Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:25
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.

Бишкекте оппозициянын митинги аяктады

Улуттук оппозициялык кыймылдын тынчтык митингдери Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта өттү. Мындан тышкары Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларында да эл чогулду.

Бүгүн оппозиция тынчтык митинги өтөөрүн бир апта мурун жарыялаган.
12:59 10.4.2014
Оппозиция өз өкүлдөрүн президентке жөнөтмөй болууда

Бишкекте өтүп жаткан оппозициялык митингдин УОК теңтөрагасы Равшан Жээнбеков баштаган 5-6 өкүлү президент менен сүйлөшүүгө жөнөтүлөт. Мындай чечим митингде кабыл алынды. - Биз бийликтин алдынан өтүп коёлу. Чындык биз тарапта. Эгер биздин өкүлдөрдү кабыл албай, талаптарыбызды аткарбай турган болсо, анда түштөн кийин ушул жерде чечим кабыл алабыз, - деди УОКтун мүчөсү Азимбек Бекназаров. Саат 14:00дө митингчилерге түшкү тамак берилет. Акция Горький атындагы аянтчада өтүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, 2-3 миң киши, ал эми көз каранды эмес байкоочулардын билдиришинче, 1,5 миң киши топтолуп турат.
13:02 10.4.2014
13:05 10.4.2014


13:06 10.4.2014

Жалал-Абаддагы митингде азыркы учурда эч кандай тартип бузуу катталган жок жана милициянын козомолундо - ОИИБ.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG