Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Текебаев-Чотонов соту: кезек жарыш сөздө


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун соту жарыш сөзгө жетти.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши Биринчи май райондук сотунда 7-августта да уланды. Отурумда айыпталуучулар көрсөтмө беришти.

Текебаев мамлекеттик айыптоочулар менен жактоочулардын суроолоруна жооп берип жатып, тергөөдө анын кылмыш жасаганы боюнча бир да далил келтирилбегенине токтолду. Ал көрсөтмөсүн алты жолу өзгөрткөн күбөлөрдү жоопко тартуу керектигин белгиледи.

- Маевский, Модин жана Абдрахманов көрсөтмөлөрүн өзгөртүп жатышат. Анткени улам карама-каршылыктар чыгып, алардын жалганы аныкталып жатат. Мен мунун баары тергөөдөгү фальсификация аракети деп билем. Фальсификация үчүн жалган көрсөтмө берген Маевскийлерди мыйзамга ылайык кылмыш жообуна тартуу керек. Бул иш аман-эсен бүтүп калса, алар жооп берчү күн да алыс эмес.

Андан соң тараптар Чотоновдон көрсөтмө алышты. Ал кылмыш иши саясий буйруктун негизинде гана козголуп, Текебаевди камоо башкы максат болгон деп билдирди. Чотонов тергөөчүлөр үч айга чейин “эгер Текебаевге каршы көрсөтмө берсең бошотобуз” деп шарт койгонун соттук отурумда айтты.

- Мага үч ай ичинде сиз күбө катары чыгып кетүү шансыңыз бар деп айтышты. Ооба, ошондой болгон, бирөөлөр айтып жаткан, уккам десеңиз камактан чыгасыз дешти. Ким экенин айтпайм бирок. Эртең эле кыйкырып чыгышат. Үч айда менден үмүтүн үзгөндөн кийин кылмыш ишин өзгөртө башташты. Ошондон кийин гана менин атымды айыпталуучулардын катарына кошту.

Ошентип айыпталуучулар көрсөтмө берип болуп, кезек жарыш сөзгө жетти. Текебаев менен Чотоновдун жактоочуларынын өтүнүчү менен жарыш сөз шаршембиде уланмай болду.

Ал арада Текебаевдин Базар-Коргондогу тарапташтары да ачкачылык жарыялаганы белгилүү болду. Текебаевдин карындашы Нурила Текебаева мындай дейт:

- Ачкачылык акциясын бешөөбүз баштаганбыз. Эки баатыр эне кошулуп жети киши болдук. Акциябыз мөөнөтсүз. Текебаевдин бошотулушун жана кыргыз тил сынагына киришин талап кылабыз.

Текебаев менен Чотоновдун Бишкектеги беш тарапташы да бир нече күндөн бери ачкачылык акциясын улантып келишет.

Текебаевдин тарапкерлери ачкачылык акциясын токтото элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

Орус ишкерлери Маевский жана Модин Текебаев менен 2010-жылдын 13-майында жана 21-декабрында жолугуп, миллион доллар пара бергенин айтып келишет. Алардын белгилешинче, Текебаев “Мегаком” компаниясын алардын пайдасына иштетүү үчүн миллион доллар пара сурап, 300 миң долларды бир, 700 миң долларды өзүнчө беришкен. Модин буга чейин берген маегинде мындай деген:

- Маевскийдин Текебаев менен алгачкы таанышуусу 2010-жылдын май айында болгон. Жолугушуу өкмөт үйүндөгү Текебаевдин кабинетинде болгон. Ага Текебаев, Чотонов, Маевский, Маматкеримов жана мен катышкам. Ошентип суралган акчанын 300 миң долларын бир, 700 миң долларын өзүнчө бергенбиз. Текебаев кийин убада берген ишин бүтүргөн жок же акчабызды кайтарган жок.

Текебаев болсо Маевский менен 24-августта Бишкекте, 1-сентябрда Москвада жолукканын тастыктап, жолугушууда “Мегаком” маселеси көтөрүлбөгөнүн айтууда.

Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда УКМКнын тергөө абагына камалган. Башкы прокуратура ага орус жараны Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар пара алган деген доонун негизинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Соттолуучулар айыптоону саясий буйрук деп четке кагууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG