Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Кайнардагы каргаша үч өмүрдү жалмады


Көмүр шахталарынын биринде өз алдынча көмүр казган адам. Кыргызстан
Көмүр шахталарынын биринде өз алдынча көмүр казган адам. Кыргызстан

Кара-Суу районундагы Кайнар көмүр кенинде бир өспүрүм, эки мектеп окуучусу уранды астында калып каза тапты. Учурда өкмөт алардын өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүүнү тиешелүү органдарга тапшырганы маалым болду.

Бүгүн, 7-ноябрда үч кишинин өлүмүнүн себебин иликтөөнү өкмөт башчы Темир Сариев Мамлекеттик экотехинспекция кызматына тапшырып, бул үчүн үч күн мөөнөт бергени маалым болду.

5-ноябрда Кожокелең айылынын жети тургуну Кайнардагы ачык шахтадан көмүр казып жатканда үстүдөгү бош топурак көчүп түшкөн. Жергиликтүү тургундар төрт адамды дароо куткарууга үлгүрүп, калган үчөөн аман алып чыгууга жетишкен эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Абдишарип Бекилов буларды билдирди:

- 5-ноябрда күндүзгү саат бир чамасында ошол айылдын үч тургуну Кайнар кенине барып, өз алдынча көмүр казып жаткан учурда уранды басып калган. Учурда окуянын себептерин жергиликтүү бийлик менен укук коргоо кызматкерлери иликтеп жатышат.

Жергиликтүү тургундар 22 жаштагы Абдижалил уулу Шерибекти, 13 жаштагы Таалай уулу Сыймыкты жана 15 жаштагы Муратбек уулу Мухидинди өз убагында куткарууга үлгүргөн эмес. Алардын сөөгү 6-ноябрда жерге берилди.

Ош облустук милициясынын өкүлү Жеңиш Ашырбаев маркумдардын жакындары милицияга арыз жазуудан баш тарткандан улам кылмыш иши козголбогонун айтты.

- Маркумдардын туугандары эч кимге эч кандай дообуз жок деп, арыз да жазбай, балдардын сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өктөрүүдөн да баш тартышты. Азырынча балдар кырсыктан алган жарааттан улам каза табышты деген бүтүм чыккан.

Айылдыктардын айтымында, көмүр кенине соодагерлердин жүк ташуучу унаалары киргизилбейт. Мындан улам алар жергиликтүү тургундар казып чыккан көмүрдү сатып алышат. Кырсык болгон Кожокелең айылынын атын атагысы келбеген тургуну, айылдагы балдардын көпчүлүгү казган көмүрүн сатып, өзүнө тыйын-тыпыр табарын айтууда:

- Азыр каникул. Балдар бош. Дегеле кенге баргандар көмүрдү үйүнө алып келеби же сатабы бир кудай билет. Бирок ошол жердеги аксакалдардын “Айылдагы балдар көмүрдү каптап эшекке жүктөп келип, алып-сатарларга өткөрүшөт. Ошого жаман үйрөнүшкөн” деп сүйлөнүп атышканын кулагым чалды.

Окуя боюнча Кайнар көмүр кенинин ээси менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Кожокелең айылындагы жалгыз көмүр кени кечеги окуядан соң ишин токтоткон.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, премьер-министр 7-ноябрда мындай кайгылуу окуя кайталанып жаткандыгын белгилеп, көмүр казып алууда техникалык коопсуздук сакталбаганы үчүн адам өлүмү болуп жатканын эскертти. Сариев ошондой эле кишилер өлгөн Кайнар шахтасы кимге тиешелүү экенин аныктоону Мамлекеттик экотехинспекция кызматына тапшырып, айыптууларга кылмыш ишин козгоого милдеттендирди.

XS
SM
MD
LG