Кыргыз жеринде көңүлдүү күндөр башталды. Мал семирип, жайлоодон күтүрөп ойго түшүүдө, бир жагынан жашылча, жер-жемиш төгүлүп, ак төөнүн карды жарылып эле жатып калды. Эми элдин күткөнү - оюн, күлкү, тамаша.
Илгерки коммунисттик генеральный секретарь Брежневдин нан болсо – ыр да болот деп жазганы эске түшөт. Курсагы ток болуп, оюн-күлкү болсо, классиктер жазмакчы, каратаманга дагы эмне керек? Быйылкы күз оюн-тамашага баарыбызды карк кылчудай.
Президент болом деп оолуккандар менен кошо артисттер, акын-жазуучулар, спортчулар, көзү ачыктар, олуялар, ОПГ мүчөлөрү, кудай кылбасын, баары айыл аралап жөнөштү. Баарынан актердук өнөрү барларга ырас эле болуп калды, талапкерлердин тапан ураандарын тасмага салып, кошумча тыйын таап алып жатышат.
Аламан жарышка чыккан азаматтарды угуп отуруп, кулак сүйүнөт, курсак семирет. Бири мамлекет башына непаадам келип калса, ошо замат бала менен аялдын акчасын көтөргөнү турат. А бул талапкерге кантип добуш бербей коё аласың – Ала-Тоо арасына жаңы калаалар салганы жатпайбы?
Бул убадага магдырап отурган чакта башкасы бу бүт дүйнөгө тынчтык бербеген, тентек өлкөгө кадыресе тартип апкелээрин жар салып турганы. Мен ушул ураанга добуш бергим келип калды. А бирок аркы кишини кандай кылабыз? Ал кыргыздын темир байлыгын, тоо чокуларын көзү бузук жоодон коргоп калган турбайбы.
Эми көчө-көйдү кыдырсаң, ураан-убадага көз тоёт. “Бириксек – жеңебиз”, “Мыйзамдуу Кыргызстан”, “Акылдуу эл багат”, “Эли бүтүн бейиштүү өлкө” ж.б.у.с. Андан ары талапкерлердин сүрөттөрүн карайлы: бири ууртунан жылмайса, экинчиси мостоёт, дагы биринин кабагына каар жаап алган, бирөөсү болсо асманды сырдуу тиктейт... Жазуучулар кайдасыңар, мынакей, белен саясый образдар, тартыңыздар!
Кыргыз шайлоосу Фейсбук, башка социалдык түйүндөр аркылуу дүйнө кезип кетти. Бир да кемчилик көз жаздымда калбайт, капырай. Мынакей, мен деген талапкер Valvoline деген унаага май чыгарчу фирманын эмблемасын көчүрүп алыптыр деп чуулдатып жиберишти. Ал эми Valencia жана Айбек аттуу чымчыкей окурмандар шаар ичи кагаз-жарыяларга толду, ананчыраак ТВ менен радиону шайлоо темасы басат, шайлоо арты таштандыга айланат, эгер менин үйүмө, кеңсеме жарыя кагаз чаптай турган болушса, ар биринин алдына уят сөздөрдү жазып таштайм деп сестентүүдө.
Иши кылса, жыл этегине чейин эрикпейбиз. Нан да, чай да, пай да, тамаша да болот. Кыргыз өзү ак көңүл эл, эч кимдин шагын сындыргысы келбейт. Бири барса - бирине, 20сы барса - 20сына батасын берет. Башканы билбейм, мен ушу жыйырмабы, же жыйырма алтысыбы – баарына добуш бергим келип жатат. Негизи президент болгусу келбеген кыргыз да кыргызбы?