Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Журналистке ким өчөшкөн?


Санрабия Сатыбалдиева.
Санрабия Сатыбалдиева.

Жалал-Абадда милиция журналистке кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Санрабия Сатыбалдиеванын билдиргенине караганда, 9-ноябрда ага үйүнүн жанынан бейтааныш адам бычак шилтеген. Журналист учурда облустук ооруканада дарыланып жатат.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директору Жаныбек Карабаев бейтап тууралуу мындай маалымат берди:

- 9-ноябрда түш ченде Санрабия Сатыбалдиева аттуу кыз сол колунан жараат алып ооруканага түшкөн. Билегин бычак тилип кеткен экен. Азыр оорукананын травматология бөлүмүндө жатат. Абалы туруктуу. Дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Ал эми журналист Сатыбалдиева окуя тууралуу “Азаттык” радиосуна мындай деди:

- 9-ноябрда эртең менен өзүм жашаган көп кабаттуу үйдөн дүкөнгө чыгып бара жаткам. Подъездин 3-кабатында кара кийимчен бейтааныш адам турганын көргөм. Ал мени "Санрабия" деп чакырып калды. Карасам, “сен жөн жүрө албай калгансыңбы?” деди. Мен "сизге түшүнө алган жокмун" деп жооп кайтардым. “Документтерди мага бер” деди. Менде эч кандай документ жоктугун айтсам, “акыркы жолу эскертип жатам, экинчи ирет кайра келбейм” деп айтты. "Кимдин адамы болсоң да мени коркута албайсың" деп басып бараткам. Анан эле түртүп жиберди. Сол колум ысый түштү, карасам канап жаткан экен.

​Бул окуя боюнча иш козголуп, териштирилип жатканын Жалал-Абад шаардык милициясы кабарлады. Маалыматка караганда Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин Кылмыш-жаза кодексинин 151-беренесинин (Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу) негизинде козгогон.

Анткен менен жабырлануучу расмий арыз берүүдөн баш тартты. Сатыбалдиева мунун себебин “Азаттыкка” минтип түшүндүрдү:

- Ооруканага жаткан учурдан тартып милициянын аягы үзүлбөй жатат. Азыркыга чейин эле 20га чукул орган кызматкерлери мен жаткан палатага келип кетти. Кечээ түнкү саат 10го чейин суракка алышкан. Алар “эгерде бул иштин бети ачылбай калса, кайра өзүңдүн үстүңдөн иш козгойбуз” дешти. Ошол сөздөн кийин мен жабырлануучу катары арыз жазуудан баш тарттым. Анткени бул иш акырына чейин тергелип бүтпөйт деген күмөн ой жаралып жатат. Менде ким кол салганы боюнча так маалымат жок. Буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы жана калаанын мэри боюнча бир топ сын материалдарды даярдагам. Мындан сырткары асфальт төшөө иштериндеги кемчиликтер боюнча да ишкерлерге байланыштуу материалдарды чыгаргам.

Санрабия Сатыбалдиева - "YouTube" сайтындагы Malina.TV каналынын негиздөөчүсү жана алып баруучусу. Ал эфирден түрдүү социалдык маселелерди көтөрүп жүрөт.

Мындан улам кол салууну анын ишмердиги менен байланыштыргандар да жок эмес. Алардын бири журналист - Хулькар Исамова.

- Журналисттин коопсуздугу анын ишмердүүлүгүндөгү эң негизги маселе. Анткени журналист курч жагдайларда иштеп, бийликке сын айтып, дайыма оппозициялык багытта иш алып барат. Туура эмес көрүнүштөргө, терс жагдайларга эч качан жөн карап тура албайт. Санрабия жаш болсо да ошондой журналист экенин билем. Ага болгон кол салуу журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп ойлойм. Ал өз материалдарында жогорку жана жергиликтүү бийликке сын көз карашын ачык айтып келген. Мындай учурда ал өз коопсуздугун ойлошу керек. Бирок бул эч кимди сындабаш керек же чындыкты айтпаш керек дегенге жатпайт. Чындыгында ушундай жагдайда журналист өзүнүн коопсуздугун кантип камсыздашы керек деген суроого жооп табыш кыйын. Эң негизгиси кесиптештер тилектештигин билдириши керек, - деди Исамова.

Жабырлануучу Санрабия Сатыбалдиева 23 жашта. Буга чейин Жалал-Абаддагы коомдук саясий “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана жеке менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген.

2017-жылы өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү журналистти сотко бере турганын коомчулукка жарыялап, кийин чыр элдешүү менен аяктаган. Быйыл июль айында эле журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу жеке ишкерлер анын үстүнөн прокуратурага кайрылган. Бирок иштин эмне менен бүткөнү азырынча беймаалым.

Буга чейин Кыргызстанда Бакиев режимин сындаган бир катар журналисттерге кол салуу болгон. Алардын бири каза тапса, айрымдары өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. 2016-жылы оппозициялык маанайдагы “Деньги и Власть” гезитинин баш редактору, саясий талдоочу Турат Акимовду үйүнүн жанынан сабап кетишкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG