Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:36

Өкмөт кара майдын кымбаттарын четке какпады


Бишкек-Ош жолу
Бишкек-Ош жолу

Жогорку Кеңеште депутаттар өлкөдө бир-эки аптага гана жетерлик күйүүчү май калганын билдирип, өкмөттү тезинен чара көрүүгө чакырууда.

Депутат Исхак Пирматов муну акыркы 20 күндөн бери өлкөгө дизел майы ташылып келбей калганы менен байланыштырган. Бирок өкмөт мындай маалыматтарды четке кагып, күйүүчү майга муктаждык болбойт деп ишендирүүдө.

Өлкөдө күйүүчү майга муктаждык жаралышы мүмкүн экенин Жогорку Кеңештин 9-ноябрдагы жыйынында депутат Исхак Пирматов айтып чыкты. Эл өкүлү өз маалыматына таянып, 19-октябрдан бери кара майды ташып келүү токтогонун, бир-эки аптага жетерлик запасы калганын билдирди:

- Бир айга чукулдап калды, Кыргызстанга бир дагы вагон күйүүчү май чыкпай турат. Менин маалыматым боюнча, биздин мамлекетте дизелдин запасы бир-эки аптага жетет. Эгер төлөм (пошлина) менен чыга турган болсо дизелдин баасы жок эле дегенде 2,50 сомго дагы кымбаттайт. Бул боюнча же Нефтетрейдерлер ассоциациясы же өкмөт эч кандай маалымат бербейт. Бардыгы эч нерсе болбогондой гана иш алып барып жатат. Тилекке каршы, өкмөт бул маселени чечүүгө тиешелүү деңгээлде аракет кылбады.

Депутат мындай кырдаалдын жаралышына себеп катары Орусия менен түзүлгөн индикативдик пландын бузулушун атап, өкмөттү тезинен чара көрүүгө чакырган.

Исхак Пирматовдун бул билдирүүсү Кыргызстанда дароо талкууга түшүп, өлкөдө күйүүчү май кымбатташы мүмкүн деген кооптонууларды жаратты.

Мындан улам өкмөт атайын билдирүү менен чыгууга аргасыз болду. Энергетика, өнөр жай жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитет өлкөдө жакынкы айларга жетиштүү көлөмдө күйүүчү май бар экенин билдирди.

9-ноябрга карата Кыргызстандагы мунай базалар жана май куюучу станцияларда 43 миң тоннадан ашуун күйүүчү май бары маалым болду. Буга кошумча Орусиядан темир жол аркылуу тийиштүү көлөмдө күйүүчү май келип жатат.

Энергетика жана өнөр жай комитетинин жетекчи орун басары Кубан Мырзакановдун "Азаттыкка" билдиришинче, бензин жана керосиндин тартыштыгы жаралат деп чочулоого негиз жок:

- Депутат Пирматов 19-октябрдан бери бир дагы вагон күйүүчү май кирген жок деп айтып жатат. Биз азыр "Кыргыз темир жолунан" расмий түрдө кагаздарды алдык. Бул жерде 19-октябрдан бери 40 миң тоннадан ашуун дизел майы жана 14 миң тонна бензин келгени тууралуу маалымат берди.

Эгер чындап эле мындай көлөмдүн ордуна эки жумалык күйүүчү май калса анда премьер-министр баш болуп жоопкерчиликке тартылат.
Жумакадыр Акенеев

Мырзаканов мындан башка нефтетрейдерлерде өздөрүнүн запастары бар экенин кошумчалап, дагы да болсо жолдо кара май ташылып жатканын билдирди. Бирок өкмөт өкүлү күйүүчү май кымбатташы мүмкүн экенин жокко чыгарган жок.

Анын маалыматында, майдын тартыштыгынан эмес, дүйнөлүк баадан улам жогорулашы ыктымал. Ошол эле учурда Монополияга каршы күрөшүү агенттиги күйүүчү майдын кымбатташын Орусиядан аз келип жатканы менен байланыштырган.

Аталган агенттиктин маалыматы боюнча акыркы айда бензиндин баасы орто эсеп менен бир, бир жарым сомго кымбаттады. Мисалы, Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 41-41,5 сомго чыкты. Ал эми Аи-92 — 39-40 сом, Аи-80 — 34-35, дизелдик күйүүчү май — 36-37,2 сомдон сатылууда.

Ал арада 10-ноябрда Кыргызстандын Мунай ташуучулар бирлиги күйүүчү майга байланыштуу билдирүү таратты. Анда бензиндин запасы 30, дизел 20 күнгө жетери айтылат. Ошол эле маалда аталган бирлик республиканы күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо аракети уланып жатканын белгилеген.

Маалыматтарга караганда, быйыл 10 ай ичинде Кыргызстанга 818,7 миң тонна мунай кирген, анын ичинен ар кайсы үлгүдөгү бензин 367,5 миң тоннаны, дизел 451,2 миң тоннаны түзөт.

9-ноябрга карата Мунай ташуучулар бирлигине мүчө компанияларда күйүүчү майдын орточо запасы 30 күнгө автоунааларды бензин, 20 күнгө дизел менен камсыздоого жетет.

Мындан тышкары 7-ноябрдан тарта Орусиядан Кыргызстанга бажы төлөмсүз бензин ташып келүү калыбына келди. Учурда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети Орусиянын Энергетика министрлиги менен дизелди бажы төлөмсүз өткөрүүнү калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.

"Ошону менен бирге республикага мурда толтурулган документтердин негизинде мунай темир жол аркылуу кирип жатат. Мунай ташуучулар бирлиги өкмөткө маселени тез арада чечүү өтүнүчү менен кайрылды" деп жазылган билдирүүдө.

Орусия 2016-жылы Кыргызстанга мунай жана мунай продуктуларын төлөмсүз жеткирүү боюнча чечим кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстандагы импорт, ички өндүрүш жана колдонууну эске алуу менен атайын индикативдик план түзүлгөн. Аталган пландын негизинде Орусия белгилүү бир көлөмдөгү мунай жана күйүүчү май жөнөтүп турат. Бирок Орусиядан ташылган май коңшу өлкөлөргө аткезчилик жол менен сатылып жүргөн фактылар катталган эле.

Кыргызстандын Мунай ташуучулар ассоциациясынын мурдагы төрагасы Жумакадыр Акенеев өлкөдөгү кара майдын көлөмүн ар дайым көзөмөлгө алып, ар кандай чукул кырдаалдын алдын алуу зарылдыгын белгиледи:

- Эки жумалык эле запас менен күйүүчү май калбашы керек. Жок эле дегенде бир айлык запас болушу шарт. Бул деген Кыргызстандын коопсуздугун сактоо боюнча атайын мыйзамга ылайык аткарылышы зарыл. Анда эң аз дегенде бир айлык запас турушу керек. Эгер чындап эле мындай көлөмдүн ордуна эки жумалык күйүүчү май калса анда премьер-министр баш болуп жоопкерчиликке тартылат. Ошондуктан депутаттын айтып жатканы чындыкка жакын эмес деп эсептейм.

Кыргызстан күйүүчү майды Орусиядан сатып алат. Ал темир жол менен Казакстандын аймагы аркылуу ташылып келет. 10-октябрдан бери Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүп, эки өлкө ортосундагы катнаш кыйындаган. Мындай кырдаал темир жол транзиттик байланышына таасирин тийгизген жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG