Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

Текебаев-Чотонов соту: өкүм чыгарына аз калды


Сүрөт Игорь Коваленконуку. Автордун уруксаты менен алынды.
Сүрөт Игорь Коваленконуку. Автордун уруксаты менен алынды.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн сот жараяны аягына чыгып калды. Ушул аптада тараптардын жарыш сөзү башталды. Анын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоо оппозициячыл саясатчыларды 10 жылга чейин кесүүнү суранса, айыпталуучулар козголгон кылмыш иш толугу менен далилденбегенин айтууда.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн соттук жараянда материалдар иликтенген соң тараптардын жарыш сөзү башталды.

Жарыш сөз жүрүшүндө алгач сөз алган мамлекеттик прокурорлор кылмыш ишти териштирүүдө айыпталуучулардын күнөөсү толугу менен далилденди деп эсептейт.

Прокурорлордун жүйөсүндө, "атамекенчи" саясатчыларга каршы элүүдөн ашык көрсөтмө, далил бар.

Буга байланыштуу прокурор Нурдин Исраилов Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон сурады:

- Кылмыш пайда көрүү максатында жана жеке кызыкчылыктан улам жасалганын айтсак болот. Соттолуучулардын күнөөсүн жеңилдетүүчү жагдайлар жок. Урматтуу сот, жогорудагылардын негизинде Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, анын үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратууну жана үч жылга белгилүү бир кызматты ээлөө укугунан ажыратууну сурайм. Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевичти үй-мүлкүн мамлекетке өткөрүү менен сегиз жылга эркинен ажыратууну жана үч жылга белгилүү бир кызматты ээлөө укугунан ажыратууну сурайм.

Сүрөт Игорь Коваленконуку. Автордун уруксаты менен алынды.
Сүрөт Игорь Коваленконуку. Автордун уруксаты менен алынды.

Мамлекеттик айыптоонун негизги далилдери Текебаевге каршы арыз жазган орус ишкерлери Леонид Маевский менен Алексей Модиндин көрсөтмөлөрүнө негизделген..

Алар 2010-жылы Текебаевдин "Альфа телеком" уюлдук компаниясынын башкаруусуна кирүүгө шарт түзүп берем деген убадасына ишенип, ири суммадагы пара бергенин айтышкан эле.

Мамлекеттик айыптоодон соң жарыш сөз айыпталуучу тарапка берилди. Анын жүрүшүндө Өмүрбек Текебаевдин сөзү бир жарым күнгө созулуп, дале болсо аягына чыга элек.

Анда Текебаев негизинен соттук териштирүүнүн жүрүшүндөгү күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө жана айрым документтерине таянуу менен УКМК жана Башкы прокуратура таккан айыптар толугу менен жокко чыкканын айтты.

Ошондой эле айыптоочу тараптын көрсөтмөлөрүн тергөөчүлөр бир нече жолу ыңгайына жараша өзгөртүп, бурмалаганын билдирди.

Өмүрбек Текебаев Маевский менен "Альфа телекомдун" айланасында байланышы болбогонун, андан эч кандай пара албаганы толук далилденди деген пикирин билдирди:

- Кыргызда "Калптын казаны кайнабайт, өмүрү кыска" деп коет. Эми ушинтип эле айрым адамдарды айттырып коюп, ошону менен соттоп жиберебиз, ошону менен Текебаевдин кабинетинде Маевский болгонун далилдейбиз деп ойлошот. Бирок жалганды жасаш кыйын. Тергөөчүлөр бир убакта, бир жерге белгилүү курамдагы адамдарды алып келе алабы? Андай болбойт. Себеби андай окуя болбогон соң ар бир адамдын кайда жүргөнүн көргөн-билген адамдар болот да. Ушунун өзү эле тергөөчүлөр менен Башкы прокуратуранын далилдерди фальсификациялоого аракет кылганын көрсөтөт. Бул кылмыш…

Өмүрбек Текебаев бийлик болбогон ишти жалган күбөлөрдүн жардамы менен саясий оппоненттерине жармаштырууга аракет кылып жатат деп кошумчалады.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарыш сөз башталганы иштөө мөөнөтү боюнча да талаштар чыкты. Ишти карап жаткан судья Айбек Эрнис уулу эки күн катары менен жумуш убактысы бүткөнүнө карабай жараянды кечки саат сегизге чейин созуп жатты.

Соттолуучулардын жактоочулары жана тарапкерлери муну саясий буйрук, судья тез арада өкүм чыгарууга шашып жатат деп баалашты.

Оппозициячыл саясатчыга өкүм чыгат дегенден бери акыркы соттук жараяндарга өлкөдөгү саясатчылар, коомдук ишмерлер жана тарапкерлери келип катышууда.

Алардын катарында мурдагы президент Роза Отунбаева Текебаевдин соту саясий буйруктун негизинде жүрүп жатканын, өлкө сот реформасына муктаж экенин билдирди:

- Сот реформасы дейбиз, бирок анын ашмалтайы чыгыптыр. Көрүп жатабыз. Бул сот саясий буйрук. Коомдо бул жөнүндө дискуссия жок. Саясий буйрукту аткарган сот, прокурорлорду люстрацияга кетирүү керек. Биз 2010-жылы Жогорку Соттун беш судьясын люстрация кылганбыз. Бирок алардын бир тобу кайра иштеп жатат.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго ушул жылдын февраль айында коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Айыпталуучулар муну саясий куугунтук катары сыпаттап келишет.

Алты айдан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып турган саясатчылардын үстүнөн сот жараяны Бишкектин Биричи Май райондук сотунда 5-июнда башталган.

Жараян жүрүшүндө арыздануучулар, Убактылуу өкмөтүнүн бир катар мүчөлөрү баш болгон күбөлөр көрсөтмө берди.

Ал аралыкта президенттикке талапкерлигин койгон Өмүрбек Текебаев соттук ишке байланыштуу мамлекеттик тил сынагын тапшыра албай, талапкер катары каттала алган жок.

Буга чейин учурдагы президент Алмазбек Атамбаев Текебаевдин дарегине бир катар сындарды айтып, сот чечимин күтүү керектигин билдирген эле:

- Мен сотко басым кылгым келбейт, өзү чечим кабыл алсын. Бир гана Текебаев эмес, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менден кийин да жооп беришет. Мен Бекназаров менен Отунбаева даярдаган улутташтыруу жөнүндөгү декретте 51 пайызды улутташтыруу боюнча маселе эмнеге кирбей калганын эң сонун билем. Ал эми өзүм жасаган иштерге ар дайым жооп берем.

Өмүрбек Текебаевдин соттук иши дүйшөмбү күнү да уланат. Анын жүрүшүндө саясатчы жарыш сөзүн бүткөн соң, адвокаттары сүйлөйт.

Андан кийин сот өкүмү чыгары күтүлүп жатат.

Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөзү. 12-август, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG