Корутундуда бул тармактагы ветеринардык жана фитосанитариялык көзөмөлдөөнүн абалы жакшырбаса, Кыргызстандын өндүрүшүнөн чыккан эт азыктарын Бажы биримдигинин аймагына экспорттоого тыюу салынары эскертилген. Адистер бул тармакты жакшыртуу боюнча кеңири чаралар көрүлмөйүнчө Кыргызстан жакынкы жылдары эт азыктарын экспорттой албай турганын белгилешти.
Инспекторлордун иликтөөсү эмнени көрсөттү?
Бажы биримдигинин ветеринардык кызматтарынын адистеринен турган топ Кыргызстанда эт азыктарын өндүргөн беш компанияны "Евразия экономикалык биримдигинин аймагына экспорттоочу боло албайт" деген корутунду чыгарган. Бул тизмеге колбаса, сосиска сыяктуу эт азыктарын өндүргөн “Шер”, “Чабрец”, “Риха” жана “Баркад” сыяктуу компаниялар кирген. Мындай чечимге Кыргызстандагы жана ага үчүнчү бир өлкөлөрдөн кирген эт азыктарын көзөмөлдөөнүн начардыгы себеп болгон.
Кыргызстандын соода, өнөр-жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев инспекторлор тобунун бул тармакка дооматы жүйөлүү экенин айтты:
- Бизде заманбап лабораториялар азыр жок. Эски советтик үлгүдөгүлөрүнүн техникалык шарттары талапка жооп бербейт. Этти бузуп, талапка ылайык даярдап, сактай турган эт комбинаттары эбак таланып кеткен. Ошондуктан мал союучу жайлардын абалы дагы жакшы эмес. Ошол эле кезде малдын ылаңы азыр бизде жыл сайын ар кайсы райондон чыгып жатат. Ага карата ветеринардык толук көзөмөл начар иштөөдө. Бул өксүктөрдү тез арада оңдошубуз зарыл.
Талаптар бирдей, жагдайлар башка
Бажы биримдигинин текшерүүчүлөрү өз корутундусунда Кыргызстандагы эт азыктарын өндүрүү тармагындагы өксүктөр катары он бир негизги кемчиликти атаган. Анда эт азыктарын заманбап лабораториялык изилдөөнүн жоктугу, формалдуу ветеринардык көзөмөлдөө ыкмасы жана эпизотиялык абалды жөнгө салуунун начардыгы сыяктуу мисалдар келтирилген. Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Байымбет Мураталиев коюлган талаптар боюнча мына буларга токтолду:
- Ветеринардык талаптар негизинен бардык жерде бирдей эле. КМШнын аймагында бирдей эле ветеринардык жана фитосанитардык эрежелер бар. Ошону менен иш алып барабыз. Анан эми алардын ичинен кайсыл шарттар боюнча деген маселе бар. Ошонун кайсыл жагына биздин шарттар жооп бербей жатканын мен билбейт экем. Анан ал айтылган кайсыл талап аны майдалап, аныктап, тактап карап чыгуу керек.
Бирок ошол эле кезде айыл чарба азыктарын экспорттоо үчүн тиешелүү техникалык талаптарды жөнгө салуу боюнча иш-аракеттер өтө эле жай жүргөн дешет адистер. Заманбап лабораторияларды куруп, эт азыктарын даярдоо өндүрүшүн стандарттарга шайкеш келтирүү үчүн көп каражат талап кылынары айтылып жүрөт. Мына ошондуктан эксперт-талдоочу Марат Мүсүралиев Кыргызстан жакында эт азыктарын чет өлкөгө экспорттой албайт дейт:
- Мына ушундай ветеринардык оор жагдайда көйгөйлөрдү эки айда чечип, май айына чейин анын бардыгын жөнгө салып туруп, Бажы биримдигине кирип кетебиз деген болбогон сөз. Бул көйгөйлөрдү чечүүгө катуу белсенгенде дагы, жок эле дегенде үч-төрт жыл кетет. Анан ошого ылайык, тиешелүү чыгымдар бар. Ага көп каражат жумшоо зарыл. Ошондо гана тиешелүү шарттар түзүлөт.
Буга чейин Айыл чарба министрлиги Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин Евразия экономикалык биримдигинин рыногуна жылына 50 миң тоннадан ашуун эт жана эт азыктарын экспорттой алат деп жарыялаган болчу. Ошол эле кезде ветеринардык жана фитосанитардык шарттарды жөнгө салуу үчүн канча каражат жана канча убакыт керек болору ачык айтылган эмес.Орусия мына ушул шарттарды камсыздоо үчүн Кыргызстанга бир нече миллион доллар жардам берерин убада кылган. Бирок ал каражат азырынча Кыргызстанга келип түшө электиги айтылган болчу.