Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:12

Ош: паспорт текшерүү демилгеси сынга кабылды


Кечки Ош шаары.
Кечки Ош шаары.

Ош мэриясы кулчулукка каршы 100 күндүк күрөштүн алкагында батирлерде убактылуу жашагандардын паспортун текшерүүнү баштады. Бирок укук таануучулар Ош мэриясынын ал буйругун мыйзамсыз деп баалашууда.

Ош мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова калаанын кварталдык комитеттерине жана аймактык кеңештин төрагаларына шектүү адамдардын паспортторун текшерүүнү буйруду. Бөлүм башчы муну кулчулукка каршы күрөштүн 100 күндүгүнө карата аткарыла турган иш-чаралардын бири катары айтты:

- Бул жерде эл менен иштей турган жетекчилер отурасыздар. Арабызда жүргөн шылуундар өтө көп. Бизнесим бар деп алдап коюп, аты-жыты жок иш менен жүргөндөр бар. Аймактык кеңештин төрагалары, кварталдык комитеттер, көчөңүздөрдөгү квартирага келген ар бир адамды күндө келип текшерип, эмне иш кылганын, паспортун катуу текшеришиңиздер керек.

Ош шаарында “Кулчулукка каршы 100 күн” акциясы жүрүп жатат. Акция учурунда жаштарга чет өлкөгө барып, эмгек жана сексуалдык кулчулук курмандыгы болуп калуудан сак болуу, андан сырткары өспүрүм балдардын денесин органга сатуу коркунучу да курч турганы эскертилүүдө.

Ош шаары.
Ош шаары.

Бирок Ош мэриясынын паспорт текшерүү демилгесин укук таануучулар сынга алышты. Юрист Максат Жорокулов:

- Негизи паспортту чек арада чекарачылар, өлкө ичинде тартип сакчылары, банк кызматкерлери гана текшере алат. Ал дагы негиздүү зарылдыкка жараша болот. Өлкөдө паспорттук режим жарыяланган күндө дагы элдин паспортун текшерүүгө милиция кызматкерлери гана укуктуу. Мэрия элдин паспортун текшергиле деп буйрук берүүгө да укугу жок. Мэрия кызматкерлери ал буйрукту аткарууга да укугу жок. Бул мыйзамсыз аракет.

Кулчулукка каршы акцияны шылтоолоп көрүнгөндүн паспортун текшерген өнөкөт күч алып кетеби деп чочугандар да бар. Атын жашыруун калтырууну суранган жаран паспорт текшерүү укугу эми мэрия кызматкерлерине берилсе, паспортту шылтоолоп ар кимден акча өндүргөн өнөкөт калыптанбайбы деп кооптонот:

- Менин түспөлүм кыргызга окшобой кеткендиктенби, айтор паспортумду көчөдө милиция кызматкерлери көп сурашат. Досторумдун паспортун эч ким сурабайт экен. Өз укугун билбеген өзбек тектүүлөр кантип атат деп мен бул жакта кыйналам. Эми ушундай шартта кулчулукту шылтоо кылып паспорт текшерген дагы бир орган кошулганы ашыкча болуп калат го.

Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков да паспорт текшерүүгө жүйөлүү себептин негизинде тартип сакчылары укуктуу экенин эскертти.

Милиция кызматкерлери.
Милиция кызматкерлери.

Негизи “Кулчулукка каршы 100 күндүк” акциясы Бириккен Улуттар Уюмунун Маңзат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын адам сатууга жана мигранттарды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүүгө каршы программасынын алкагында жүрүүдө. Эл аралык коргоо жана көмөктөшүү уюмунун жетекчиси Акылбек Ташбулатов:

- Кулчулуктун алдын алуу боюнча Ош шаардык мэриясында пландап койгон даяр иш-чаралары бар экен. Биз ошол иш-чараларды каржылап беребиз. Маселен, маалымат баракчаларын чыгаруу, флешмобдорду уюштуруу жана көчө баннерлерин чыгаруу жагынан жардам беребиз. Анткени алдын алуу иш-чаралары да маанилүү да.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында 5000 адам кулчулукка кабылган. Өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылса, алардын тең жарымы кыз-келиндер. Адам сатуунун курмандыгы болгон жаш балдар да жок эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG