Адатта кышкысын үзгүлтүккө учурабаган ысык суу жана жылуулук Кашка-Суудагы көп кабаттуу үйлөргө бул сезондо декабрь айынан бери берилбей, ал аймакка таандык от казан иштебей турат. Ушундай эле жагдайга Восход кичи районунун тургундары дагы кириптер болуп жатышат.
Жергиликтүү тургундар "Азаттыкка" арманын айтышты:
"Ысык суу келбейт, жылуулук да жок".
"Мурда ысык сууга бир сезондо 4-5 миң сом чыкчу. Былтыр келгендей болгон. Быйыл бир эле жолу келип, ошону менен токтоп калды. Бир-эки күн оңдоп жатабыз деген, бирок ушуга чейин жок".
Восход кичи райондун кондоминимумдун башчысы Гүлзат Маразыкова ал жердеги жагдай тууралуу буларды айтты:
- Восход районунда жылуу сууну өчүрүп салган, алар "сууну өчүрсөк жылуулук бериле баштайт" деп айтышкан. Бирок андай болгон жок. Андан тышкары декабрь айында көп чыгым болдук, анткени ысык суунун түтүгү менен муздак суунун түтүгү кетчү. Анткени ысык суунуку жанында болуп, кышкысын муздак суу тоңчу эмес. Быйыл ысык сууну өчүрүп салганда декабрда муздак суу тоңуп калып, жер төлөдөгү түтүктөр, ал гана эмес, үйлөрдүн ичиндеги трубалар да жарылып, анын баарын алмаштырууга аргасыз болдук.
Маалыматтарга караганда, азыр Кашка-Суу жана Восход кичи райондорунун тургундарынын басымдуу бөлүгү жылуулуктан баш тартып, батарейка түтүктөрүн борбордук жылытуудан ажыратып алышкан. Буга жылуулуктун ырааттуу болбой, ошол эле учурда төлөм акылардын көп болуп жатышы негизги себеп болгон. Анткен менен от казандын кызматынан пайдаланып жаткан тургундар деле жылуулуксуз жана ысык суусуз кыш чилдеде кыйналып жатышат.
Жылуулук ишканасынын башчысы Эмил Ногойбаев от казанды иштетпей коюуга ашыкча чыгымдардын көп болуп жаткандыгы менен Кашка-Суу кичи районун мисалында мындайча түшүндүрдү:
- Биз ал от казанды бала бакчаны жылытып жатканда иштетип турганбыз. Бирок учурда бала бакча электр жылуулукка өткөндүгүнө байланыштуу өчүрүүнү туура көрдүк. Анткени ал от казандан 43 абонентке ысык суу берүү чыгашалуу болууда. Алардан бизге түшкөн 16 миң сом болсо, биз от казанды иштетүүгө 250 миң сомго чыгаша болуп калуудабыз.
Шаар бийлиги болсо кыштын күнү мындай чечим кабыл алынбаганын айтып, дооматты шаардык жылуулук ишканасына оодарууда. Каракол шаардык мэриясынын алдындагы турак жай коммуналдык чарба секторунун башчысы Эрлан Исаев буларды айтты:
- Бул боюнча мэрия, шаардык кеңеш да эч кандай уруксат берген эмес. Учурда жылуулук ишканасы өздөрү өчүрүүгө аргасыз болгонун айтышууда. Буга дейре өчүрбөгүлө деп протоколдук тапшырма берилген. Ал эми учурда ысык суу өчүрүлүп, ал жактагы үйлөрдүн жер төлөлөрүндө түтүкчүлөр тоңуп калды. Учурда өчүрбөй, кайрадан иштеткиле деп кайрылуудабыз. Азыркы от казан иштетилбей турат. Көмүрдү жага берүүдөн жылуулук ишканасына көмүр жагы да акча каражатына келип такалып жатат.
Каракол шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Автандил Абдыкадыров маселени көмүрдүн тартыштыгы менен байланыштырды. Ал Балыкчыдан көмүрдү көл аркылуу баржа менен ташуудагы уюштуруу иштерине токтолду:
- Көмүр түшүрүү да маселе экен, облустан көмүр ташыш үчүн 7 миллион сом бөлүнгөн. Машине менен ташыйбыз деп салыптыр, бир тонна көмүрүнө 750 сом болот экен, ал эми кеме менен ташуу 500 сом экен. Бул эмне деген акмакчылык? Облустан шарт түзүп берип жатса, кайра тескери кылып жатышат. Учурда бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, көмүрдү эсептеп чыгышууда. Ал эми Кашка-Сууда болсо от казанды өчүрүп салып, эми иштете албай жатышат. Аларга атайын каражат бөлүнүп берилсе да, чыгаша болсо да кыштын ортосунда жылуулукту өчүрүп салуу туура эмес.
Жылуулук ишканасынын башчысы Эмил Ногойбаев көмүр жок деген дооматты четке кагып, тендерде уткан ишкана ырааттуу жабдып жаткандыгын жана ал февраль айынын аягына дейре уланарын билдирди.
Тургундардын даттанууларынын негизинде азыр Каракол шаардык кенеши түзгөн атайын комиссия шаардыктарды жылуулук менен жабдуу иштеринин абалын текшерип жатат.