Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.

Бишкекте оппозициянын митинги аяктады

Улуттук оппозициялык кыймылдын тынчтык митингдери Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта өттү. Мындан тышкары Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларында да эл чогулду.

Бүгүн оппозиция тынчтык митинги өтөөрүн бир апта мурун жарыялаган.
11:27 10.4.2014
Караколдо элди чогултпоо аракети болуп жатат.
Караколдо элди чогултпоо аракети болууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:25 0:00
11:05 10.4.2014
Бишкектин темир жол вокзалынын жанында чогулуп, митингге баратып кармалгандар арасында коомдук ишмер, оппозиционер Мукар Чолпонбаев да бар. Кабарчыбыздын айтымында, жаңы эле ошол жактан кармалган 100дөй кишини милициянын бөлүштүрүү жайына үч автобус менен алып келишти.
11:05 10.4.2014
Ушу тапта Ош шаарынын борбордук аянтында жүздөй киши чогулуп турат. Алар бүгүн Бишкекте өтө турган "Улуттук оппозициялык кыймылдын" митингине колдоо көрсөтүү максатында нааразылык акциясын өткөргөнү жатат. Абал тынч, коопсуздукка күч кызматкерлери көз салууда.
11:04 10.4.2014
Бишкек милициясы шаардыктардын тынч жашоого, коопсуздукка болгон укугун бузууга жол бербейт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Ал оппозициядан бүгүн Бишкек шаарында пландаган митингин саат 11ден 17ге чейин Горький аянтчасында өткөрүү тууралуу гана маалымдама түшкөнүн, андыктан, башка жерлерде чогулуп, коопсуздукка коркунуч жаратууга эч кимдин акысы жок экенин айтты.

- Горький аянтынан башка жерлерге чогулуп, жөө жүрүш уюштуруп, шаардыктардын укугун тепселөөгө жол берилбейт, - деди Сейитов.

Бүгүн саат 11де Горький аянтында өтө турган митингге катышууну каалагандар шаардын бир нече жеринде чогулуп жатканы. Бирок алардын айрымдарын милиция кармап кеткени кабарланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG