Иш-чара шаардын борбордук аянтында өттү. Ал жерде ар бир райондун дыйкандары түшүмдөрүн ирети менен жайып алышкан.
Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылындагы “Мөл-Булак” чакан сүт цехинен келген Бермет айым сүт азыктары өтүп атканына ыраазы:
- Быштак, каймак алып келгенбиз. Сатып алышууда. Коюу каймак 100 сомдон, быштактын килограммы да 100дөн, жарымы өтүп кетти. Эртең да продукциябыз болсо келебиз.
Азык-түлүктүн түрүн алып келген жумгалдык Эмилбек базар баасынан арзан сатам дейт:
- Алманын беш сортун, картөшкө, капуста, бал, кымыз, каттама, сары май алып келдик. Азыр эле жайыла баштадык. Теңиртоолуктар жакшы эле алса керек. Алманын килограммын 25 сомдон сатып атабыз, базардан 5 сомго арзан.
Алармандардын бири, баштыгын кампайтып алган Жумагүл азыктардын баасы арзан болгонуна жетине албай жүрөт:
- Бүгүн жарманке болот деген үчүн келдим. Базарга караганда жакшы болду, топоздун эти базарда 300 сом экен, бул жактан 270 сомдон алдым. Бир аз болсо да биздин чөнтөгүбүзгө жеңилдик. Үйдөгү балдарыма быштак, коюу каймак алдым. Каалаганымды алып атам, дагы ала берем.
Жарманкеде студенттер да жүрөт. Мисалы, Мария группалаштары менен келиптир:
- Кечээ күнү жарманке болот деп уктум эле. Бүгүн бир чети кызыгып, анан дагы арзан азык-түлүк болот деген ой менен келдик. Студентпиз, арзан дегенде кулагыбызга жакшы угулду.
Ошол эле мезгилде жарманкенин баасына канааттанбагандар да бар. Нарын шаарынын тургуну Зулайка айым базар баасынан дагы кымбат экен дейт:
- Картөшкө, пияз алалы дегенбиз. Картөшкөнү 5 сомдон дегени менен 8-9 сомдон сатып атышат. Кымбат, базар баасынан жогору экен.
Анткен менен быйылкы түшүм жакшы болду дегендер да арбын. Атүгүл алынган түшүмдөрдү кайра иштетүү муктаждыгы да пайда болгондугун белгилешүүдө.
Жарманкеге келген облус губернатору Канатбек Муратбеков келерки жылдары кайра иштетүү цехтерин ачууга киришерин убада кылды:
- Буга облустук администрациядан болобу, өкмөттөн болобу инвесторлорду тартып, ири масштабда кайра иштетүү боюнча ишканаларга сөзсүз түрдө кийинки жылдары киришебиз. Себеби картөшкө көп. Кайра иштетүүчү цех болбой атат.
Бул жолу өстүргөн азык-түлүгүн соодалап бүтө албай калган дыйкандар келерки ишемби-жекшембиде кайтып келерин айтып, өз айылдарына тарап кетишти.