Иликтөөчү журналист, маркум Уланбек Эгизбаевдин атынан түзүлгөн фонд өлкөдөгү коррупциялык жана мыйзамсыз терс көрүнүштөрдүн ашкерелөөгө багытталган иликтөө долбоорлорду колдоого алууну көздөөдө. Кыргызстандын медиа коомчулугу бул уюм кыргыз журналистикасындагы иликтөө багытынын жандашынына салым кошот деп үмүт кылып жатат.
Мындан эки ай мурун капилеттен көзү өткөн иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган журналисттик иликтөө фондунун бет ачары Бишкекте эки жерде болуп өттү. Биринчи иш-чара саясатчылардын, медиа коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн башын кошту.
Ал эми Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетте өткөн жолугушууга Бишкектеги жогорку окуу жайлардын журналистика багытында билим алган студенттери, коомдук ишмерлер катышты.
Коомдук фонддун төрагасы Айбек Турдалиевдин айтымында, мекеме Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү максатын көздөйт:
- Фонддун негизги максаты журналисттерге, өзгөчө иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтүү. Коррупция жана башка терс көрүнүштөрдүн бетин ача турган долбоорлорду атайын сынак негизинде тандап, каржылайбыз. Ошондой эле бул багытта иш алып барган эл аралык уюмдар менен байланыш түзүп, журналисттерге ар кыл окууларды, семинарларды уюштурабыз.
Ошондой эле Турдалиев фонд иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу "Уланбек Эгизбаев" атындагы сыйлык негиздегенин кабарлады. Ал жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнүндө - 12-февралда тапшырылып турат.
Фонд коомдогу терс көрүнүштөргө көз жумуп, карап тура албаган адамдар өз ыктыяры менен берген каражаттын негизинде иш алып барат. Буга чейин фонддун эсебине алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 1 миллион сом которгон. 14-сентябрдагы иш-чаранын жүрүшүндө экс-президент коррупцияга каршы күрөштө журналисттер алдыңкы сапта болуп жатканын айтып, ага коомчулуктун колдоосу маанилүү экенин кошумчалады:
- Дүйнө жүзүндө журналисттик иликтөөлөр коррупциялык көрүнүштөрдүн бетин ачат. Андай журналисттер аз болот. Эгемендүү Кыргызстан күчтүү журналисттерди жаратты. Көп учурда каражат жетпейт, шагын сындырат. Ошол маселени чечиш үчүн ушул фонд түзүлүп жатат. Ошондуктан коомчулукту, ишкерлерди бул фондго жардам берүүгө чакырам. Жалаң эле акчалай каражат эмес, экспертиза жана башка нерседе көмөк көрсөтсө болот.
Ошол эле учурда адистер аталган уюм иликтөөчү журналисттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга көмөкчү болот деген үмүттөрүн билдирди.
"Мир" телеканалынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору, журналист Динара Сүймалиеванын айтымында, журналисттердин деңгээлин жогорулатуу да зарыл болуп турат:
- Бизде журналисттик иликтөөлөр бар. Бирок сапаты төмөн. Фактыга таянбаган, курулай айыптоолор, каралоолор менен коштолгон маалымат көп айтылат. Журналисттик иликтөөлөрдө жоопкерчилик жокко эсе. Ошондуктан фонд аркылуу "Азаттык", "Клооп" сыяктуу маалымат каражаттарынын иликтөөлөрү башка журналисттерге да өрнөк катары үйрөтүлүшү керек керек деп ойлойм.
Мамлекеттик органдар, депутаттар журналисттер козгогон, бетин ачкан жемкордук жана мыйзамсыз көрүнүштөр боюнча чара көрүлөт деп убада кылууда. Маселен, өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулунун айтымында, бул жаатта бийлик органдарына маалымат каражаттары менен кызматташуу тапшырмасы берилип жатат:
- Фонд аркылуу кандайдыр бир сунуштар, иликтөөлөр болсо, кыргыз өкмөтү колдоого даяр. Жалпы эле маалымат каражаттарында көтөрүлүп жаткан кайсы бир маселени, иликтөөлөрдө айтылган маалыматка биз көңүл буруп, иштейбиз.
Бирок "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесинин директору Айзада Касмалиева убагында Уланбек Эгизбаев ашкере кылган мыйзамсыз иштер боюнча азыркы мезгилге чейин чара көрүлбөй келе жатканын эске салды:
- Иликтөөлөр жасалып, өлкөнү артка тарткан жемкорлор көзгө сайып көрсөтүлсө дагы бийлик өкүлдөрү, тийиштүү органдар унчукпай, керек болсо тап берип жатат. Журналисттерди коркутуп, үркүтүп, бут тоскусу келген учурлар бар.
Буга чейин Уланбек Эгизбаев иликтеп, өз берүүлөрүндө көтөргөн маселелерге өкмөт эч кандай чара көрбөй жатканы парламентте да көтөрүлгөн эле. Депутат Жанар Акаев күч органдары, өкмөт коомчулуктун бүйүрүн кызыткан, уурулуктун бети ашкере болгон иштерге көз жумуп жатканын белгиледи:
- Маркум Улан “көрүстөн саткан көпөстөрдү” тизмелеп, факты менен көрсөтүп берди. Ошол убакта телефон аркылуу коркутулуулар да болгон. Элдин төбө чачын тик тургузган музейдеги коррупцияны биринчи болуп Улан Эгизбаев алып чыккан. Күзөтчү отурган отургучтун баасы 100 миң сом экенин, ал жердеги жыгач устундун баасы 600 доллар менен сатылганын Улан факты менен көрсөтүп бербеди беле? Ошол боюнча кимдер камалды, кимдер жоопкерчилик алды? Ушунун баарын өкмөт унутуп калат деп ойлойбу, дагы деле жооп жок. Улан Эгизбаев “Кыргыз темир жолу” ишканасындагы кейиштүү абалды тартып, коррупциялык схеманын бетин ачты эле. Бирок үй-бүлөсү менен башкарып жаткан көпөстөр камырабай иштеп жатпайбы?
Курч иликтөөлөрү менен белгилүү, чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, ИИМ ал сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.
Кийинчерек Эгизбаевдин ишин улантуу максатында Кыргызстанда журналисттик иликтө фондун түзүү демилгеси көтөрүлгөн.