Өтүп бараткан жыл дүйнөдө кыргыздардын эле жылы болду. Жок, акыркы беш жылды - 2005-жылдан беркини деле кыргыздыкы десек жарашат, бул аралыкта кыргыздар эки президентин ары-бери кулата салды да, беш жылда президенттик эки, парламенттик үч шайлоо, бирби же экиби референдум өткөрүп жиберишти. Галстук эле тагынган кыргыз балдары ак жана көк үйдө бир сыйрадан иштегенге да үлгүрүштү.
Бирок баарынан көрүнүктүүсү 84 кыргыздын ажолукка аттанганы болду окшойт, дагы жарым эле күн болгондо 100дү чапчымак экенин шайлоокомдогулар казыр айтып жатышат, каттаганга жетишпей калдык депчи.
Ал эми шайлоо деген кыргыз үчүн эми эмне десек? Бекер оюн-тамаша, кошумча пенсия, кошумча гонорар. Илгери өткөн бир заманда кайсы бир акылман айткан турбайбы: каратаманга эки гана нерсе керек - курсагы ток, көңүлү куунак болсо жетет деп.
Күз алды менен теледен, көчө-көйдөн эмне гана накыл кепти окуп, кандай гана жүздөрдү көрбөдүк! Атанын баласы алмаздай бол, кимдин инсандыгын хан болгондо билебиз, намысыңа камчы чап, бар бол - бай бол, баламдын бою пас болсун - акылы бек болсун, уулум катта өмүрлүү болсун – мына ушундай учкул сөздөр кыргыз лексикасын байытты. Ал эми тамдын бир бетине толгон сүрөттөрдөгү улуттун тагдыры деп уйкусураган, улутунган жүздөрчү?
Талапкерлердин алды мени шайлабасаңарчы кезектеги революция жасатам деп артисттердин оозу менен элди коркутуп да көрдү. Талапкерлердин убадаларын уккан кишинин курсагы чандайып чыкканын ошо кезде кыргыздын тапан гезиттери жазбай коёбу?
Кыргыз көп эле көк жал, журт баккан жигиттерди көргөн, бирок ашуу-белге шаар тургузуп, эпосто айтылгандай, кырса түгөнгүс кытайды ордуна койгон азаматтарын 2011-жылы көрүп отурат.
Кыргызстанда президент болом деп катталган оңой эле экен. Бирок андан кийин 30 миң кишинин колун топтошуң керек, 100 миң сом акча төгүшүң керек. Бирок айрымдары бул демократияга жатпайт, дароо эле шайлоого өтүш керек болучу деп митингге да чыкты. Ажолук жарыш акча тураарын айрым ала көөдөн талапкерлер о кийин аңдап жүрүшпөйбү катыгүн десе.
Тандалып-иргелип отуруп, калганы ымандай сырын, билим-илим көрөңгөсүн коомдук канал аркылуу элге төгүш керек болгондо о мына ошондо миллиондун чери жазылды белем! Гимндин текстинин авторлору эми Түгөлбай атабыздын арбагын сыйлап, талапкерди сотко беришкен жок окшойт. А киши улан кезинде ыр жазбады беле анын үстүнө.
Дагы бир ажы саясатчы калп айтам, бирок кийин билип-билбеген күнөөмдү кечир деп алладан суранам дегени да эсте калды. Бул киши да чынын айтканы жакшы болду. Бир гана чунак балдар биз деле калп айта берсек болот турбайбы, кийин улгайганда алладан кечирим сурай коёбуз деп адашпаса экен эми.
Негизи эле кыргыз саясатчылары кудайга жакын болуп алганы кубандырды – баары жарышып кудай буюрса, кудай урсун деп оозанып калышты. Дагы бир азамат элдин сөөгүн агартты – эси жок эки президент үчүн, убактылуу өкмөт үчүн, алтурсун адашкан эли үчүн кудайдан кечирим сурады. Оп бали, Манастын тукуму ушундай болот өзү.
Кыргыз өзү өктөм, өрт жигиттерди жакшы көрөт. Президент болом деген тыңчыкмалары да элдин муң-зарына жараша өздөрү өктөм, сөздөрү өткүр чыкты белем. Бир демократиянын өтүн алам деди, экинчиси мен сүйлөп атканда каяша айтпа, үчүнчүсү баарың бир жериңди кыспасаңар кыйын болот деп эскертти.
Иши кылса, ары тартышып, бери тартышып, кыргыздар кезектеги ажосуна эгедер болду. Ал киши мурдагылары тууралуу байлыкты көрсө эле ажыдаар болуп кетишти деп таамай сүрөттөгөнү бар. Келаткан ажыдаар жылында болсо Кыргызстан ажыдаардай алды-күчтүү мамлекет болот деп тилеп жиберди. Башында айтылгандай, кырылгыс кытайга жемин жедирбеген кыргыздын кыраандарына аманчылык тилейли.