Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:47

Кара-Суу: шайлоодо курал колдонгондор камалды


Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү, 18-август, 2013-жыл
Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү, 18-август, 2013-жыл

Шаардык кеңешке шайлоодогу чатак боюнча кылмыш иш козголуп, бычак колдонгон жана ок чыгарган эки адам камакка алынды.

Милиция окуяга тиешеси барларды аныктап, кармоону улантууда. Ал арада добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылар Ош шаарында 20-августта митинг өткөрүүгө камынууда.

Адистер Кыргызстандагы ири базарлардын бир жайгашкан бул райондо кылмыш топтор, дин, чек ара, улут аралык мамиле маселелери чырмалышып кеткенин белгилешет.

Кара-Суу райондук милициясы 18-августта добуш берүү учурундагы окуяга байланыштуу “адам өлтүрүүгө аракет жасоо” деген берене боюнча кылмыш ишин козгоду. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ок чыгарды деп Өзгөн шаарынын тургуну Эрмек Коноков, ал эми бычак сайды деп Ош шаарынын тургуну Нурмухамед Карагулов шектелүүдө:

Чыр чыккан №5266 шайлоо участогу
Чыр чыккан №5266 шайлоо участогу
- Урушкандардын экөө жабырлануучу болуп турат. Кылмышка шектелгендердин бирөө камакта, бирөө Жалал-Абаддагы ооруканада. Мушташка элүүгө жакын бала катышкан. Бүгүнкү күндө калгандарын кармоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, 18-августта Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоодо Социал-демократтар партиясы менен “Өнүгүү” партиясынын өкүлдөрү ортосунда чатак чыгып, бир адам ок жеп, дагы бир адамга бычак сайылган. Ок жеген адамга операция жасалды.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыктагы” маегинде чатакка айыптуулар табылып, жоопко тартылышы керектигин билдирди. Аталган партиянын жергиликтүү кеңештерге шайлоого тизмесинде кылмыштуу топторго аралашкан адамдар кирип калганы аныкталса жаза көрүлөрүн эскертти:

-Укук коргоо органдары күнөөлүү адамдарды ким экенине, кайсы партияга тиешеси бар экенине карабай сөзсүз жоопко тартыш керек. Бул биздин позициябыз. Эгерде биздин партиялаш тарабынан күнөө кеткен болсо тартипке чакыра турган чараларды колдонобуз. Биз кылмыштуу элементтерди айрыкча Жогорку Кеңешке шайлоодо тизме түзүп жатканда принципиалдуу түрдө жолоткон эмеспиз. Бардык жерге ушундай тапшырма берилген. Эгер Кара-Суу шаарында андай көрүнүштөр бар болсо, сөзсүз түрдө тыянак чыгарылат.

​Ал арада “Кыргыз-Ата” партиясы жергиликтүү бийликти кылмыштуу топтор менен коюн-колтук алышып, шайлоо жыйынтыгынын бурмалады деп айыптап чыкты. Аталган партиянын лидерлеринин бири Төлөгөн Келдибаев 20-августта Ош шаарында нааразылык акция өтөөрүн билдирди:

- Биз шайлоо жыйынтыгын жараксыз деп тааныйбыз. Бандиттер аралашкан партияларды Ош шаарына, Ош облусуна киргизбөө тууралуу маселе коёбуз. Ошондой эле укук коргоо тармагындагы райондун жетекчилерин кызматтан алуу маселесин көтөрөбүз.

Коопсуздук маселелери боюнча эксперт Талант Разаков Кара-Суу районуна өзгөчө көнүл буруу керек деген ойдо. Анын баамында, аймакта уюшма кылмыштуулук, диний терроризм жана экстремизм, улут аралык мамиле өңдүү маселелер чырмалышкан:

- Райондо эл аралык маанидеги базар бар да. Базар тегерегинде кылмыштуу топтордун жүрүшүн эске алып коюш керек. Ар кандай деструктивдүү элементтер да ошол базардын тегерегинде жүрөт. Кыргызстанда "Хизб-ут-Тахрир" уюму алгач ушул Кара-Суу районунда уюшулган. Вахабизм агымынын өкүлдөрү да жашайт. Биринчи жолу террорчул уюмдардын өкүлдөрү ушул Кара-Суу районунун аймагында атып жок кылынган. Ошол окуя болгон 2007-жылга чейин террорчу деп шектелгендерди колго түшүрүп, суракка алып анан жоопко тартылчу. Террорчулар өздөрү биринчи ок чыгарып, кол салганда күч органдары да ок чыгарып, бардыгы окко учкан.

Кара-Суу базары, 10-октябрь, 2013-жыл
Кара-Суу базары, 10-октябрь, 2013-жыл
Кыргызстандагы эң чоң район Кара-Сууда расмий маалымат боюнча 372 миңден ашуун адам жашайт, 16 айыл өкмөт жана бир шаар бар.

Былтыркы шаардык кеңешке шайлоодо Социал-демократтар партиясы 21 орун менен көпчүлүктү түзгөн болчу. Бирок шаар башчысын шайлоодо талаш-тартыш чыгып, мындан бир ай мурун президенттин жардыгы менен таркатылган. Бул ирээт 31 орун үчүн шайлоого 7 партиядан 325 адам ат салышты.

XS
SM
MD
LG