Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:59

Элеттиктерди күттүргөн тез жардам имараты


Бүтпөй жаткан имараттын кире бериши.
Бүтпөй жаткан имараттын кире бериши.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү тез жардам кызматынын төрт бөлмөлүү чакан имаратын эки жылдан бери куруп бүтө албай келет.

Айылдык кеңештин айрым депутаттары чакан имараттын курулушу 4 миллион сомго бааланганын сындашууда. Айыл өкмөт башчысы “курулуштун сметасын архитектура түзүп берген” деп, имарат кымбат болуп калганы андан көз каранды эместигин айтты.

Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү эки жыл мурда айылдык тез жардам бекетин кура баштаган. Толук бүткөндөй болгон имарат эки жылдан бери кулпусу ачылбай, жабык турат. Анткени 2 миллион сом коротулган төрт бөлмөлүү имарат толук бүтпөй калган. Көрсө тез жардам кызматына деп долбоорлонгон чакан курулуштун сметасы 4 миллион сомго түзүлгөн экен. Тактап айтканда, ар бир бөлмөнүн баасы 1 миллион сомдон болмок.

Кызыл-Кыштактагы “Жаңы-Турмуш” аттуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Жеңишгүл Калмаматова айыл өкмөткө үч жолу барып да тез жардам кызматынын тагдыры тууралуу оңдуу жооп албаганын айтып берди:

- Мен эмканага жаңы жетекчи болуп келгениме эки жыл болду. Тез жардам кызматынын имараты менден мурунку жетекчинин тушунда 2016-жылы кышында курулган экен. Адашпасам 2 миллион сом коротулуптур. Аны бүтүрүп ишке киргизүүнү эл менден талап кылып жатат. Мен айыл өкмөт башчыга үч ирет кирдим. Имаратты ишке берүүнү тездетүүнү сурандым. Ал “имарат сен жок учурда курулган. Ага сенин тиешең жок. Ачкычын албай эле кой. Сен ага киришпе” - деген. Ошол бойдон калды. Андан бери бир-экөө келип текшеришкен. Алар “имаратта 2 миллион сомдук жумуш жок” – деп кетишкен. Эшиктерин, имараттын ичин да, тышын да жараксыз деп кетишкен. Ошол бойдон колдонууга берилбей турат.

Дилмурат Рахманов.
Дилмурат Рахманов.

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин айрым депутаттары элеттик тез жардам кызматы үчүн зарыл имаратты курууга бөлүнгөн каражаттын өлчөмүн өтө көп дешет. Мисалы, жергиликтүү кеңештин депутаты Дилмурат Рахманов төрт бөлмөлүү имараттын курулушун 4 миллион сом деп баалоо коррупциянын анык далили деп эсептейт:

- Төрт бөлмөлүү имараттын сметасын 4 миллион сом деп эсептөөнүн өзү коррупция да. Эки жыл мурун 2 миллион сомду бөлдүрүшкөн. Кечээ жакында айыл өкмөт анын курулушуна дагы эки миллионго жакын акча бөлүү маселесин айылдык кеңешке койгон. Бирок мен ага каршы болдум. Анткени бул өтө кымбат. Биз мамлекеттик каражатты сарамжалдуу, максаттуу пайдаланууга милдеттүүбүз.

Айыл өкмөтү айылдык тез жардам имаратынын 4 миллионго түзүлгөн сметасын экиге бөлүп, биринчи тендерге 2 миллион жумшаган. Курулуштун биринчи бөлүгүн уткан “Араван курулуш” аттуу ишкана 2 миллион сомго ошол чакан имаратты тургузуп, ичи-тышын шыбап, сырдап, эшик терезелерин орнотушкан. Эми сметадагы калган 2 миллион сомго даараткана менен имараттын короосунун тосмосу жана ичиндеги айрым кемчиликтер гана оңдолушу пландалууда.

Шарабидин Капаров.
Шарабидин Капаров.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров сөз болуп аткан тез жардам кызматынын курулушуна корогон каражатты Эсеп палатасынан бери текшерип, мыйзам бузууларды таппай кетишкенин билдирди. Капаров "курулушту түшүнбөйм" деген жүйө менен сөз болуп аткан имараттын чыгымы боюнча кенен жооп берген жок.

- Ал имарат бүтө элек. Себеби айылдык кеңештен акча бөлдүрө албай жатабыз. Калган акча бөлүнсө бүтөт. Ал боюнча бардык маалымат биздин эсепканада бар. Буга чейин да ал имараттар боюнча жазышкан. Эсептөө палатасы атайын комиссия менен келип текшерген. Эми калган бөлүгүнө акча бөлүп тендер жарыялайбыз. Эң арзан бааны ким сунуштаса ошол утуп алып бүтүрөт. Мен курулушту жакшы түшүнбөйм. Курулуштун чарчы метри канча сомго туура келгенин мен так билбейм.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү буга чейин айыл өкмөттүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө 6.5 миллион сом коротушкан. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү 5 миң кожолукта 31 миң калк жашайт. Айыл өкмөттүн бюджети 40 миллион сом. Айылда жол, суу, жарыктандыруу, бала бакча сыяктуу көйгөйлөр көп.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG