Кочкор районундагы Ак-Жар айылынын окуучулары быйыл да окуу жылын чатырларда тоскону турушат. Анткени бул айылдын жаңы курулган мектеби 2007-жылы курулуп, жыл айланбай керектен чыгып калган. Андан бери окуучулар кышкысын айылдагы кароосуз үйлөрдө, жайкысын чатырларда билим алып келишет.