Кыргыз тарап кошуна өлкөнүн бул кадамы Евразия экономикалык биримдигинин жоболоруна каршы келерин айтууда. Эки өлкө ортосундагы мындай абалдын түзүлүшүнүн негизги себеби кайда, Кыргызстан ветеринардык жана фитосанитардык эрежелерди эмне үчүн жөнгө салбай жатат? Ушул жана башка маселелерди “Арай көз чарай” берүүбүздө талкуулайбыз.
Талкууга Жогорку Кеңештин агрардык саясат комитетинин мүчөсү, депутат Мирлан Бакиров жана Кыргыз Республикасынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов катышты.
ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк
ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк
Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.
“Азаттык”: Мирлан мырза, Казакстандын Айыл чарба министрлиги өз аймагынан Кыргызстандын айыл чарба азыктарын автоунаа менен ташууга тыюу саларын эскертти. Анын себебин эмне менен түшүндүрүп жатышат?
Мирлан Бакиров: Биринчиден, бул билдирүү биз үчүн күтүүсүз болду. Ошондуктан 10-январда Жогорку Кеңештин агрардык саясат комитетинде биринчи маселе катары карап, маалымат алганбыз. Ветеринардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумакановдун айтуусу боюнча бул бейрасмий маалымат.
Бирок бүгүн биз интернет булактарынан окуп жатабыз, аларга караганда ал билдирүүнү казак тараптын расмий билдирүүсү катары кабыл алсак болот. Эксперттер казак тараптын бул билдирүүсү Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына каршы келерин айтып жатышат...
“Азаттык”: Мирлан мырза, Казакстандын айыл чарба боюнча вице-министри Гүлмира Исаева "Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин бир топ талаптарды, эрежелерди аткарышы керек болчу" деп айтты. Кыргызстан өзү даяр болбой жаткан жокпу?
Жеке пикиримде, казак тарап Кыргызстандын товарларынын башка өнөктөш мамлекеттерге өтүшүнө кызганыч менен мамиле кылып, тоскоолдук жаратып жатат...Мирлан Бакиров
Мирлан Бакиров: Биз Евразия экономикалык биримдигине бир топ маселелер боюнча даяр болбой туруп киргенибиз чындык. Ошого карабай лаборатория, фитосанитария, идентификация, ветеринария боюнча ЕАЭБ комиссиясы мен билгенден эки жолу Кыргызстанга келип, өздөрүнүн оң баасын берип кеткен. Комиссия башчысы биздин өкмөт башчы менен жолукканда Кыргызстан кыска убакыт ичинде жакшы даярдыктарды көргөнү айтылган. Ошентсе да Орусия, Казакстан, Беларус тараптан айрым майда маселелер боюнча талаптар аткарылбай жатат деп каттар келгени анык. Бирок аларды жоюу үчүн убакыт гана керек болууда.
“Азаттык”: Мирлан мырза, Казакстан ветеринардык жана фитосанитардык талаптарды жөнгө салуу үчүн Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлөт деди эле анын тагдыры эмне болду? Ушул каражаттын чечилбей жатышы да көп маселелерди алдыга жылдырууга кедергисин тийгизип жаткан жокпу?
Мирлан Бакиров: Кедергисин тийгизип жатат, келишим болгондон кийин кыргыз тарап ал акчаны күтүп отуруп же бюджетинен акча бөлбөй убакыттан уттуруп койдук. Ал 100 миллион доллар 2016-жылдын декабрь айынын аягында Санкт-Петербург шаарында өткөн ЕАЭБдин жогорку деңгээлдеги жыйынында чечилди, аны да бөлүп-бөлүп бере турган болууда. Эгер ал акча бир жыл мурда бөлүнгөндө даярдыктар угабында бүтүп калмак.
“Азаттык”: Калысбек мырза, казак тарап товарларды темир жол менен гана алып кирүүнү киргизүү талабын койгонун Эл аралык эпизоотикалык бюронун эрежелерине ылайык келтирип жатканы менен түшүндүрүүдө. Ал кандай эрежелер, Кыргызстан аларды аткара албай жатабы?
Казак тараптын автоунаа менен товар ташууну жаап, темир жол менен ташууга уруксат беребиз дегени түшүнүксүз болууда.Калысбек Жумаканов
Калысбек Жумаканов: Евразиялык экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер ортосундагы келишимдерде мүчө мамлекеттер бири-биринен жол сурап же транзит алышы керек деген жобо жок. Ошондуктан казак тараптын автоунаа менен товар ташууну жаап, темир жол менен ташууга уруксат беребиз дегени түшүнүксүз болууда. Кыргызстандын кайра иштетүүчү 18 ишканасы бир жылдан бери өз товарларын Казакстан аркылуу Орусияга эркин чыгарып, сатып активдүү иштеп жаткан, эч кандай маселе жок болчу...
“Азаттык”: Казакстан өкмөтү Кыргызстандан келе турган малдын жугуштуу ооруларынын жайылып кетүүсүнөн сактанып, алдын алып жатканы менен түшүндүрүүдө. Бизде эпизоотикалык абал кандай деги?
Калысбек Жумакунов: 2016-жылы ЕАЭБдин абройлуу эксперттери Кыргызстанга эки жолу келишти. 23 адамдан турган эксперттер өткөн жылдын декабрь айында эле келип кеткен. Эл аралык эпизоотикалык бюродон, Орусия, Беларус, Казакстандан да келишип, бир жума бою Кыргызстандын аймагындагы ишканаларды, лабораториялар, өткөрмө пункттарды кыдырып чыгышты. Биз дагы баарын ачык көрсөттүк. Ошонун жыйынтыгы менен 21-декабрда Москвада жыйын болду. Жыйынга катышкан уюмга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, өкмөт башчынын орун басарлары деңгээлинде Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарына жооп берет деген чечимге келишкен. Кыргызстанда эпизоотикалык абал тынч деп баасын беришкен.
Малдын жугуштуу транс чек аралык ооруларына байланыштуу "Кыргызстандын эти таза" деп бүтүм чыгарышкан. Бирок уюмга мүчө мамлекеттердин баары Кыргызстандын бир жыл ичинде жасаган аракетин жогору баалаганына карабай Казакстан кол койбой койду. Эгер уюмга мүчө мамлекеттердин бирөө эле кол койбосо, ал күчүнө кирбейт, документ долбоор боюнча жатат...
Мирлан Бакиров: Кыргызстан ушул уюмга киргенден бери Казакстан менен соода алакада бири-бирин түшүнгөн, жылуу мамиле кыла албай келатабыз. Бул маселеде бир гана экономикалык кызыкчылык эмес, саясат аралашып кеткендей сезилет. Албетте, ар бир мамлекет өз базарын, өз кызыкчылыгын коргоого аракет кылат. Менин жеке пикиримде, казак тарап Кыргызстандын товарларынын башка өнөктөш мамлекеттерге өтүшүнө кызганыч менен мамиле кылып, тоскоолдук жаратып жатат...
(Талкууну толук варианты менен видеодон таанышыңыз)
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.