Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:50
Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров 1-Май райондук сотто, 10.01.2013
Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров 1-Май райондук сотто, 10.01.2013

Депутаттардын иши Жогорку Сотто

Жогорку Сот үч депутат Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун иши боюнча көзөмөл арызды кароону 23-июлга жылдырды.

12:03 16.7.2013
11:11 16.7.2013
"Ата-Журт" партиясынын үч депутатынын сотуна келген эки аялды милиция кармап кетти. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун "Азаттыкка" айтымында, алар соттун жүрүшүн чагылдыруу үчүн келген журналист, vof.kg сайтынын кабарчысы Рысбек Токтоналиевге кол салды.

Бүгүн Жогорку Сотто былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун соту башталат. (EBM/RK)
04:46 16.7.2013
Башкы прокуратура Жогорку Соттон “Ата-Журттун” депутаттары боюнча райондук жана шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, жаңы чечим кабыл алууну сураган. Мамлекеттик айыптоочулар депутаттарды актаган чечимди мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептешерин Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Санжар Абжалов чечмелейт:

- Жогорку Кеңештин үч депутаты алардын иши соттук кароодо турганда Башкы прокуратура кийлигишип, сотторго басым көрсөттү деп билдирген. Башкы прокуратура соттук бийликке кылмыш ишти кароодо эч кандай кысым жана таасир көрсөткөн эмес. Мындай да болушу мүмкүн эмес. Буга Бишкек шаардык соттун судьяларынын өкүмү толук күбө боло алат. Башкы прокуратура шаардык соттун мыйзамсыз жана негизсиз чечимине өзүнүн мыйзамдагы даттануу укугун колдонот. Жогорку Сотто мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте үч депутаттын күнөөсү далилденет.

Прокуратура тергөөнүн жүрүшүндө депутаттардын күнөөсү толук далилденген деп эсептейт. “Бийликти күч менен басып алуу, күч менен кармап туруу”, “бийликти басып алууга чакырык жасоо” деген беренелер менен күнөөлөп, 10 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган.
04:39 16.7.2013
"Кыргызстан мыйзам үстөмдүк кылган өлкө экен", - деди "Ата-Журт" фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев парламентте сүйлөгөн сөзүндө. Ал абакта жатканда колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазылыгын билдирип, өлкөдө мыйзам үстөмдүүлүк кылгандыктан, абактан бошонгонун айтты.

Ташиев: Мыйзам үстөмдүгү бар экен
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG