Демилгечилер бул эстелик эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары соодагерлердин, айрыкча базарда иштеген аялдардын эмгегин даңктоо үчүн тургузулганын айтышты. 1990-жылдардагы каатчылыкта чаар баштык көтөрүп, соодага чыккандардын көпчүлүгү аялдар болгон.
"Дордой" - өлкөдөгү ири базарлардын бири. Анда жаңы жылдык соода эмитен эле кызый баштаганы байкалат. Кайда караба соодалашкандар, жык-жыйма товар жүктөп алып “жол-жол” деп кыйкырып, араба түрткөндөр көзгө урунат.
- Илгери Кытайдын чоң баштыгын көтөрүп алып жүрчүбүз. Ооруганыбызга карабай эле базар аралап кетээр элек. Азыр бир аз шарт түзүлдү. Контейнерлер коюлуп, кардарлар келгенде дагы ыңгайлуу болуп калды. Бирок, болбой эле суук, - деди Чолпон Жумагулова аттуу сатуучу.
Чолпон эже эгемендик жылдарында чаар баштык менен Орусия, Кытайдан товар ташып, азап-тозоктуу күндөрдүн далайын баштан кечирген.
Базар өрттөнгөндө товары кошо күйүп, соодасы жүрбөй бир нече жолу банкрот да болуптур. Үй-бүлөсүн багуу үчүн кыштын суугуна, жайдын ысыгына чыдаган өзүндөй соодагер аялдардын түйшүгү оңой эместигин белгилей кетти.
- Ысык-суук дебей турабыз. Аял кишиге аябай эле кыйын. Айла жок товарларыбыз өтсүн дейбиз. Быйыл алып келген товарларыңды сатып бүтпөсөң, акчаң чыкпай калат. Насыя алганбыз, аны төлөш керек. Ошентип иштеп жатабыз.
Түркүн товар жайылган темир контейнерде кайдагы жылуулук, кышкы куртканын үстүнөн тери кемсел кийип, ысык чайдан ууртап коюп кардар күткөн соодагерлердин көпчүлүгү кыз-келиндер.
Мындай соодагерлер жылына саналуу гана күндөрү эс алат. Майрам алдында эс алмак турсун, көбүрөөк киреше таап калалы деп таң аткандан күн батканга чейин тыным алышпайт.
Учурда мурдагыдай чоң баштыктарды жонуна асып, товар ташыгандар азайганы менен ысык-суукта сыртта туруп соода кылган көрүнүш өзгөргөн жок.
Мына ушундай аялдардын түйшүгүн баалоо үчүн 7-декабрь күнү "Дордой" базарында "Эмгекчил-соодагерлер" деген аталыштагы эстелик орнотулду. Анда соодагерлердин бири чаар баштыгын көтөрүнүп, бири чарчап отурганы чагылдырылган.
Айрым адамдарга тирүүсүндө эле айкел тургузулган Кыргызстанда соодагерлердин эстелигинин коюлушун ар ким ар кандай кабыл алды.
"Дордой" базарынын түптөөчүсү, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков эстелик жөнүндө мындай деди:
- Бул эстеликти 27 жыл өткөндөн кийин коюп жатабыз. Ошол кезде “челноктор” көбүнчө аялдар эле. Оорчулукту өз жонуна көтөрүп жүрүшүп экономикага салым кошушту. Аларга ыраазылык иретинде ушул базардын оозуна эстелик койдук.
Аталган базардын профсоюзунун башчысы Дамира Дөөлөталиева базарларда оор жумушта иштеген аялдардын эмгеги бааланбай келгенин белгилеп, жумуш орундары жок өлкөдө алар экономиканын өсүшүнө салым кошуп жатышканын айтты.
Дөөлөталиева мындан туура 27 жыл мурда дал ушул жайма базарда соода кылган экен.
- Бул эстелик “челнокторго” айрыкча аялдарга коюлду. 27 жыл мурда камыш баскан ушул жерде бизнес башталган. Мен өзүм дарыгер болчумун. 900 сом айлык менен төрт баламды бага албай калганда, чаар баштыкты көтөрүп алып иштей баштагам. Биринчи келгенде аябай уялгам, "кесибин таштап, соодагер болуп кетти" деп айтышкан. Азыр иштеп кеткениме сүйүнөм.
Анткен менен мындагы айрым соодагерлер заман талабына ылайык соода-сатыкка жакшы шарт түзүлүп, базардын жолу, айланасы ирээттелсе деген пикирин айтып келишет.
Эстеликтин ачылышында "Дордой" базарынын жетекчилиги жаңы соода борбору курулат деп ишендирди.
Бишкекте эң ири деп саналган бир нече базарда миңдеген адамдар нан таап жешет. Базарда иштегендердин басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин мындай базарларда соода солгундаганы айтылууда.