өтпөгөнү жөнүндө маалымат тергөө органдарынын уруксаты болмоюнча берилбей турганын билдирди.
Паспорт чыры боюнча алектенип келген жарандык активист Рита Карасартова Шаикованын күнөөлүү экенине ишенбейт. Ал Мамкаттоонун мурунку башчысы паспорт чыры боюнча күч органдары менен тирештин курмандыгы болду деген пикирин айтты:
«Буга чейин УКМКнын мурдагы жетекчиси Идрис Кадыркулов ушул иш боюнча кызматтан кеткен. Ал инвесторлор менен Мамкаттоонун жетекчилигин жолуктурганын Шаикова ачык айтып чыккан эле. Дал ушундай кырдаалда «паспорт боюнча тендер туура эмес өткөн» деп кайсы бир кызыкчылык да жаткан. Муну менен мамлекеттик кызматкер коопсуздук органынын алдында коргоого алынбай турганын көрсөтүүдө».
48 жаштагы Алина Шаикова Мамлекеттик каттоо кызматын эки ирет башкарган. Алгач 2014-2015-жылдары бул органга жетекчи болуп, ошол кезде парламенттик шайлоону биометрикалык добуш берүү аркылуу өткөрүүнүн башында турган. Мындан соң Финансы министрлигине караштуу Сатып алуу департаментинин директору болуп, 2018-жылы экинчи ирет Мамкаттоонун төрагалыгына дайындалган.
Маалымат каражаттарына интервью бербей, өзүн саясаттан алыс кармаган Алина Шаикова быйыл жазында чыккан паспорт чырынан соң апрель айында кызматтан бошотулган эле.
Тергөөдөн из жашырган жетекчилер
Ошентип Алина Шаикова кылмыш иши козголгон соң изин жашырып кеткен кыргызстандык аткаминерлердин катарын толуктады.
2010-жылдагы апрель окуяларынан соң өлкөдөн чыгып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын эске албаганда да акыркы эле жылдары кылмышка шектүү бир нече саясатчы, жетекчи Кыргызстандын чегинен чыгып кетти. Алсак, кылмышка шектүү деп табылган соң Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов, президенттик шайлоодо экинчи орун алган «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, Материалдык резервдер фондунун директору Шералы Абдылдаев сыяктуу адамдар учурда өлкө тышында жүрөт.
Ал эми Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыктан соң «дарыяны кечип Тажикстанга өтүп, андан Москва аркылуу АКШга кеткени» кабарланган мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин окуясы аңызга айланган. Шадиевдин качып кеткени жөнүндө маалыматты укук коргоо органдары бир айча четке кагып, ошондон кийин гана мойнуна алууга аргасыз болгон.
Жакында кримтөбөл Азиз Батукаевди өлкөдөн чыгарып жиберүү боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев тергөөгө келбей жатканы белгилүү болгон. Атайын кызматты узак жылдар башкарган генералга аз өтпөй УКМК издөө жарыялаган. Учурда Ички иштер министрлиги «Табалдиев изделип жатат» дегенден башка маалымат бербей жатат. Шаикова өлкөдөн чыгып кеткен соң дал ушул жагдайга көңүл буруп, бул көрүнүштүн себебине кызыккандар көбөйдү.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков түзүлгөн кырдаалды эки себеп менен түшүндүрдү:
«Биринчиден, укук коргоо органдарына ишенбестик да роль ойноп жатат. Анткени азыр укук коргоо органдары кандай иштеп жатканы, күнөөкөрлөрдү күнөөсүн кантип далилдеп берип жатканы көрүнүп калды. Ошого жараша «эртеңки тагдыр кандай болот» деп тобокелге салып жатышат. Экинчиден, алдын ала маалымат берилип, чыгып кеткен соң кожокөрсүн үчүн издөө жарыяланып жатат. Бирок башкы талап мыйзам болушу керек».
Саясий маселелер боюнча эксперт Даниел Кадырбеков акыркы окуяны укук коргоо органдары туш болгон кризистин белгиси катары баалады:
«Бул бийлик институттары деградация болуп, толук иштебей жатканынын белгиси. УКМК болобу, ИИМ болобу саясий курал болуп, мыйзам боюнча көрсөтүлгөн талаптардын эмес, түшүнүктөрдүн жыйынтыгы ушуга алып келип жатат».
Ал ортодо тергөөнүн талабына баш ийбей, суракка барбай жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин маселесинин да башы ачылбай турат. ИИМдин үч сыйра чакыруусуна баруудан баш тарткан Атамбаевдин кадамын Башкы прокуратура мыйзамсыз деп атаганы менен азырынча мамлекет бул кырдаалдан кандай жол менен чыгары белгисиз.