Спектакль жиндиканадагы окуяларды чагылдыруудан башталат. Мында жан дүйнө дартына чалдыккан ар кандай адамдар жатат. Бирок акырындап ошол адамдар сырттагы арам дүйнөнүн, социалдык теңсиздиктин, чирик дүйнөгө болгон ач көздүктүн, мансапкорлуктун, кошоматчылыктын курмандыгы экени чечмеленип берилет.
Жиндиканада дарыланып жаткандардын бири Жазира колунда бар, кадырлуу инсандын жалгыз кызы. Капилеттен аны балдар үйүндө тарбияланган бир томолой жетим бала сүйүп калган болот. Аны ата-энеси билип, өзгөчө атасы караманча каршы чыгат. Ушундай учурда жигит кокусунан эле өз өмүрүнө кол салды делип каза болот. Кыз мындан улам сүйгөн жигиттин элесинен кутула албай депрессияга түшөт. Атасы Жазирага көп акча чачып дарылап алам деп аракеттенет.
Азыркы муундун турмушу чагылдырылган спектаклди көрүп чыккан жаштардын бири Болсунбек Расулбеков сахнадан алган таасири менен бөлүштү:
- Атасы кызынын ден соолугун акчага сатып алгысы келет. Дарыгерге “канча акча алсаң ал, бирок кызымды сакайт”, - деди. Бирок ден соолукту акчага сатып алганга болбойт да. Тиги байкуш дарыгер кызга жардам берем деп жүрүп, өзү дагы майып болуп калды. Ушундан улам мен бул спектаклден акча эч нерсе чечпейт деген маанини түшүнүп калдым. “Азыркы заманда баарын акча чечет” дей беришет. Бирок андай эмес.
Капилет жиндиканада дарыланып жаткан кыз менен дарыгердин ортосунда сүйүү оту тутанат. Бирок дарыгер да балдар үйүндө тарбияланган томолой жетим эле. Бул ортодо атасы кызын байлык, бийлик үчүн адамзатка тиешелүү бардык баалуулуктарын алмашып ийген чөйрөдөгүлөрдүн бирине турмушка узатканга кам көрүп жаткан.
Окуянын жүрүшүндө той бузулуп, Жазира сырттагы ыпыластыктарга туруштук бере албай жиндеп кеткен дарыгеринин колунан каза табат. Атасы да болочок күйөө баласынын колу менен өлтүрүлөт.
"Арт Ордо" театр фестивалынын калыстар тобунун мүчөсү, режиссёр, театр таануучу Жаныш Кулмамбетовдун айтуусунда, бул спектакль менен казак театры бүгүнкү турмуштук драматизмге, коомдун психологиялык абалына токтолуп, материалдык байлыкты, бийликти алдынкы планга чыгарган чөйрөнү аёосуз сындаган:
- Биринчиден, бул спектаклдеги драматизм ар бирибиздин көкүрөгүбүздө, көз алдыбызда турат. Мында биз көрүп жүргөн коомдун маселеси козголгон. Бул спектаклди жаш режиссер койгон экен. Демек жаш муундун бүгүнкү көрүнүштөргө кайдыгер карабай турганын байкасак болот. Мында салттуу драматургия менен курч окуялуу драматургия жана шарттуу драматургия ширетилген экен.
Кулмамбетовдун пикиринде, оюн коюуда пайдаланылган көркөм каражаттар, ыкмалар режиссёрдун жетилген кесипкөй экенин көрсөтүп турат.
Режиссёр Нурлан Абдыкалыков бул драма курч окуялуу тасмалардын таасиринен улам жаралган деген пикирде:
- Мен Казакстанда көптөгөн жаңы стилдеги драматургдар бар экенин билем. Менимче, ал жакта пьеса жазгандарга жакшы төлөйт окшойт. Албетте, учурда кошуна өлкөдө адабияттын киттери көп. Ошол эле учурда ортоңку деңгээлдеги жазуучулары, драматургдары да толтура. Спектаклде көптөгөн жанрлар камтылганын көрдүк. Мындан улам мен драманын автору жана режиссеру көптөгөн курч окуялуу тасмаларды көргөнүн байкадым. Акырында ошол убакка чейин болгон окуялардын баары бир кишинин фантазиясы болуп чыкпадыбы. Албетте, булардын баары батыш тасмаларынан жана Европа театрларынан келген агым. Бирок ошого карабай башкы каармандар өз ролдорун ийине жеткире аткарды. Мен билгенден алар театрда жана кинодо белгилүү актёрлор.
Нурлан Абдыкалыковдун пикиринде, бул эксперименталдык спектакль экендиги менен көрүүчүлөрдү өзүнө тартары бышык. Бирок аны казак театрындагы жаңылык деп айтканга болбойт. Абдыкалыков учурда кыргыз театр искусствосунда азыркы турмушту чагылдырган мындай драмалар жокко эсе экенин белгиледи.
Мухтар Ауэзов атындагы казак академиялык драма театры койгон “Каш кагым” спектаклинин режиссёру - Елик Нурсултан. Драманын автору Казак Республикасынын сенатору, журналист Жабал Ергалиев.
"Арт Ордо" театралдык фестивалы 23-октябрга чейин уланат. Кароо-сынакка Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Татарстандан келген алты театр жана жергиликтүү сегиз театрдын жамааты катышат. Коюлган спектаклдерди эл аралык эксперттерден түзүлгөн калыстар тобу сынактан өткөрөт. Сынакка Казакстандан келген эки спектакль, калган өлкөлөрдөн бирден катышат. Баш-аягы 12 конкурстук спектакль бар. Ал эми башка спектаклдер конкурстук эмес негизде көрүүчүлөргө тартууланат.