04:30
16.7.2013
- автор Мирлан Токталиев
3-октябрда чак түштө Бишкектин Ала-Тоо аянтында Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы башталган митинг тоз-тополоң менен аяктады.
04:34
16.7.2013
17-июнда Бишкек шаардык соту "Ата-Журттун" үч депутатын актап, сот залынан бошоткон
04:39
16.7.2013
"Кыргызстан мыйзам үстөмдүк кылган өлкө экен", - деди "Ата-Журт" фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев парламентте сүйлөгөн сөзүндө. Ал абакта жатканда колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазылыгын билдирип, өлкөдө мыйзам үстөмдүүлүк кылгандыктан, абактан бошонгонун айтты.
04:46
16.7.2013
Башкы прокуратура Жогорку Соттон “Ата-Журттун” депутаттары боюнча райондук жана шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, жаңы чечим кабыл алууну сураган. Мамлекеттик айыптоочулар депутаттарды актаган чечимди мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептешерин Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Санжар Абжалов чечмелейт:
- Жогорку Кеңештин үч депутаты алардын иши соттук кароодо турганда Башкы прокуратура кийлигишип, сотторго басым көрсөттү деп билдирген. Башкы прокуратура соттук бийликке кылмыш ишти кароодо эч кандай кысым жана таасир көрсөткөн эмес. Мындай да болушу мүмкүн эмес. Буга Бишкек шаардык соттун судьяларынын өкүмү толук күбө боло алат. Башкы прокуратура шаардык соттун мыйзамсыз жана негизсиз чечимине өзүнүн мыйзамдагы даттануу укугун колдонот. Жогорку Сотто мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте үч депутаттын күнөөсү далилденет.
Прокуратура тергөөнүн жүрүшүндө депутаттардын күнөөсү толук далилденген деп эсептейт. “Бийликти күч менен басып алуу, күч менен кармап туруу”, “бийликти басып алууга чакырык жасоо” деген беренелер менен күнөөлөп, 10 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган.