Кыргызстан “Электрондук өкмөт” долбооруна өтөбүз деп турган кезде мамлекеттик органдын иши орунсуз тамашалаган адамдардын айынан токтоп калуу коркунучу бар деген ойлор айтылбай койбойт.
Лейлек акимчилигине келген жасалма токтомго жергиликтүү бийлик адегенде ишенбегенге аргасы болгон эмес. Себеби расмий почтага түшкөн токтомдор сөзсүз түрдө токтоосуз аткарылууга тийиш.
Бул милдеттер буга чейин эле атайын жобо менен милдеттендирилгенин айтат өкмөттүн Электрондук башкаруу борборунун директору Таалай Байтереков:
- Учурда мамлекеттик кызматкердин электрондук дарегине түшкөн кат расмий деп эсептелинет жана аны эмнеси болсо да аткарууга милдеттүү экендиги көрсөтүлгөн.
Баткен облусунун Лейлек райондук администрациясынын расмий электрондук дарегине райондун акими Тилеберди Ариповду ээлеп турган кызматынан бошотуу жөнүндө Темир Сариевдин колу коюлган токтом ушул айдын жетисинде келип түшкөн.
Район башчысы токтомдун чын-төгүнүн борбордук өкмөттүн кызматкерлери аркылуу гана биле алган.
Буга чейин Ариповдун кызматтан кетери тууралуу сөздөр 2014-жылдын башында да айтылган. Лейлек районунун депутаттарынын кошмо жыйынында акимдин отчету угулуп, депутаттардын арасында ишенбестик көрсөтөлү деген демилге да ачык көтөрүлгөн.
Бул токтомдон кийин коомчулукта кептер кайрадан кызый баштады. Ариповду коркутууну же тамашага салууну каалагандардын катарында орун басарларынан баштап, өзүнүн айылдаштарына чейин болушу мүмкүн экени айтылууда.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Сулайман Эргешов бул окуяга бийликтеги партиянын райондогу өкүлдөрү да кызыкдар экенин четке какпайт:
- Мисалы, орун басарлары да Ариповдун кетишине кызыкдар, мындай орунга бийликтеги партиянын өкүлдөрү да кол салышы мүмкүн.
Документ - тамаша эмес
Бул учур “Электрондук өкмөт” мамлекеттик долбоорунун коопсуздугу темасына да жем таштады. Интернет коопсуздугу боюнча адис Толкун Умаралиевдин пикиринде, электрондук база коопсуздугу жакшы көзөмөлгө алынган эмес:
- Бардык нерсе электрондук маалыматтарды көзөмөлдөгөн адистерге байланыштуу. Ошондой эле аймактарда аябай эскилиги жеткен компьютерлер турат. Андыктан хакерлер, же үчүнчү тарап үчүн бул компьютерлерде сакталган маалыматтарга чабуул коюу кыйла оңой.
“Электрондук өкмөт” мамлекеттик программасы мындан он жыл мурда айтыла баштаганы менен чыныгы электрондук документ агымын ишке киргизүү 2015-жылы пландаштырылып отурат.
Ушул күндөрү түзүлгөн Электрондук башкаруу борборунун директору Таалай Байтереков учурда атайын программа иштелип жатканын, анын негизинде өкмөт иш кагаздарын эффективдүү жана коопсуз башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун айтат:
- Учурда иштелип чыккан программанын техникалык даярдыгында биринчи кезекте техникалык мүмкүнчүлүктөрү турат, андан соң маалымат коопсуздугун коргоо каралган. Бул кара ниет адамдын программаны бузуп кирүүсүн колдон келишинче азайтуу максатын көздөйт. Лейлектеги акимчиликти тамашага салган жагдайга окшогон учурлардан да арылабыз. Ошондой эле расмий документтерди электрондук форматта да түзүү, муну менен кошо электрондук санарипте кол коюу да каралган.
Буга чейин абакта отуруп эле Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин атын сатып, аткаминерлерден телефон аркылуу акча алган шылуундар аныкталган.