Абдулла - абактын "эркесиби"?
Бүгүн "Ата Мекен" партиясынын депутаттары соттолуучу Раушан Рыкунованын кайрылуусу боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагына барышты. Буга чейин Рыкунова апрель окуялары боюнча соттолгон Абдулла Юсупов абактын ичинде каалаганын жасап, ал түгүл кадр маселелерине аралашып калганын айтып чыккан болчу.