Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин ишке кирүү мөөнөтү туура эмес көрсөтүлгөн. Мунун айынан Жогорку Кеңеш мыйзамды шашылыш карады.
Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин айтуусунда, мыйзамга президент кол койсо, ал 15 күндөн кийин күчүнө кирмек. Бирок ЕАЭБдин Бажы кодекси 1-январдан тартып күчүнө кириши керек. Натыйжада мүчүлүштүктү байкап калган президенттик аппарат дароо өлкө башчы аркылуу каршы пикирин билдирген.
- Аталган жагдайларды эске алуу менен президент “бул мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кириши керек” деген редакцияда каршы пикирин берди. Ошонун негизинде мыйзам долбоорун колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Тарыхта да мындай болгон эмес
“Бир Бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров бул көрүнүштү өтө уят нерсе катары сындап, эгемен Кыргызстандын тарыхында мындай окуя болгонун эстей албаганын айтты:
- Биринчи жолу 26 жылдын ичинде бирөөнүн катасын оңдойбуз деп Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп отурабыз. Муну байкап калган президентке рахмат айтыш керек. Тилекке каршы, Бажы кызматынын төрагасы алмашып, байкабай калды. Негизи эле бул шалаакылыкты токтотуш керек.
“Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков "мыйзамга президент кол койсо, Кыргызстан эл аралык чууга кабылмак", - деди
Ушундан улам депутаттар мыйзамда ката кетирген өкмөттүн тийиштүү жетекчиси аныкталып, жоопкерчиликке тартылышын талап кылышты.
«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Исхак Масалиев, өкмөт саясий ката кетиргени үчүн премьер-министр баш болуп жоопкерчилик тартышы керек деп эсептейт.
- Өкмөт башчысынын жана анын орун басарларынын, министрлердин катачылыктарын Жогорку Кеңештинин тийиштүү комитетинин деңгээлинде талкуулап анын чечим кабыл алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө сөзсүз эле кызматтан айдоо эмес, эгер министр ката кетирсе аны орун басар да кылып койсо болот. Айтор кызмат ордунан төмөндөтсөк ката болбойт.
Өкмөткө 15 күн берилди
Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине президенттин каршы пикири Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына чейин ошол эле күнү эртең менен Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетте каралды.
Комитеттеги талкууда депутаттар өкмөткө эки жума бергенин, ал арада кимдер жазага тартыларын маалымдашы керек экенин комитеттин төрагасы Исхак Пирматов айтты:
- Биз жоопкерчилик тууралуу комитетте чечим кабыл алдык. Өкмөткө 15 күн мөөнөт бердик. Ошол мөөнөт ичинде кимдер жазага тартыларын билишибиз керек.
Анткен менен кээ бир депутаттар өкмөт кыска мөөнөт ичинде экинчи ирет олуттуу ката кетирип жатканын, буга чейин жөлөкпул жана сүйүнчү акы боюнча мыйзамды өзү сунуш кылып, кайра чакыртып алганын эске салышты.
Ушундан улам депутаттар өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги боюнча маселени Жогорку Кеңеш өзүнүн комитетинде карашы керек экенин айтышты.
Соңунда добуш берүүнүн жыйынтыгы менен “2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга карата президенттин каршы пикири менен макул болуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Ошол эле күнү президенттик аппарат маалымдагандай, түштөн кийин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бул мыйзамга кол койду.
Конституциянын 77-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары президенттин, өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат.