Ошто мурдараак кыздарды эрте турмушка узатуу өнөкөткө айланып кеткен. "Азаттыктын" акыркы сурамжылоолоруна караганда жергиликтүү бийликтин жана жарандык активисттердин түшүндүрүү иштеринин пайдасы тийип, акыркы мезгилде бул көрүнүш басаңдагандай болду.