Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

Криминалдан арылбаган Ош


Түнкү Ош.
Түнкү Ош.

Оштогу соңку атышуу бийликтин кримдүйнөгө каршы убадасын эске салды.

Кара-Сууга караштуу Фуркат айылында Араван райондук милициясынын мурдагы кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулуна ок тийди.

Бул окуядан кийин кылмышка шектүү катары эки адам кармалганы, бири Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы, кикбокс боюнча спорттун чебери Кылыч Саркарбаев экени айтылууда.

22-сентябрь күнү таңга маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгон. Анда эрежесиз мушташтын чебери Төлөгөн Рахманберди уулу жараат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн.

Оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Маматалиевдин «Азаттык» радиосуна ырастаганы боюнча Рахманберди уулунун жоон санына ок тийген.

«22-сентябрда эртең менен саат 8:30 чамасында Рахманберди уулу Төлөгөн аттуу жаранды оор абалда алып келишкен. Ок оң бутунун жоон санына тийип, сөөктү талкалап кеткен экен. Келери менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бүгүн жөнөкөй палатага которулду. Азыр абалы туруктуу», - деди ал.

Учурда Рахманберди уулун аны менен кошо машыгып жүргөн Кылыч Саркарбаев атканы айтылууда. Саркарбаев - эрежесиз мушташтын чебери, бир нече эл аралык мелдештин жеңүүчүсү. Соңку кезде Ош шаардык спорт комитетин башкарып жаткан. Анын өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Ош облустук милициясы атышуу боюнча эки жаран кармалганын ырастады. Бирок алардын арасында Кылыч Саркарбаев бар же жок экенин тактай элек.

«22-сентябрда таңкы саат 6:30 чамасында Кара-Суу районунун Фуркат айылында, Ош-Бишкек жолунун боюнда атышуу болгон. Милициянын ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, Ош шаарынын 1987-жылы туулган К.С. аттуу тургуну өз ара пикир келишпестиктен улам 1990-жылы Алай районунда туулган Р.Т аттуу жаранды тапанча менен атканы аныкталган. Бул окуя боюнча тийиштүү экспертиза дайындалды. Учурда «Денеге зыян келтирүү» беренесинин негизинде милиция сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Бирок иш ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын тергөөсүнө өткөрүлүп берилди», - деген маалымат беришти милиция өкүлдөрү.

Ошто эрежесиз уруштун чеберлери атышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00

Окуя боюнча кармалып, азыр сурак берип жаткан эки жаран жабырлануучу Төлөгөн Рахманбери уулун ооруканага алып келгендер экенин милициядагы өздүк булактар билдиришти. Алар учурда Кылыч Саркарбаевдин ордуна анын колунда машыгып жүргөн Бекболот Абдылда уулу кылмышты мойнуна алып жатканын кабарлашты.

Ушул жерден Бекболот Абдылда уулунун таржымалына кайрыла кетели. Ал эрежесиз мушташ боюнча бир нече эл аралык мелдештердин чемпиону.

Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр (Женго) Досоновдун кылмыштуу тобунун таанымал мүчөсү болуу менен бирге 2018-жылы 20-июнда Канжар Кадыралиевге караштуу саунанын сакчыларын сабаганы үчүн кармалган.

Ош шаардык соту аларды үй камагына чыгарып жибергенден кийин 2018-жылдын 30-июлунда кыз зордуктаганы үчүн кармалып, бир айга убактылуу камакка алынган. Бекболот Абдылда уулу ошол кылмышы үчүн жоопкерчиликтен кантип кутулганы белгисиз.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров спорт комитетинин төрагасынын атышууга катышканы аныкталса, ага чара көрүлө турганын билдирди:

Азамат Абсаттаров.
Азамат Абсаттаров.

«Фуркаттагы атышуу тууралуу маалыматтарды социалдык тармактардан жана маалымат булактарынан окудук. Ал маалыматтан кийин шаар мэри тиешелүү кызматтардын жетекчилерин кабыл алды. Жыйында мэрге окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берилди. Шаар башчы атышууга Кылыч Саркарбаевдин катышканы аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди».

Кыргызстанда ММА - калк арасында «эрежесиз эр уруш» деген атка конгон мушташтын аралаш түрлөрү өтө популярдуу экени маалым. Бирок спорттун бул түрүнө кооптонуу менен карап, сынга алгандар да жок эмес. Мындай уюмдарды саясатчылар өздөрү каржылап, спортчулар керек учурда курал катары колдонулары буга чейин да айтылып келген.

Ошто болгон соңку окуя спорт клубдарына байланыштуу талкууну күчөттү. Ош шаарынын тургуну Мирбек Маткасымов мамлекет жаштарды спорттун олимпиадалык түрүнө кызыктырбаса, мушташтын түбү жакшылыкка алып барбай турганын белгиледи:

«Оштогу спортчулардын атышканынан тыянак чыгарбасак болбойт. Тез арада спорттун олимпиадалык түрлөрүнө көңүл буруп, өнүктүрүшүбүз керек. Эр уруш - бул коммерциялык спорт. Анын мамлекетке тарбиялык жактан да, экономикалык жактан да пайдасы жок. Мамлекеттин туусун эл аралык турнирлерде желбиретпейт. Булар кайсы бир саясатчыларга эле курал болчу клубдар да. Мындан бир жыл мурда «Азаттык» «Бандиттер байырлаган Ош» деген иликтөө даярдаган. Андан бийлик эч кандай тыянак чыгарбаганын кечээки окуя көрсөттү».

Ушу тапта октон жабыркап ооруканада жаткан Төлөгөн Рахманберди уулу буга чейин Ош бажысынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов менен бирге мурдагы министр Молдомуса Конгантиевдин баласын сабаганы маалымат каражаттарында жарыяланган.

Төлөгөн Рахманберди уулу өзүн атканы айтылып жаткан Кылыч Саркарбаев менен жакын мамиледе болуп келген.

Кылыч Саркарбаев да, азыр ок жеп ооруканада жаткан Төлөгөн Рахманберди уулу да Мамлекеттик бажы кызматында иштеп кеткен, эл арасында «Раим миллион» деген каймана аты бар Райымбек Матраимовго караштуу ЕРЕМ спорт клубунда машыгып жүрүшкөн.

«Азаттыктын» архиви: Бандиттер байырлаган Ош. 12-сентябь, 2018-жыл.

Бандиттер байырлаган Ош
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:54 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG