Бирок кызматкер мындай дооматты төгүндөп жатат.
24-октябрда Жалал-Абад – Сузак жолунда болгон жол кырсыгында 15-17 жаш курактагы көкжаңгактык күлгүндөй үч улан мерт кеткен. Алардын жакындары прокуратурага маркумдардын сөөктөрү соттук-экспертизалык кароодон өткөрүлүп, жерге берилгенден кийин кайрылып отурушат. Маркум Бекзаттын апасы Лола Курбанова:
- Окуя болгон күндүн эртеси таңга маал туугандарыбыз өлүкканага балдарыбыздын сөөгүн алып кетүү үчүн барышкан. Өлүккана ачыла элек экен. Андан соң эксперттер келип, үч баланын денесинин ар бирине сегиз миң сомдон сурашкан. Биз макул болуп өлүкканага кирсек, балдарыбызды жерге таштап, үстүнө ак кепин да жаап койбоптур. Ага наразы болуп, талашып-тартышып жатып, ар бирине беш миңден, жалпысы 15 миң сом санап беришкен. Өлүктүн үстүнөн да ушинтип акча алышабы? Андан сырткары эксперттерге кол кап да сатып беришкен. Буга биз, балдардын ата-энелери нааразыбыз.
Маркум Көлбайдын апасы Мавлюда Насыкулова адамдардагы кайдыгерликти айыптап отурат. Ал эми каза болгон үчүнчү баланын - Адистин тайкеси Мундуз Эрмеков экспертизалык бюро кызматкерлери менен жолугушууда мекеме кызматкерин мындайча айыптады:
- Беш миң сомду биз макул деп эле бермекпиз. Бирок эртеси күнү тактама алалы десек, анын ар бирин 430 сом деп, булардан дагы 1500 сом сураптыр. Кайсы бетиң үчүн сурадың? Ушуну айтчы! Өлүктүн да үстүнөн ушинтип соодалашасыңбы?
Акча алды деген доого кабылып жаткан кызматкер Эрмек Бокоев дооматты төгүнгө чыгарды:
- 25-октябрь күнү тергөөчүнүн токтомунун негизинде биз өлгөн үч баланы изилдегенбиз. Кара кагаздарынын баары колдоруна берилген. Анан ошол жерде иштеген аялдар өлүктү жууп, жакындарына өткөрүп бергенбиз. Булар айтып жаткан сумманы мен алган эмесмин.
Ушундан кийин маркумдардын жакындары менен кызматкердин ортосунда чуу чыгып кетти. Облустук соттук-медициналык бюронун жетекчиси Орозбек Данияров бул иш териштирилип, дооматтар далилденсе, тиешелүү кызматкер иштен кетерин убада кылды:
- 14 жылдан бери ушул мекемеде жетекчи болуп иштеп келатам. 2010-жылдагы май жана июнь окуяларында канчалаган иштерди алып бардык. Акыркы жолу Жогорку Кеңештен атайын комиссия да келип, ишибизди текшерип кетти. Эч кандай мыйзам бузган жагдайларды аныктаган жок. Мындай окуяны биринчи жолу угуп жатам. Азыр каалаган адам келсе, өз алдыбызча текшерип бере албайбыз. Тергөөчүнүн токтомунун негизинде гана биздин эксперттер иш алып барышат. Бул жерде Профсоюз уюмунун жетекчиси, бөлүм башчылар отурасыңар. 15 миң сомду далилдей албайбыз, эгерде 1500 сомду эле алып, калганын кайтарып бербегендиги аныкталса эле жумуштан кетет. Калганын тергөө органдары териштирип берсин. Силер да менин атыма арыз жазып коюңуздар.
Үч күн мурда балдарынан айрылган энелер жол кырсыгын териштирүүнү суранып, милицияга, акча алды делген эксперттин үстүнөн даттанып, прокуратурага кайрылышкан.
Жалал-Абад облустук соттук-медициналык экспертиза бюросу ооруканалардан тышкаркы жайларда, ар кандай кырсыктардан мерт болуп калгандардын сөөктөрүн экспертизадан өткөрүп турат. Бул мекеменин өз алдынча лабораториясы жок болгондуктан экспертизалык иштер үчүн облустук биргелешкен ооруканасынын алдындагы патологиялык анатомия бөлүмүнүн лабораториясын чогуу пайдаланышат.
Патологиялык анатомия бөлүмүнүн башчысы Жусупбек Ташполотовдун билдиргенине караганда, жыл башынан бери бул лабораторияга ар кандай себептер менен көзү өткөн 400дөн ашык кишинин сөөгү жеткирилип, экспертиза жүргүзүлгөн.