Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.

Бишкекте оппозициянын митинги аяктады

Улуттук оппозициялык кыймылдын тынчтык митингдери Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта өттү. Мындан тышкары Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларында да эл чогулду.

Бүгүн оппозиция тынчтык митинги өтөөрүн бир апта мурун жарыялаган.
12:39 10.4.2014
Ошто оппозициянын нааразылык акциясы өтүүдө

Ушу тапта Ош шаарында нааразылык акциясы өтүп жатат. Кабарчыбыздын айтымында, 400дөй киши чогулуп турат. Иш-чара бүгүн Бишкекте өтүп жаткан УОКтун митингине колдоо көрсөтүү, коррупция үчүн кармалган Жогорку Кеңеш депутаты Акматбек Келдибековдун абактан бошотулушун талап кылуу максатын көздөөдө.
12:40 10.4.2014
Митингчилер "Атамбаев, "Манастан" колуңду тарт!" деп кыйкырууда

Бишкектин Горький аянтында оппозициянын митинги уланууда. Улуттук оппозициялык кыймылдын теңтөрагасы Равшан Жээнбеков бүгүнкү митингдин негизги урааны "Атамбаев, "Манастан" колуңду тарт!" деп кыйкырып, митингчилер аны бир нече жолу кайталады.

"Манас" аэропортун Орусияга бербөө оппозициянын негизги талаптарынын бири. Бирок өкмөт аталган ишкананы өнүктүрүү үчүн Орусия менен гана эмес, андан башка 7 өлкө менен меморандумга кол койгонун, маселе али чечиле элек экенин айтып келатат.
12:42 10.4.2014
Караколдо митингге келген элди милиция кармоодо

Аймактык кабарчыбыздын билдиргени боюнча, Түп, Саруу айылдарынан келип, облустук мамлекеттик администрациянын алдына митинг өткөрүүгө ниеттенген жаштарды милиция кармап алып кетти. Айрымдары качып кутулду. "Милиция кызматкерлерине “Ысык-Көл жаштары” коомдук уюмунун өкүлдөрү да жардам беришти", - деп билдирди кабарчыбыз. Мурдараак облустук милиция Каракол шаарында жана жалпы облус аймагында митинг өткөрүү тууралуу маалымдама түшпөгөнүн кабарлаган.
12:46 10.4.2014

Жалал-Абаддагы митинг 400го жакын адамдын катышуусунда отуудо.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG