Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Ош: Ишкерге кол салуу иликтенүүдө


Ишкер Жеңиш Садиевге тиешелүү автосалон, ары жактагы жашыл дарбаза үйүнүн короосу. Кол салуу ошол дарбазанын ичинде болгон.
Ишкер Жеңиш Садиевге тиешелүү автосалон, ары жактагы жашыл дарбаза үйүнүн короосу. Кол салуу ошол дарбазанын ичинде болгон.

Кол салууга кабылган ишкер Жеӊиш Садиевдин Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго тууган экени окуяга саясий түс берүүдө.

Кечээ күндүзгү саат төрттөрдө Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун жээни делген ишкер Жеӊиш Садиевди өз үйүнөн атып кетишти. Ал азыр оор абалда ооруканада жатат. Жабырлануучунун бир тууганы кол салуунун себебин агасынын бизнес ишмердиги менен байланыштырууда. Жергиликтүү милиция бардык версияларды текшерүүгө киришти.


"Мырзакматовдун саясатына аралашкан эмес"


Азырынча белгисиз болуп жаткан адамдар 37 жаштагы Жеңиш Садиевди күпкүндүзү өз үйүнүн короосунда, кош ооз мылтыктан чачма ок менен атып кетишкен. Кылмышкер бизнесмендин ачык калган дарбазасынан короого кирип, 2 метр аралыктан эки жолу ок чыгарган. Чачма ок ишкердин колуна жана көкүрөгүнө тийип, ага дароо эле операция жасалды. Операция ийгиликтүү өтүп, Жеңиш Садиевдин абалы азыр орточо деп бааланууда.

Белгисиз адамдын огунан жабырланган ишкердин бир тууган иниси Толкун Садиев окуяга агасынын ишкердиги себеп болду деген пикирде:

- Окуя үйдүн короосунда болгон. Чачма деген ок менен аткан. Ок колуна, көкүрөгүнө тийген. Азыр операциядан чыкты. Абалы жакшы. Агам акыркы он жылдан бери унаа бизнеси менен алектенчү. Кол салуу ошол ишке тийешеси болушу мүмкүн деп ойлоп атабыз. Мелис Мырзакматов менен тууганчылыгыбыз бар. Бирок биз саясаттан алыс жүргөн адамдарбыз. Ошондуктан Мырзакматовго байланыштырган туура эмес деп ойлойм.

Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Дүйшөн Төрөкүлов Жеӊиш Садиев менен жакшы санаалаштардан. Ал да бул кол салуунун мурдагы мэр Мырзакматов менен байланышы жок деп эсептейт:

- Шаарыбыз өзү кичинекей. Мырзакматов экөөнүн туугандыгы бар экенин билем. Бирок бул жигит өз жолунда жүргөн. Мырзакматов менен дагы туугандык гана мамиледе болгон. Мен билгенден көп деле анын саясатына аралашкан эмес. Аны менен бир командада болгон деген сөздөр туура эмес.

Канткен менен Жеӊиш Садиев Ошто көпчүлүккө спортсмен, бизнесмен катары гана эмес мурунку мэр Мелис Мырзакматовдун тууганы катары да таанылган.


Кылмыш дүйнөсүндөгү таасир талашпы?


Бирок ИИМдин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Жеӊиш Аширбаев Жеӊиш Садиев Мелис Мырзакматовдун бир тууган жээни эмес экенин, тек гана Мырзакматовдун атасы менен анын апасы кошуна болгонун жана бир уруудан экенин ырастады. Анын айтымында, Жеӊиштин мурунку фамилиясы Осоров болгон. Ал буга чейин 75 кг. баӊги затын ташып келе жатып, Чоӊ-Алай аймагында кармалып, Ош шаардык соту тарабынан 14 жылга, кийинчерээк коркутуп акча тартып алган деген айып менен 8 жылга соттолгон. Учурда Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылында, Ош - Баткен жолунун боюна курулган үйүнүн жанына унаа базар, унаа жуучу жай жана дүкөн ачып иштетип жаткан.

ИИМдин өкүлү Жеңиш Аширбаев азырынча негизги делген үч версия иликтенип жатканын кошумчалады:

- Учурда Жеңиш Садиевге кол салуу боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмышкер кайсыл автомашина менен кеткени тууралуу бизде маалымат бар. Азыр Садиевдин жаш кезинде Батукаевдин кылмыш тобунда жүргөнү, бизнес ишмердиги жана жанданып баштаган криминалдык топтордун таасир талашуусу делген үч версия боюнча иштеп жатабыз. Окуяны Мырзакматовго басым катары кароо туура эмес. Анткени Мырзакматов менен Садиевдин туугандык байланышы жок.

Жеӊиш Садиевдин айылдаштары анын беш убак намаз окуп жүргөнүн, Жапалак айылына мечит курдуруп бергенин айтып жүрүшөт.

Интернеттеги социалдык тармактарда болсо Жеӊиш Садиевди Мелис Мырзакматовдун жакын тууганы деп жазып, ага кол салууну Мырзакматовго карата басым деп божомолдогон да ойлор айтылууда. Бирок мурдагы мэр Мелис Мырзакматов, же анын "Улуттар биримдиги" партиясы азырынча бул окуя боюнча эч кандай билдирүү тарата элек.

XS
SM
MD
LG