Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

Өкмөт жол тоскондорду айыпка жыгууну көздөөдө


Кыргызстанда нааразылык акциялары көбүнчө чоң жолдорду тосуу менен коштолот. (Сүрөттө: Бишкектеги бир нааразылык акциядан, 5-февраль, 2011.)
Кыргызстанда нааразылык акциялары көбүнчө чоң жолдорду тосуу менен коштолот. (Сүрөттө: Бишкектеги бир нааразылык акциядан, 5-февраль, 2011.)

Кыргыз өкмөтү жол буугандардын жоопкерчилигин караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке алып келди.

Анда жөнөкөй жарандарга 5 миң сомго, эми ал юридикалык тараптарга 7 миң сомго чейин айып пул салуу каралган. Бирок бул мыйзам долбоору эл өкүлдөрүнүн каршылыгын жаратты. Айрымдары аны адам укугун бузуу катары санаса, башкалары өзү митингдердин аркасы менен келген бийликтин мындай демилгесин сынга алууда.

Башкаларды да сыйлаш керек

Кыргыз өкмөтү административдик жоопкерчилик жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизип, мыйзамсыз жол буугандарга чара көрүү демилгесин көтөрдү. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун Жогорку кеңеште айтышынча, бул мыйзам долбоору коомдук тартипти жана жарандардын конституциялык укугун камсыздоого багытталган.

- Жолдорду бөгөп койгон учурларда башка айдоочулардын, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн укуктары бузулат. Анткени Баш мыйзамда ар бир адам тоскоолдуксуз ары-бери жүрүүгө укуктуу.

Курсан Асановдун билдиришинче, элдин жүрүшүнө тоскоолдук жаратып, мыйзамсыз жол буугандарга 3 миң сомдон 7 миң сомго чейин айып пул каралууда.

- Эгер депутаттар колдосо, анда жөнөкөй жарандарга 3 миң, ал эми юридикалык тараптарга 7 миң сом айып пул салынат. Ал эми жолду кайсы бир нерселерди коюп, мисалы таш же техника менен тосо турган болсо, анда жөнөкөй жарандарга 5, ал эми юридикадык тараптарга 7 миң сом айып пул каралган.

Курсан Асанов кошумчалагандай, бул демилге мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун тушунда көтөрүлүп, июнь айында аны иштеп чыгуу боюнча ИИМ жана Юстиция министрлигине тапшырма берилген.

Бирок өкмөттүн бул демилгеси Жогорку Кеңеш депутаттарынын карама-каршы пикирин жаратты.“Республика” фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова бул долбоор адам укугуна каршы келип, жарандардын эркин ой-пикирин билдирүүсүн чектээрин белгиледи.

Бийликтин жоопкерчилиги да каралсын

Ал эми Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков биринчи кеезкте элди жол тосууга мажбур кылган бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин кароо керек деп эсептейт:

- Башыбыздан кандай күндөрдү өткөрдүк. Мисалы, Бишкек шаарындагы кээ бир райондордо кышында эки-үч күндөп электр энергия берилбей, суук болду. Ошондо эл айласыздан көчөгө чыкты. Аргасыз көчөгө чыккан ошол адамдарга айып пул салышыбыз керекпи? Бул туура болбой калат. Эгер бийлик жакшы иштеп турса, ким көчөгө чыгат эле? Же болбосо, мисалы Азимбек Бекназаровду бийлик мыйзамсыз камаганда, эл чыкты “неге мыйзамсыз камайсыңар, токтоткула” деп. Же мисалы, мени камаган мезгилде ушундай болду. Ошондуктан мыйзамды сунуштаганда эки тарабын тең бирдей карашыбыз керек. Эл да ошондо туура көрөт. Бүгүн бийликке келип алып, баарын тыя беребиз деген өзү туура эмес.

Исмаил Исаков мыйзамга өзгөртүү киргизбей туруп деле, жол тоскондорду жоопкерчиликке тартуу иштеп жаткан мыйзамдарда бар экенин кошумчалады.
Ошол эле кезде митингди кайсы бир күчтөр өз мүдөөсүнө жетүү үчүн уюштургандыктан, жоопкерчиликти күчөтүү керек деген депутаттар да арбын.

Кыргызстанда ар кандай, мейли социалдык, мейли саясий же экономикалык талаптар менен өткөн митинг же массалык жыйындар болсун, айрымдары бир канча сааттап жолдорду тосуу менен коштолот.

Быйыл эле аймактардагы башка чоң жолдорду тосууну эске албаганда, өлкөнүн күрөө тамыры болгон Бишкек-Ош жолу митингге чыккандар тарабынан бир канча ирет буулган. Ал эми Кыргызстандагы жол тосуулардан экономикалык чыгым болгон-болбогону белгисиз.

XS
SM
MD
LG