Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:34
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.

Бишкекте оппозициянын митинги аяктады

Улуттук оппозициялык кыймылдын тынчтык митингдери Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта өттү. Мындан тышкары Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларында да эл чогулду.

Бүгүн оппозиция тынчтык митинги өтөөрүн бир апта мурун жарыялаган.
11:48 10.4.2014

Оппозиция лидерлери маек курган акысыз гезит таратылууда.

11:49 10.4.2014

Губернатор аянтта ПРООНдун өкүлү менен сүйлөшүп турат.

11:52 10.4.2014
Оппозициялык ишмер, "Чындык" партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров ушу тапта шаардык милицияда тергөөчүнүн бөлмөсүндө отурат. Бул тууралуу ала "Азаттыкка" өзү кабарлады.

- Биз митингге баруу үчүн чогулуп жатканбыз. Мыйзам бузган жокпуз, бийликке каршы үгүт жасаган жокпуз. Милициянын эки кызматкери мени эки колумду кайрып, сүйрөп барып автобуска салды. Мени менен кошо дагы жүздөй кишини бөлүштүрүүчү жайга алып барган. Азыр ШИИБ имаратындамын. Мени кармоонун себеби тууралуу эч ким эч нерсе түшүндүрүп айтпай жатат. Эч бир протокол көрсөтүлгөн жок, - деди Кадыров.
11:58 10.4.2014
Горький гүлбагында акция башталууда

Митинг болуучу жерде жүргөн кабарчыбыз Улан Эгизбаевдин маалымдашынча, акция расмий баштала элек. Болжол менен 500 чамалуу киши бар. Акция башталганча келгендерге ырчы-куудулдар концерт берип жатат. Митингдин уюштуруучусу, УОКтун мүчөсү Азимбек Бекназаров ”Азаттыкка” митинг тынч өтөт деп мурда айтылганын белгилеп, бүгүн Бишкектин ар кайсы жерлеринен митингге келген элди Горький гүлбагына жеткире койбой кармап кетип жатканын бийликтин чагымы деп баалады. Улуттук оппозициялык кыймыл 10-апрелде Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта жана айрым облустарда митинг өткөрөрүн маалымдаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG