Бала бакчадагы Аяз апалар
Бишкектеги бала бакчалардын көпчүлүгүндө майрамдык кечеде Аяз атанын ролу аял кишиге жүктөлгөн. Аяз ата, Аяз кыз жана башка жомоктун каармандары да бакчада иштеген тарбиячылар. Бакчанын кызматкерлери атайын актерлорду чакыруу кымбатка түшкөнү үчүн ролду өздөрү аткарып келет. Майрамдык кийим-кечегин да прокатка албай өздөрү тигип киет. Анын үстүнө бала бакчанын кызматкерлери көбүнчө аялдардан турат эмеспи.