Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Соодагерлерди нааразы кылган сот чечими


"Кара-Суу" базары
"Кара-Суу" базары

Оштогу "Кара-Суу" базарынын сатуучулары облустук соттун төрагасы Абдрасул Шамшиевди кызматтан алуу талабы менен 22-июнда митингге чыгышты. Алар соттун төрагасын кылмышкерлер менен кызматташат, пара алат деп айыпташууда.

Ош облустук сотунун төрагасына каршы чыгууга кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Өмүрбек Эркинбаевдин үй камагына чыгып кетиши себеп болгон. Эркинбаев өз кезинде “Кара-Суу” базарындагы 147 контейнердин ээсин коркутуп, 700 доллардан 1,5 миң долларга чейин акчаларын алып, качып кеткен деп айыпталган.

- Өмүрбек Эркинбаев элди коркутуу-үркүтүү менен акча алып келген. Кийин качып кетип, Бишкектен кармалган. Ош шаардык соту аны бир айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок иш облустук сотко жеткенде ал он күн ичинде үй камагына чыгып кеткен. Соттун чечимине Эркинбаевдин азабын тарткан ушунча элдин үнү да таасир эткен эмес, - деди нааразы болгондордун бири Анарбай Эргешов.

Нааразы болгондорго катар эле Ош облустук прокуратурасынын кызматкерлери да соттордун айрым чечимдери кылмышкерди издеп тапканга, анын ишин тергөөгө кеткен түйшүктү актабай жатканын айтышууда. Алар буга чейин издөөдө жүргөн жеринен табылып, сотко өткөрүлүп берилген Өмүрбек Эркинбаевдин үй камагына чыгып кетишин мисалга тартышууда.

- Бүгүнкү күндө Эркинбаевдин кайда экени аныктала элек. ИИБ кызматкерлери анын үй камагына чыгарылып жатканда көрсөтүлгөн дарегине издеп барган учурда жок болуп чыккан. Тергөө органдарынын өтүнүчүнүн негизинде аны камакка алуу боюнча сыртынан чечим чыгарылып, кайрадан издөө жарыяланды, - деди Ош облустук прокурасынын жетекчиси Айбек Турганбаев.

Ошто облустук сот төрагасына каршы акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

Акция катышуучуларынын айтымында, облустук соттун төрагасы Абдрасул Шамшиев облустук прокуратура тарабынан Жогорку Сотко жиберилген көзөмөл сунушту катып салган. Андан сырткары Жогорку Сот тарабынан облустук соттун төрагасы Шамшиевге чара көрүү боюнча Сотторду тандоо кеңешине үч ирет жиберилген аныктамадан да натыйжа чыккан эмес. Муну айткан Анарбай Эргешов Шамшиевдин соттоо иштөөгө акысы жок деген пикирде:

- Кылмышкерди облустук сот өзү жашырып аткандан кийин эл түңүлөт тура. Бийликке ишенбей калат экенсиң. Ошондуктан урматтуу президент мен адилеттүүлүк жолу менен Шамшиевди иштен четтетүүнү сизден суранат элем. Бул жерде элди эмес, кылмышкерлерди ойлогон адамдар отурат экен. Баш кесер криминалдарды соттор колдоп турса, эл кайда барып арыз-муңун айтат?

Шамшиев нааразы тараптын дооматтарына карата пикирин журналисттерге билдирүүдөн баш тартып, сот имаратына кулпу салдыруу менен чектелди.

Түштүк аймактык Уюшкан кылмыштуулук менен күрөш башкармалыгынын маалыматына караганда, Өмүрбек Эркинбаев буга чейин адам өлтүрүү беренеси менен камалып чыккан. Ал азыр дагы уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү катары издөөдө жүрөт. Облустук соттун төрагасы Абдрасул Шамшиевге каршы нааразылыктын чыгышына себепчи болгон Өмүрбек Эркинбаев маркум Баяман Эркинбаевдин аталаш тууганы болот.

XS
SM
MD
LG