Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Оштогу сотто айыпталуучулар муш жеди


Архивден: Коогалаңга байланышкан сот ишинен бир көрүнүш.
Архивден: Коогалаңга байланышкан сот ишинен бир көрүнүш.

Ошто адвокат Татьяна Томина коогалаңга байланышкан сотто доогерлер анын өзүн улуттук мүнөздө басмырлап, эки айыпталуучуну ур-тепкиге алганын арызданды.

2-февралда Ош шаардык сотунда болгон окуя тууралуу Татьяна Томина президентке, өкмөткө, Башкы прокуратурага жана бир топ эл аралык уюмдарга арыз жазган. Адвокаттын билдиришинче, сот процессинде улуттук маанайдагы басмырлоолор айыпталуучуларга гана эмес, ага карата да болгон экен:

- Жабырлануучунун адвокаты жана күбөлөрү келбей калганына байланыштуу сотту кийинкиге жылдырышты. Ошол мезгилде эле жабырлануучу тараптагылар ызы-чуу салып, айыпталуучуларга асыла кетишти. Болушканга аракет жасаганыма карабай, тордун ичинен эле аларды сабап салышты. Мага "болушпа" деп, улуттук маанайдагы басмырлаган сөздөр менен сөгүштү.

Татьяна Томина июнь коогалаңында 2 кишини өлтүрдү деп айыпталгандардын бири Хасанбай Мирзакаримовдун жактоочусу. Мирзакаримов менен кошо дагы бир соттолуучу бар:

- Сотто 2 эле кайтаруучу болгондуктан, айыпталуучуларды коргой алышкан жок. Башка жардам чакырайын деп чыксам, прокурор Марат Ботояров күлүп туруптур. "Келип жардамдаш, токтотуп калалы" десем болбой койду. Жабырлануучунун адвокатына айтсам, ал болсо кайра мага "сен не кыласың, дагы уруп-сабап алышсын" деп койду. Бул кылганы туура эмес да.

Томина жабырлануучулар анын бир нече документтерин да айрып салышканын кошумчалады.

Сот ишинде прокурорлук кылган Марат Ботояров "Азаттыкка" маек куруудан баш тартты:

- Мен бул нерсе жөнүндө сүйлөй албайм. Эч нерсени билбейм дагы. Билбесем билбейм дейм да.

Жабырлануучу тараптын актоочусу Аваз Мирзаев окуяны башкача мүнөздөйт:

- Бул жерде оюн болуп жаткан жок, 2 адамдын өлүмү боюнча сот өтүп жатат. Бирок ошого карабай адвокат Томина телефондон узакка чейин сүйлөшүп туруп алды. Анан жабырлануучулар кыжыры келип, "сен бизди тоотпой атасыңбы, бул жерде биздин кайгыбыз болуп атса" деп кыйкырып жиберишти. Алар бир эле адвокатка эмес, прокурорго, сотко карата "сотту тынбай эле созуп жүрө бересиңерби? Же ары, же бери кылбайсыңарбы" деп нааразылыктарын билдирип жатышкан. Анан Татьяна Томинага карата улуттук маанайда эч кандай сөз болгон жок.

Адвокат Татьяна Томинанын арызы боюнча иликтөө иштеринин башталган-башталбаганы тууралуу Ош шаардык прокуратурасынан маалымат алууга мүмкүн болбоду. Бирок адистер бул иштердин жыйынтыктары чыгып, кимдир бирөө жазага тартылаарынан шектенишүүдө. Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова:

- Башкы прокуратуранын бир топ иштеринен кийин, президент Атамбаевдин "сот жараяндарында мыйзамдуулук болот" деген убадаларынан кийин абал тынчып, кырдаал жөнгө салынып калгандай болду эле. Бирок адвокат Татьяна Томинаны кысымга алып, басмырлоолор болгондон кийин абал баары бир оор экени көрүнүп калды. Өкүнүчтүүсү ушундай жолго барган адамдар өз жазаларын албай жатат. Өзгөчө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун прокуратуралары бул жаатта такыр эле иштебей атышат. Бул өтө коркунучтуу нерсе.

Адвокат Татьяна Томина буга чейин да сот процесстеринде жана тергөө убактарында бир нече жолу уруп-сабоолорго жана коркутууларга кабылган. Ал бир жарым жылдан бери негизинен 2010-жылкы июнь окуясына байланышкан кылмыш иштеринин үстүнөн иш алып барууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG