"Азаттык": Бир кезде тынч, бейгам жашаган Европа мамлекеттеринде азыр диний радикалдашуунун очоктору пайда болуп, атургай “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуп кеткендер чыгууда. Буга бөгөт коюу маселелери сиз катышып жаткан жыйында козголууда, ошого токтоло кетсеңиз.
Кадыр Маликов: Брюсселде ушул тапта абдан чоң жыйын өтүп жатат. Алтымыштан ашык өлкөдөн 250дөн көп киши топтолду. Алар негизинен ислам, дин багытындагы алдыңкы окумуштуулар жана имамдар. Жыйындын башкы максаты - кантип экстремизмге диалог жана билим аркылуу туруштук берсе болот деген суроого жооп издөө. Конференцияга саясатчылар же бийлик өкүлдөрү келген жок, анткени бул илимий жыйын. Ага чогулгандар канткенде диний радикализмди азайтса болот, башка жолдорун табуу мүмкүнбү, деген суроолорду коюп атышат. Чындыгында соңку кездери Европада бир канча теракттар уюштурулду. Өткөн жылы Францияда “Шарли Эбдо” журналынын редакциясына чабуул жасалган. Мына ошол окуя жыйында мисал катары айтылды. Мындай учурда эки тарапка тең өз ара сыйлоо жетишпейт. Маселен, сөз эркиндигин да сыйлоо керек, ошол эле маалда кимдир бирөө мусулмандардын же башка дин туткандарды, христиандардын диний сезимдерине акарат кетирүүгө болбойт. Ошондой эле радикализмге бөгөт коюу үчүн динзар мусулмандар арасында билим алууну күчөтүү зарыл. Анткени негизинен адилетсиздикке, кедейчиликке каршы чыккан билимсиз мусулман жаштары радикалдашып кетүүдө. Муну кантип жойсо болот? Бул багытта биз диалогго кызыкдар өнүккөн өлкөлөр менен да иш алып баруубуз зарыл.
Радикализмге бөгөт коюу үчүн динзар мусулмандар арасында билим алууну күчөтүү зарыл. Анткени негизинен адилетсиздикке, кедейчиликке каршы чыккан билимсиз мусулман жаштары радикалдашып кетүүдө.
"Азаттык": Европа өлкөлөрүнө качкындардын көп кириши дагы мусулмандарды жек көрүүгө карата кайсы бир деңгээлде түрткү болгону айтылып жүрөт. Муну болтурбоо үчүн кандай чаралар сунушталууда?
Кадыр Маликов: Азыр качкындарга байланыштуу Европа коомчулугу экиге бөлүнүп калды. Ошол эле маалда, тилекке каршы, бул суроого европалыктардын дагы эле конкреттүү жообу жок. Анткени чын эле Жакынкы Чыгыштан келген качкын мигранттарга байланыштуу мусулмандарга каршы маанай өрчүп баратат. Ошондой эле буга маалымат каражаттары да май тамызып жаткандай. Маселен, алар ар кандай чагымчыл маалыматтарды чыгаруу менен жалпы эле ислам тууралуу пикирлердин терс болушуна түрткү берүүдө.
"Азаттык": Эксперттер чөйрөсү диний радикализм менен терроризмге каршы күрөшүүнүн кандай жаңы ыкмаларын сунуштоодо?
Кадыр Маликов: Батыш өлкөлөрү 2002-жылдын 11-сентябрынан тарта жүргүзгөн экстремизмге каршы саясат, тилекке каршы, эч кандай натыйжа берген жок. Ал негизинен күч колдонгон саясат болчу. Жыйында айтылгандай, эми күрөштүн жолун өзгөртүү керек. Азыр жай тургундардын арасында мечиттер аркылуу диалог жүргүзүү зарыл. Маселен, европалыктарды байистүү ислам менен тааныштырып, ал эми биздин жаштарга башка диндер туралуу кеңири айтып беришибиз керек. Бул нерсеге билим берүү системасы, мамлекет дагы тартылышы керек.
"Азаттык": Сиз өзүңүз жыйында сүйлөгөндө эмне сунуш айтасыз?
Кадыр Маликов: Конференция эки күн уланат. Мен бул жерге “Диалог Евразия” коомдук уюмунун чакыруусу менен келдим. Албетте, мен бул жакта Борбор Азиядагы жалпы абал тууралуу сөз козгойм. Бизде ошондой эле жоолук маселеси көп көтөрүлөт. Бул суроолор негизи коюлбашы керек, анткени бул цивилизация жана идеология жолу менен чечилиши керек. Бизде диний радикализмден да светтик радикализм курч. Азыр бул жакта Брюсселдеги Лувен университетинин профессорлору, АКШ, Сауд Арабия, Алжир жана башка өлкөлөрдөн келген илимпоздор менен сүйлөшүп, ашканадан да кызуу талкууну улантып жатабыз.