Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:01

Өзгөн: интернет билген иштейт


Өзгөн районунун жетекчилиги жыл аягына чейин бүт айыл округдарын интернеттештирүү тууралуу токтом чыгарды.

Токтомго ылайык, бардык кызматкерлер милдеттүү түрдө интернетти билиши керек. Айыл округдарында иштегендер болсо жаңы ыкмага кызматкерлер даяр эместигин айтышууда.

Гүлмира Исманкулова
беш жылдан бери Куршаб айыл округундагы салык жыйноо бөлүмүндө башкы адис болуп иштейт. Анын компьютердик билими жок.

Документтерди, отчетторду кол жазма түрүндө эле даярдайт. Райондук бийлик болсо жыл аягына чейин бардык адистер компьютерди жана интернетти үйрөнүшү керектиги жөнүндө токтом кабыл алды.

Гүлмира Исманкулова мындай милдеттенмеге адистердин баары эле даяр эместигин, ал тургай компьютерлер жетишсиздигин айтууда. Анын оюнча, токтомду ишке ашыруу үчүн кызматкерлерди кайра даярдоо кажет:

- Мисалы, менде эч кандай даярдык жок. Интернетти билбейм, отчетторду ручка менен эле жазып, районго алып барып тапшырам. Айла жок, үйрөнүшүбүз керек. Эгер баарыбызды компьютер менен камсыздап, шарт түзүп беришсе, үйрөнүп кетмекпиз.

Айыл округдарын интернеттештирүү боюнча демилге ушул аптанын башында райондук администрацияда өткөн аппараттык жыйында көтөрүлгөн. Акимдин орун басары Алишер Багышовдун айтымында, интернет менен иштөө заман талабы болгондуктан жана адистердин убактыларын үнөмдөө максатында сунушталууда:

- Азыр бардык эле жерде интернет кызматынан пайдаланылып жатпайбы. Биз деле өнүгүшүбүз керек. Айыл округдагы бардык маалыматтарды компьютерге жайгаштыруу, интернет аркылуу ички байланышты түзүп, жумуш ордунда эле отчетторду тапшыруу - замандын талабы. Бул убакытка, экинчиден, жол чыгымдарын азайтууга өбөлгө болот.

Бирок айыл округдарында иштегендердин арасында интернетти эмес, компьютерди түзүк колдонгонду билбегендери бар. Мындан улам токтомду ишке ашыруудан мурда адистерди окутуу зарылдыгы келип чыгууда.

Дөң-Моюн айыл округунун башкы адиси Курманжан Ибрагимованын айтымында, жыл аягына чейин тажрыйбалуу кишилер сабак өтүшү керек:

- Эгер талап ошондой катуу боло турган болсо, тажрыйбалуу адистерди алып келип, бизге окуу-семинарларды уюштурушса жакшы болмок.

Курманжан Ибрагимова иштеген Дөң-Моюн айыл округу интернетке туташуу үчүн зарыл каражаттарды сатып алган. Бирок аны компьютерлерге азырынча адис жок. Жаштар маянанын аздыгынан элетте иштегенди каалашпайт.

Айыл округдарын интернеттештирүү боюнча акимчилик токтом чыгарганы менен аны ишке ашырууга каражат каралган эмес. Акимдин орун басары Алишер Багышов билдиргендей, жетекчилик буга айрым бир эл аралык уюм кызыкдар болуп калаар деген ойдо:

- Бул маселени эл аралык уюмдардын эсебинен чечип алсак болот. Мүмкүн болушунча ушуга аракет кылышыбыз зарыл.

Эгер айыл округдарына интернет туташып калса, ушул жаатта иштеген атайын адиске айлык акы бөлүп берүү маселеси да каралат. Азырынча андай адистин жумуш орду жок.
XS
SM
MD
LG