Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Ош: айдоочу маңзат ташыганбы?


Иллюстрация
Иллюстрация

Ошто ири өлчөмдө маңзат менен кармалган такси айдоочу Рамис Кулбараковдун иши бир жылдан бери соттон сотко өтүп, бир жаңсыл чечилбей келет.

Кулбараковдун жактоочусу болсо натыйжа көрсөтүү үчүн көрүнгөн эле кишини кылмышкерге айлантып жатат деп күч кызматкерлерин айыптады. Рамис Кулбараковдун кылмыш ишин көзөмөлдөгөн Ош облустук прокуратурасы далилдер жетиштүү экенин айтууда.

Рамис Кулбараковдун жубайы Айдана жашын тыя албай ыйлап отурду. Анын такси айдап иштеген жолдошу маңзат менен кармалып, бир жылдан бери камакта жатат.

- Рамис экөөбүз кийим тигип оокат кылчубуз. Кийинчерээк такси айдай баштады. Ошол 6-мартта да кечке жуук үйгө келип кыздары менен чогуу тамактанган. Анан сыртка чыккан бойдон келген жок. Мен таң атканча чалдым, жооп бербеди. Эртеси кошуналарым аны милициялар видеого тартып, кармап кеткенин айтышты. Милицияга издеп бардым. Аябай токмоктолгонун көрдүм. Кийимдери тытылган, бети ылай, маңдайы жарылган болчу. Көчөдө бирөөлөр менен мушташып кеткен го деп ойлогом.

Айдана күйөөсүнүн маңзат соодасына тиешеси бар экенине ишенбейт. Рамистин апасы да уулунун колунан алынган ири өлчөмдөгү маңзат милициянын атайын уюштурган амалы деп эсептейт.

- Моюнуна алдыруу үчүн баламды сабашкан. Башына желим баштык кийгизген. Ак-Буура дарыясына алып барып, үшүп кыйналып чыдабай калганга чейин сууга салып кыйнашкан. Анан жаны кейип турган балам өздөрү каалаганын жаздырышкан.

Такси менен оокат кылган Рамис Кулбараков 2017-жылдын 6-мартында өз үйүнүн жанында машинесинен баштыкты алып, аны Маккам аттуу кишиге берип жаткан учурда кармалган. Баштыктагы зат беш килограмм гашиш болуп чыккан. Бирок Рамистин жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева Рамис бул тууралуу билген эмес деди.

- Рамисти кармоого күбө болгон кишилер анын колунан баштыкты көрүшкөн. Рамис менен кошо дагы бир кишинин кармалганын да билишет. Бирок ал күбөлөр Рамистин колундагы баштык кайдан келгенин, кимге берилиши керектигин, Рамис аны эмне максат менен алып жүргөнүн билишпейт да. Мындай жол менен мен деле бир баштык маңзатты таштап коюп, милицияга чалып, көрүнгөн таксистти карматып салсам болот да. Ал эми мыйзам адам маңзатты кандай максатта алып жүргөнүн, баштыктагы заттын эмне экенин билген же билбегенин, кармалган адамдын максатын аныктап, ошого жараша жаза берүүнү талап кылат. Азыр ал талап аткарылбай жатат.

Тергөө материалы
Тергөө материалы

​Тергөөнүн маалыматы боюнча Рамис милициянын назарына илинип, бир нече күн изкубарлардын байкоосу астында жүргөн.

Рамис кармалганга чейин анын уюлдук телефонун тыңшоо үчүн соттон уруксат да алынган. Бирок Рамистин иши боюнча сотко өткөрүлгөн кагаздарга Рамистин телефондогу сүйлөшүүлөрүнүн тексти тиркелген эмес дейт жактоочу Сүйүнбаева:

- Кылмыш иштин материалдарын караган учурда Рамисти тыңшоого уруксат алынган экен. Бирок кылмыш ишинин материалдарында Рамистин телефондогу акыркы байланыштары, сүйлөшүүлөрү тиркелген эмес. Тергөөчүлөр кылмыш ишин экиге бөлүп, телефондогу сүйлөшүүлөрдү ошол экинчи ишке тиркегенбиз деген жүйөнү айтып жатышат. "Рамис менен ким байланышкан, баштыкты кимден алган, кимге бериш керек эле? Аны саттыбы? Баштыкта маңзат бар экенин билдиби?" деген суроолор жоопсуз калды. Рамис баштыкты алып чыкканда милиция кызматкерлери аны аңдып турушкан экен. Рамистин колундагы баштыкты ким алып кетээрин байкап турушкан. Эми баштыкты алып кетүү үчүн келген Маккамды кармап, бирок кайра эмне үчүн коё беришти деген суроого милиция өзү да жооп бере албай жатат.

Рамис Кулбараковдун кылмыш ишин Ош облустук прокуратурасы көзөмөлдөгөн. Прокурор Эрлан Нишанбавдин айтымында, Кулбараковду айыптоого негиздүү далилдер бар.

- Кулбараков Рамиске телефон сүйлөшүүлөрдүн стенограммасынын тиешеси жок. Ал Бек менен Маккамдын жүргөн жерин тактоо жана алардын байланышын аныктоо максатында бөлүп алынган. Рамис боюнча андан башка далил көп. Алынган далил зат жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар. Өзүнүн сабалганы боюнча эми гана айта баштады. Эгер сабалганы чын болгондо дароо арыз жазмак, кызуусунда текшерилмек.

Сабалган жигиттин жакындары милицияны айыптады

Сабалган жигиттин жакындары милицияны айыптады

Бишкекте 22 жаштагы жигит токмоктолуп ооруканага түштү. Жабырлануучу тарап аны сабагандар милиция кызматкерлери экенин айтып чыкты. Окуя тартылган видео интернетке тарап, соцтармакта отургандардын нааразылыгын жаратууда.

2017-жылдын ошол 6-мартында Рамис Кулбараков менен кошо Маккам Мирзожанов аттуу дагы бир адам кармалган. Ал мурда да маңзат менен шугулданып 2020-жылга чейин соттолуп, бирок мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган жаран болгон. Прокурор издеп жатабыз деген Мирзожанов ошондо кармалганына карабай табышмактуу жагдайда коё берилген.

- Рамистин сөзүнө караганда оперлер ал экөөнү кармап алып, “Бизге Маккам керек эле. Сен акча алып келсең коё беребиз”, - дешкен. Рамис акчасы жоктугун айткандан кийин алар Маккам менен сүйлөшүп, аны коё беришкен. Ал эми Рамисти айыпкер катары жоопко тартып жатышат, - деди жактоочу Сүйүнбаева:.

Укук коргоо тармагындагы адистердин айтымында, Маңзатка каршы күрөш мекемеси реформа деген жүйө менен бир нече жолу өзгөрүүгө учураган. Ар бир реформанын артынан жетекчилери алмашып, өздүк курамдын тажрыйбалуу кызматкерлери чилдей тараган. Аны менен кошо он жылдап топтолгон маалымат булактары да жоголгон. Ошондон улам ишенимдүү агенти жок жаш кызматкерлер натыйжа көрсөтүү үчүн айласыздан амал таап, жалган жалаага жыгып жатышат дешет.

Жогорудагы жагдайлардан улам Рамистин жакындары милиция менен Маккам Мирзожанов келишимге барып, Рамисти ак жерден камады дешүүдө.

Соттук териштирүүлөрдө Маккам Мирзожанов менен Рамис Кулбараковдун сүйлөшүүлөрүнүн стенограммасы ачык көрсөтүлбөй келет. Жактоочу болсо мындай күнөө менен көрүнгөн эле такси айдоочусун каматып жиберүүгө жол ачылып калганын эскертүүдө. Ал эми Рамистин келинчеги менен апасы айтып жаткан кыйноо тууралуу сөздөрдү текшерүү же далилдөө азыр мүмкүн эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG