Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Журналисттер жоопкерчилигин унутпаса


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык журналисттер 7-ноябрда кесиптик майрамын белгилешип, аларды бардык мамлекеттик мекеме, уюмдар жана жарандар куттукташат. Анткен менен “журналисттер чуулгандуу маалымат гана издеп, адамдын беделин түшүргөн кабарларды таратат” деген көз караш өзгөргөн жери жок.

"Арай көз чарай" талкуусунун майрам алдындагы уктуруусу "Журналисттердин социалдык жоопкерчилигин кантип калыптандыруу керек?" деген маселеге арналды.

Талкууга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин башкы адиси Шеримбек Кумаев, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри, азыр “NewTV” телеканалынын жетекчиси Нурлан Шакиев жана Чүй облустук “СТВ” телеканалынын директору Калыбек Тайтекеев катышты.

"Азаттык": Кыргызстанда “сөз эркиндиги менен журналисттердин ээн ооздугу бирдей деңгээлде, алар адамдын ар-намысына шек келтирип, аброюн түшүргөн негизсиз маалыматтарды таратат” деген көз караш коомдо күчтүү экени баарыбызга белгилүү.

Айрыкча, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир катар медиа каражаттарын сотко берип, миллиондогон сомдук айыптарды төлөөнү талап кылгандан кийин мындай көз караш бекемделгендей болуп калды окшойт.

Нурлан мырза, чындыгында эле журналисттер коом алдындагы социалдык жоокерчилигин сезбейт деген көз карашка макулсузбу же ага негиз жокпу?

Нурлан Шакиев: Мындай суроого бир беткей жооп берүү мүмкүн эмес, себеби эгемендиктин желаргысы менен демократия жана сөз эркиндигин ээн ооздукка теңештирген учурларыбыз бар. Аны моюнга алышыбыз керек. Көптөгөн сотко берүүлөр, дооматтар гана акыркы кезде жоопкерчиликти сезүүгө мажбур кылды.

Демек ага кийинки кезде эле жакшы көңүл бурула баштады. Журналисттер сөз эркиндиги менен жоопкерчиликти бирдей сыйлоого үйрөнүүгө мажбур болуп калышты.

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Бийлик менен медиа ортосундагы чыңалуу кыргыз коомчулугунун көңүл чордонунда турат.

Жоопкерчиликти калыптандыруу үчүн эмне кылуу керек? Биринчиден, менчиктин түрүнө карабастан ЖМКда иштегендер кесипкөй болушу керек. Андан дагы маанилүү нерсе – маалымат коопсуздугун сакташыбыз керек.

Экинчиден, бирөөнү шылдыңдап жазууга жол бербешибиз керек. Тилекке каршы, акыркы кезде колуна калем кармап көрбөгөн адамдын баары эле журналист болуп кетишти. Мындай башаламандык токтотулушу керек.

Анткен менен журналисттердин айлыгы аз, ЖМКны уюштурган кожоюндардын каалоосуна көз каранды. Бирок ошол кожоюндар биринчи кезекте өздөрү Кыргызстандын жараны экенин унутпашы керек эле. Азыр журналисттерге карата “булар жаза берет, айта берет” деген көз караш калыптанып калды. Бул өтө коркунучтуу.

Ошон үчүн журналисттер коомдо болуп жаткан көрүнүштөрдөн бир тепкичке болсо да жогору туруп, коомду ээрчитип кете турган материалдарды даярдоого милдеттүүбүз.

Андан тышкары Кыргызстанда ЖМКларга байланыштуу мыйзамдардын баары эскирди, азыркы талаптарга жооп бербей калды. Ошон үчүн тиешелүү мыйзамдарды бир да телеканал аткарган жери жок.

Журналисттердин жоопкерчилиги жана эркиндиги (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:20 0:00
Түз линк


"Азаттык": Калыбек мырза, мага журналистика бөлүмүндө сабак берген мугалимдер "журналист коомдо туруп коомдон тышкары боло албайт" деп үйрөтүшкөн. Эгер ушундай принциптин негизинде карай турган болсок, анда коомдогу көрүнүштөрдү түз чагылдырган журналисттердин коомдук аң-сезимди калыптандырууда социалдык жоопкерчилиги жок болчудай.

Себеби, азыркы кыргыз коомунда мамлекеттик мекеме-уюмдардын, алардын кызматкерлеринин, жалпы эле жарандардын бири-биринин ар-намысын, беделин түшүргөн мамилеси төмөн жана уялуу, коркуу жана мыйзамды так сактоо деген көз караш жокко эсе. Демек журналисттердин социалдык жоопкерчилигин калыптандыруу зарылбы же коомдогу мамилелерди өзгөртүү саясатын жүргүзүү керекпи?

Калыбек Тайтекеев: Кыргыз элинде “Адамды өстүргөн да сөз, өлтүргөн да сөз” деген сөз бар эмеспи, демек ар бир сөздүн артында чоң жашоо жана тагдыр жатат.

Сөзгө жараша ошол адамдын тагдыры терс же оң жагына өзгөрүп кетиши мүмкүн. Демек ар бир журналист өзү айтып жаткан маалымат үчүн жоопкерчиликти өзү алышы керек.

Маалыматтын туура эмес берилгенинин артынан коомдо карама-каршылык күчөсө, өнүгүүгө жол жабыларын баарыбыз билишибиз зарыл. Ошон үчүн журналист маалыматты ар тараптан териштирип туруп, анан коомго алып чыгууга милдеттүү. Тилекке каршы, улуттук, мекенчилдик кызыкчылыкты калыптандыруу салты түзүлгөн жок.

Эгер улуттук, мамлекеттик, мекенчилдик кызыкчылык салтка айланып, биринчи орунда турганда бардык журналисттер ошонун айланасына гана чогула алат элек. Азыр андай көз караш жок. Мындай көз карашты калыптандыруу үчүн бала бакча, мектептен баштап аракет көрүш керек.

"Азаттык": Шеримбек мырза, Кыргызстанда маалымат коопсуздугун камсыз кылып, маалымат таратуу саясатын жүргүзүү сиз иштеген министрликке жүктөлгөн. Министрлик журналисттердин ишмердигин тескөөгө ала алабы жана тескөө механизмдери жакшы аныкталган деп айтууга болобу?

Шеримбек Кумаев: Кыргызстанда бул багытта бир топ мыйзамдар кабыл алынган. Бирок алардын баары аткарылып жатат деп айта албайбыз. Жакын арада биз журналисттердин жоопкерчилигин көтөрүү маселесине арналган форум өткөрдүк. Анткени жеке ЖМКларда такталбаган көптөгөн маалыматтар кетип жатат.

Аны жөнгө салуу үчүн министрликтин маалымат жана коммуникациялар департаменти жаңыдан уюшулган телерадио уюмдар бирикмеси менен келишим түздү. Ал келишимге ылайык телеберүүлөрдө мыйзамдар бузулган жокпу деген маселеге көз салынат. Анткени журналисттер колуна тийген маалыматты тактабай, иликтебей туруп эле жарыялап жиберген үчүн коомдо тазалык, жоопкерчилик өтө ыйык көрүнүшкө айланды.

Коомдо тазалык менен жоопкерчиликти калыптандыруу үчүн кайра эле журналисттердин өзү көпүрө болуп берүүгө милдеттүү болуп калды. Ошон үчүн өкмөттүн токтомунун негизинде облустук медиаборборлорду түзүү аракети көрүлүп жатат. Ошондо кожоюндарга көз карандылык жоюлабы деген үмүт бар.

Журналисттердин жоопкерчилиги жана эркиндиги (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:55 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG