Апрель окуясына чейин "Спецэнергострой” 2005-жылдан бери “Чакан ГЭС” ишканасынын 40 пайызына ээлик кылган, бир катар майда ГЭСтерди иштетип келген, 2009-жылы “Түндүкэлектр” сыяктуу чоң ишкананы сатып алуу боюнча аукционго катышкан жана ири суммадагы тендерди утуп жүргөн.
Бул фирманын ошол кездеги директору Асел Пирматова болгон. Пирматова азыр Бишкек шаардык кеңештин вице-спикери, “Республика” фракциясынын депутаты жана Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовдун бир тууган эжеси.
Айрым байкоочулар “Спецэнергостройго” тиешеси бар делген адамдар азыр таасирлүү кызматтарда отургандыктан жана жогорку жакта байланышы болгондуктан укук коргоо органдары бул ишке атайлап көз жуумп, эч ким жоопко тартылбай жатканын айтышат.
“Кумга сиңген” миллиондор
“Ошэлектр” ачык акционердик коому Ош шаарына подстанция куруу үчүн 2009-жылы тендер жарыялаган. Жалпы баасы 23 миллион сомдук тендерди “Спецэнергострой” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. Келишим боюнча, алдын ала төлөнүүчү 9 миллион сомдун 2 миллион 50 миң сомун алган.
“Ошэлектрдин” маалымат катчысы Талгат Алихановдун билдиришинче, келишимге, документтердин баарына ошол кездеги директору Асел Пирматова кол коюп келген:
- Бул ишкана 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин жок болуп кетти. Ошол кезде “Спецэнергостройду” Асел Пирматова жетектеп турган. Биз ага да кат жазганбыз. Ал Бишкек шаардык кеңештин депутаты болгондуктан ал жакка да кат жазганбыз. Алар дагы ишке кийлигишүүдөн баш тарткан.
“Ошэлектр” акчаны өндүрүп берүүнү өтүнүп, 2012-жылдан бери Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Башкы прокуратурага, облустук прокуратурага, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына, вице-премьер-министрлерге бир канча жолу кайрылган.
Ишкананын юридикалык кызматынын жетекчиси Мирбек Исмаилов укук коргоо органдары “өзүңөр чечишип алгыла” дегендей жүйө менен ал фирманын изине түшүп издебей, эч ким жоопко тартылбай жатканын айтып берди:
- Сотко кайрылганда “Спецэнергострой” ишканасынын өкүлдөрү келбей, акчаны биз тарапка өндүрүлсүн деп чечим чыгарып берген. Тилекке каршы, ишкананын кандайдыр бир мүлктөрү жок болуп чыккандыктан жана жооптуу адамдары табылбагандыктан Бишкек шаардык прокуратурасы бул ишти токтотуп койгон. Башкача айтканда, иш жыйынтыксыз, бүтпөй калган. Ошондон бери бир канча жолу укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Ал жактан ишти козгоодон баш тартуу тууралуу жоопторду алганбыз. Негиздемелерде “Ошэлектр” менен “Спецэнергострой” келишим түзгөн, ошондуктан бул иш жарандык тартипте каралашы керек деген себеп менен булар биздин бир канча кайрылуубузду канааттандырбай кайра кайтарышкан.
Мирбек Исамаилов бул факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иш козголушу керек деп эсептейт:
- Келишим болгон учурда да бир тарап экинчи тараптын ишенимине акча каражаттарын, же мүлктөрүн алып жоголуп кеткен учурда сөзсүз кылмыш иши козголушу керек эле. “Спецэнегострой” ишканасынын аракеттери тамгасына чейин Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөн “алдамчылык” беренесине туура келет деп эсептейбиз. Бирок, тилекке каршы, азыркы күнгө чейин ишти кылмыш жаза тартибинде карата албай келатабыз.
“Пирматова жебеген самсыга акча төлөбөйт”
Биз бул маселе боюнча Асел Пирматовага кайрылдык. Бирок ал кеп-сөзгө келбей кагып-силкип комментарий берүүдөн баш тартты:
- Мен “Спецэнергострой” менен 2010-жылдан бери иштебейм. Эмне үчүн мага чалып жатасыңар? Ал жакта башка директор. Ошого чалгыла, макулбу? Мен азыр директору ким экенин билбейм. Мен аларды 2010-жылдан бери билбейм. Мен документтерге “Спецэнергостройдун” атынан директор катары кол койгом. Калганын баарын Юстиция министрлигине кайрылып тактап алгыла. Мага “Спецэнергострой” боюнча чалбагыла.
Бир аз убактан кийин өзүн Асел Пирматованын бир тууган иниси болом деп тааныштырган Руслан аттуу адам чалып, эжеси кыргызча жакшы сүйлөй албагандыктан “Спецэнергостройго” байланыштуу суроолорго ал жооп берерин айтты. Ал “Ошэлектр” ишканасы Асел Пирматованы каралап жатат деп айыптады жана бул ишти саясий себептер менен байланыштырды:
- Ал жерде Асел аткаруучу, жалданма менеджер катары 2008-2010-жылдары иштеген. Көптөгөн иштерди ийгиликтүү аткарып жүрүшкөн. 2010-жылы белгилүү себептерден улам ал ишкананы түптөгөн адамдар дыркырап качып кеткенби, же кандай болгон, айтор ал ишин токтоткон. Анан Аселдин башына аябагандай чоң проблема түшкөн. Ар кандай тергөөлөр, иликтөөлөр болгон. Асел ишин негиздөөчүлөргө ошол замат эле өткөрүп берген. Андан кийинки директорлор иштеп жатпайбы. Ал ишкана менин билишимче жабылган эмес, анын толгон-токой карызы турса кантип жабылат?Ошондуктан эгер дооматым болуп сотко бере турган болсом, анын директорун эмес, юридикалык жактын, фирманын өзүн сотко берем да. Ал фирмада бүгүн Эшпай директор болсо, эртең Ташбай, бүрсүгүнү дагы башкасы болушу мүмкүн да.
Биз Русландан Асел Пирматованын “Спецэнергостройго” кантип, ким аркылуу келип калганын тактадык. Анын айтымында, бул фирманы негиздөөчүлөрүнүн бири Рустам Юнусов аттуу адам ишке чакырган:
- Асел “Кыргызэнерго” ишканасында кызматкер болуп иштеген. Алар “Кыргызэнергого” келген, караштырган. Жакшы кызматкерди жакшы айлык төлөп беребиз деп бүйүрүн кызытып алып кетишкен. Кантип таанышымак эле? Паркка алып барганбы, же киного алып барганбы, мен эми аки-чүкүсүн билбейм. Ошол Асел болгон маалда эч кандай Равшан Муслимов болгон эмес. “Ампер Груп” жана “Эмгек” деген фирмалар болгон экен. Аселден кийин Дадабаев деген жигит директор болгон экен. Ал жигитти көргөн да эмес экен. Беш жылдан бери Аселдин барбаган жери калган жок. Ал акчаны төлөп деле коймок. Эми болбогон эле акча экен. Бирок жебеген самсага төлөмөк беле? Ал акчаны чөнтөгүнө салып кеткен эмес, атайын эсепке которулган. Аселге жабышты да калышты. Биз бул жерде Аселдин саясий оппоненттери кандайдыр бир кызыкчылыктарды көздөп жатканын түшүнүп жатабыз.
Укук коргоо органдары эмнеге унчукпайт?
“Спецэнергостройдун” айланасындагы жагдайды сурап, Башкы прокуратурага, Экономикалык кылмыштарды иликтөө боюнча мамлекеттик кызматка кайрылдык. Бардык органдар тең, расмий кат жазыш керек, жообу кийинчерээк болот деген шылтоо менен комментарий берүүдөн баш тартышты. Ошондуктан эмнеге кылмыш иш козголбой жатат, фирманын атынан бардык документке кол коюп, кат жазып келген Асел Пирматованын жоопкерчилиги каралышы керекпи же жокпу деген сурообуз жоопсуз калды.
Эми ушул жерден “Спецэнергострой” тууралуу кеңири айта кетели. Юстиция министрлигинин сайтында бул ишкананын 2007-жылы май айында кайра каттоодон өткөн деген маалымат турат. Фирма өзү качан түзүлгөн, башында кимдер негиздегенин сурап, Юстиция министрлигине кайрылдык.
Министрликтин өкүлү Акжол Калбеков “Спецэнергостройго” козголгон кылмыш иштин негизинде 2011-жылдын башында соттун чечими менен ошол кездеги Каржы полициясы алып кеткенин маалымдады:
- Бардык архивдик документтерди 2011-жылдын 21-февралында Каржы полициясы соттун чечими менен алып кеткен. Бизде эч кандай маалымат калган эмес. 2013-жылы биз мыйзамга өзгөртүү киргизип, документтерди бербей алып калганбыз. Негизи алар документти кайра кайтарышы керек эле. Кылмыш иш тергелип бүтө элек болушу керек же сотко өтүп кеткендир. Кылмыш иш козголгондуктан бизден документтерди алып кеткен.
“Азаттыктын” колундагы документ боюнча “Спецэнергостройго” бул кылмыш иш “Кыргызкредит банктан” ири өлчөмдөгү акчаны кымырып алды деген дооматы боюнча козголгон. Каржы полициясы аталган фирма 2008-жылы күзүндө “Кыргызкредит банктын” имаратын оңдоп берүү тууралуу келишимге кол койгонун, бирок аталган банктан сырткары “Азия универсал банктын” өкүлдөрү менен да жең ичинен сүйлөшүп алып 9 миллион сомдук курулуш материалдарын кымырып кеткен деп айыптаган. Бул кылмыш иштин сотко жетип-жетпегени белгисиз. Ишти тергеп жаткан Каржы полициясы 2012-жылы жоюлуп, анын ордуна Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызмат болуп түзүлгөн эле. Бул кызматтан мурунку кылмыш иштер эмне болгонун билбей турганын айтышты.
“Спецэнергострой” кимдики?
Эми “Спецэнергострой” ишканасын негиздегендер тууралуу айта кетели.
Юстиция министрлигинин сайтындагы 2007-жылы кайра каттоодон өткөндөгү маалымат боюнча, башкы негиздөөчүсү деп Муслимов Равшан Аннасович аттуу адам жана Empire Group жоопкерчилиги чектелген коом менен “Эмгек” жабык акционердик коому көрсөтүлгөн. Ал эми негиздегендердин катарынын чыкты деген жерге Адыл Карабаев Бектурсунович, Рустам Каримов Анатольевич жана Эрмек Жүндүбаев Кемелбекович деп жазылган.
Башкы негиздөөчүсү Равшан Муслимов жана негиздегендердин катарынан чыкты деген Адыл Карабаев менен Рустам Каримов тууралуу бир ооз маалымат таба алган жокпуз. Ал эми үчүнчү адам - Эрмек Жүндүбаев 2012-жылды жазында “Түндүкэлектр” ишканасынын Тармактарды өнүктүрүү жана сатып алуу башкы башкармалыгынын жетектеп турганда пара алып жаткан жеринен кармалганы маалымдалган.
Ички иштер министрлиги “Түндүкэлектр” 28 миллион сомдук подстанцияны тендер өткөрбөй туруп мыйзамсыз курулганын аныкталганы, бул ишти жабуу үчүн Жүндүбаев 15 миң доллар пара берип жатканда кармалганын билдирген.
Биздин Жүндүбаев менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. “Түндүкэлектр” ишканасынын Директорлор кеңешинин мурунку мүчөсү Сапар Аргынбаевдин айтымында, ал кийин келип кайра кызмат ордуна келүүгө аракет кылган:
- Ал тергөөнүн баарын жаап келип, менин өзүмдүн ордумду бергиле деп талашкан. Бирок болбой аны кетиришкен, болуша турган кишиси жок, айласыз кеткен. Ал союздун тушунда энергетика тармагын жетектеген Түлөбердиевдин бир тууган жээни болот.
“Спецэнергострой” фирмасын негиздөөчүлөрү деген Empire Group жоопкерчилиги чектелген коом менен “Эмгек” жабык акционердик коомуна токтололу.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Empire Group 2007-жылы март айында каттоодон өткөн. Ээси Рустам Юнусбаев Кундусович экени жазылган.
Юнусбаев 2008-жылы Бишкек шаардык кеңештеги шайлоого катышкан. Талапкерлер тууралуу маалымат бергенде 2006-жылы апрель айында түзүлгөн “Три восьмерки” деген жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору экенин көрсөткөн жана Empire Group менен “Спецэнергострой” тууралуу сөз кылган эмес.
Эң кызыгы, Юнусбаев 2008-жылы “Спецэнергостройго” директор кылып кызматка алды деген Асел Пирматова экөө ошол эле жылы Бишкек шаардык кеңешке Жибек Жолу округунан депутат болгон. Анда Асел Пирматова өзү тууралуу маалымат бергенде “Спецэнергостройдун” директору экенин көрсөткөн.
Рустам Юнусбаев азыр каякта экени белгисиз. Бирок анын Empire Group фирмасы 2010-жылы апрель окуясынын кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн улутташтыруу боюнча декреттерине каршы соттошуп жүргөнү, үч арыз бергени белгилүү.
“Эмгек” жабык акционердик коому расмий маалымат боюнча, 2007-жылдын башында түзүлгөн жана ээси Марат Ахматов Торалыевич болот. Бул ишкана дан азыктарын, урук өндүрүү боюнча алектенерин көрсөткөн.
Марат Ахматов 2012-жылы күзүндө “Чакан ГЭС” ишканасынын башкы директору болгондо камакка алынган. Ага Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы 2010-жылы “Чакан ГЭСтин” акционери жана “Эмгек” фирмасынын жетекчиси болуп турган учурдагы аракетине байланыштуу кылмыш иши козголгон. Кылмыштуу айла-амал менен баш-аягы “Чакан ГЭСтен” баш-аягы 65 миллион сомду накталай алып кеткенин, болгондо да муну 2010-жылы коогалуу маалда ишке ашырганга үлгүргөнү маалымдалган.
Андан сырткары Марат Ахматов Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы болгону, анын атынан “Эмгек” жана “Кыргыз темир” ишканаларын жетектеп жүргөнү, кылмыштуу жол менен “Кыргыз темирден” миллиондогон сомду кымырып алганы тууралуу маалымат чыккан.
Айтор ушундай татаалдашкан, бир канча адам аралашкан “Спецэнергострой” боюнча иш бир жаңсыл болорунан күмөн санагандар бар. “Түндүкэлектр” ишканасынын Директорлор кеңешинин мурунку мүчөсү Сапар Аргынбаевдин баамында, ага тиешеси бар делген адамдар азыр таасирлүү кызматтарда отургандыктан жана жогорку жакта байланышы болгондуктан укук коргоо органдары бул ишке атайлап көз жуумп, эч ким жоопко тартылбай жатат:
- Документте кимдин колу турса, ошолорду желкесинен сүйрөсө болот да. Булардын тааныш-билиши, акчасы көп. Акчасы көп болгону үчүн депутат болуп отурушат, ошон үчүн көөп атышат. Ошон үчүн качып кетишкен жок. Энергетика тармагынан азыр деле ошол мурдагылар башка фирмаларды ачып алып акчаны кагып отурушат. Бул Ширшовдон калган схемалар. Курулуш иштерин жасамыш, эсептегичтерди коюмуш, тармакты оңдомуш болуп, бир сомдук иш жасаса, он сомду жазып коюп жүрүшкөн да. Бүгүнкү күндө булар бийликте отурбайбы. Азыркы бийлик ушундай иштердин ачылышына кызыкдар эмес, саясий эрки жок. Керек учурда 50 миң сом жоголсо издешет, керек эмес учурда минтип миллиондогон сом жоголсо издебейт.
Ушул тушта “Ошэлектр” “Спецэнергостройдон” акчасын өндүрүп берүүнү өтүнүп, аргасы кеткенде президентке кайрылып жатат.