Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:11
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.

Бишкекте оппозициянын митинги аяктады

Улуттук оппозициялык кыймылдын тынчтык митингдери Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта өттү. Мындан тышкары Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларында да эл чогулду.

Бүгүн оппозиция тынчтык митинги өтөөрүн бир апта мурун жарыялаган.
10:51 10.4.2014
Бишкектин темир жол вокзалында чогулгандарды үч автобус менен келген күч кызматкерлери алып кетүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы, "Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укугу боюнча конгресси" коомдук уюмунун жетекчиси Турсунбек Акун билдирди. Аталган уюмдун 12 өкүлү бүгүн Бишкекте өтө турган оппозициянын митингине мониторинг жүргүзүүдө.
10:52 10.4.2014
10:59 10.4.2014
11:04 10.4.2014
Бишкек милициясы шаардыктардын тынч жашоого, коопсуздукка болгон укугун бузууга жол бербейт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Ал оппозициядан бүгүн Бишкек шаарында пландаган митингин саат 11ден 17ге чейин Горький аянтчасында өткөрүү тууралуу гана маалымдама түшкөнүн, андыктан, башка жерлерде чогулуп, коопсуздукка коркунуч жаратууга эч кимдин акысы жок экенин айтты.

- Горький аянтынан башка жерлерге чогулуп, жөө жүрүш уюштуруп, шаардыктардын укугун тепселөөгө жол берилбейт, - деди Сейитов.

Бүгүн саат 11де Горький аянтында өтө турган митингге катышууну каалагандар шаардын бир нече жеринде чогулуп жатканы. Бирок алардын айрымдарын милиция кармап кеткени кабарланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG