Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Таукина: Борбор Азияда демократия өнүккөн жок


Розлана Таукина.
Розлана Таукина.

Эл аралык уюмдардын рейтинги боюнча Борбор Азия сөз эркиндиги чектелген аймак деп саналат.

Постсоветтик коңшулардын ичинен Кыргызстан "демократия аралчасы" аталып, сөз эркиндиги ат чабым алдыда экени белгилүү. Бирок бийликтин айрым маалымат каражаттарын сотко берип, оппозициялык саясатчыларга иш козгоосу түрдүү талкууларга жем таштады.

Казакстандагы журналисттердин укугун коргогон уюмдун жетекчиси Розлана Таукина "Азаттык" радиосуна берген маегинде Борбор Азиянын бийликтери сөз эркиндигине басымын күчөткөнүн айтып, коңгуроо какты.

"Азаттык": Алгач Казакстандагы абалга токтолсок, биз билгенден жакында журналист Жанбулат Мамай эки айга камакка алынды. Укук коргоочулар бул камоону бийликтин басымы деп жатышат. Сиз ага кошуласызбы?

Негизи бийлик, министр, өкмөт айрыкча президент медианы сотко бергени туура эмес деп ойлойм. Соттошуу президенттин деңгээлиндеги иш эмес. Президент толеранттуу жана акыйкат, ачык иштегенден сырткары талкууга ачык болушу керек.

Розлана Таукина: Жанбулат Мамай Казакстандагы жер маселесин гезитинде кызуу талкуулап турган. Ошондой эле аны жактагандар, Жер кодексине өзгөртүү киргизбөө керек дегендер көбөйө баштаган. Азыр аны башка бир шылтоо менен камап коюшту. Бул ыкма Борбор Азиядагы бийликтегилерге таандык. Алар өзүнө жакпаган, каршы сүйлөгөн, өзгөчө, башкача пикир чагылдырган редакцияларды маалымат мейкиндигинен ушинтип тазалашат.

1998-жылы Баш мыйзамды өзгөртүүнү талкуулоодо Казакстандын Башкы прокуратурасы бардык казак маалымат каражаттарына кылмыш ишин козгогон. Андыктан Казакстанда он жылдан бери эле Кыргызстандагы азыркыдай окуялар болуп келет. Казакстанда бирин-серин эле эркин маалымат каражаттары калды. Азыр "сөз эркиндигинин аралчасы" делген Кыргызстанга байкоо салып турабыз. Негизи бийлик, министр, өкмөт айрыкча президент медианы сотко бергени туура эмес деп ойлойм. Соттошуу президенттин деңгээлиндеги иш эмес. Президент толеранттуу жана акыйкат, ачык иштегенден сырткары талкууга ачык болушу керек. Эгер эркин массалык маалымат каражаттары менен макул эмес болсо, анын пикирин чагылдырган мамлекеттик каналдар, гезит, журнал, радиолор толтура. Эркин маалымат каражаттарын соттоп же жаап салуу туура эмес.

"Азаттык": Дегеле бийликтегилер кайсы бир редакцияны сотко бергенде акыйкат чечим чыгат деп ишенсек болобу? Мисалдар барбы?

Розлана Таукина: Дагы бир жолу айтайын бийликтин жогорку тепкичиндеги президент, парламент төрагасы, министр, өкмөт башчынын маалымат каражаттарын сотко бергени туура эмес. Өзүңүз ойлосоңуз, алардын тарабында сот, прокуратура баштаган бардык мамлекеттик кызматтар редакцияга каршы турат. Тактап айтканда, соттошууга тең укуктуу шарт түзүлгөн жок да. Анан кантип редакция өз укугун коргой алат? Мындай нерсеге жол берилбеши керек болчу. Тилекке каршы биздин бийликтегилер ушундай жол менен бара жатат.

Борбор Азияда бийликке ыңгайлуу маалымат каражаттары гана калды. Биз "демократиянын аралчасы" деген Кыргызстандагы ачык коом кишенделгендей абалда.

"Азаттык": Борбор Азиядан акыркы убакта Өзбекстанга жылуу пикирлер айтыла баштады. Маселен, Мирзиёев президент болгондон бери камакта жаткан бир нече саясий туткундар боштондук алды. Бул эмнеден кабар берет?

Розлана Таукина: Азырынча бул эч нерседен кабар бербейт. Ооба, айрым журналисттерди коё берип атат. Бул көрүнүштү кандайдыр жакшы жышаан десек болот. Бирок бул репрессиялык системадан кайтып жатат дегенге такыр окшошпойт. Себеби, булардан башка ондогон журналисттер, активист, блогерлер камакта. Балким бул бийликке коомчулук алдында кандайдыр упай топтоо болуп жаткандыр. Өзбекстандын эл аралык коомчулукта сөз эркиндиги жаатында аброюн оңдоо кадамы деп эсептеген туура эмес.

"Азаттык": Эми жалпы Борбор Азиядагы сөз эркиндигине баа берсеңиз?

Розлана Таукина: Борбор Азияда сөз эркиндигинин, демократиянын өнүгүүсү байкалбайт. Балким кагаздарда, кандайдыр бир декларацияларда сөз эркиндиги жөнүндө жакшы жазылгандыр. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Бийлик өзүн коргоо үчүн каршылаштарынын үнүн басып келет. Борбор Азияда бийликке ыңгайлуу маалымат каражаттары гана калды. Биз "демократиянын аралчасы" деген Кыргызстандагы ачык коом кишенделгендей абалда. Азырынча Борбор Азияда демократиянын өнүгүшү эч байкалбай турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG