Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

Баланы урган тарбиячы ишинен кол жууду


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абад шаарында балдарга кол көтөргөн тарбиячыга кылмыш иши козголду. Бул маселе Жогорку Кеңештин трибунасында да айтылды.

Бала бакчада белгисиз аял балдарды кагып-силкип, аларды уруп жаткан видео Интернетте эки-үч күн мурда тараган. Көп өтпөй окуя 15-ноябрда, Жалал-Абад шаарындагы бала бакчалардын биринде тартылганы аныкталган.

Ата-эненин арызынын негизинде Жалал-Абад шаардык милициясы кылмыш ишин козгоп, окуяны териштирип жатат.

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдубеков билдирди.

- Ата-энелер даттангандан кийин «Денеге залал келтирүү» фактысы катары ички иштер органында катталды. Баланы №21 бала бакчада иштеген 29 жаштагы тарбиячы чапкан экен. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин негизинде (жашы жетпегендерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) кылмыш иши козголду. Учурда тарбиячы үй камагына алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Дилфуза Ташматова.
Дилфуза Ташматова.

Видеодо тарбиячы урган наристе шаар тургуну Дилфуза Ташматованын кызы. Дилфуза балдарды коркуткан тарбиячы сөзсүз жазага тартылышы керек деген пикирде:

- Кызымды ушул бала бакчага апрель айында бергем. 15 күн өткөндөн кийин колу сынды. Келсем, ыйлап жаткан экен. Шоктугунан улам жыгылгандыр деп эч кимди айыптаган эмесмин. Кийинчерээк бети-башы кан болуп ыйлап жатканда үстүнөн чыктым. Тарбиячысынан сурасам, "жыгылып кетти" деген. Ал учурда да эч нерсе деген эмесмин. Кечээ видеодон уруп жатканын көрүп чыдай албадым. Кымындай балдарда эмне айып? Кызым болгону үч жашта, коркуп сүйлөбөй калса ким жооп берет? Тарбиячынын балдарды урганга акысы жок да.

Бала бакчадагы окуядан кийин Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгы видеого түшкөн жана аны тартып алган эки кызматкерди иштен алган. Ал эми бала бакчанын жетекчисин тергөө бүткөнгө чейин иштен убактылуу четтеткен.

- Шаардагы №21 бала бакчанын тарбиячысы ошол замат жумуштан алынды. Аны менен чогуу бала караган кызматкер да иштен кетти. Калаадагы бардык бала бакчалардын жетекчилерин чакырып, бул багытта түшүндүрүү иштерин алып барууну тапшырдык, - деди башкармалыктын башчысы Рысбек Калчаев.​

“Балдарга кол көтөрдү” деп айтылып жаткан 29 жаштагы тарбиячы №21 бала бакчада акыркы беш жылдан бери иштеп жаткан. Анын өзү жана тарапкерлери менен байланышууга, пикирин алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок айрым маалымат булактары тарбиячыга шилтеме берип, видео монтаждалганын айтып чыгышты.

Бала бакчадагы бул жагдай Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү. Депутат Төрөбай Зулпукаров мектепке чейинки билим берүү мекемелерин текшерип чыгуу талабын койду.

Төрөбай Зулпукаров.
Төрөбай Зулпукаров.

- Жалал-Абаддагы бала бакчада тарбиячылар балдарга орой мамиле жасаганы байкалып жатат. Интернеттеги видеону көрүп, жүрөк сыздады. Мамлекет бала бакчалардагы шартты жакшыртканы менен аларды көзөмөлгө алууну да унутпашы керек. Бул багытта урматтуу төрага сиз протоколдук тапшырма берсеңиз. Шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктары бала бакчаларды текшерип чыгышы керек. Анан аларга видео камераларды орнотуу жагын карайлы.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары 22-ноябрда бул маселени калаадагы бардык бала бакчалардын жетекчилеринин катышуусунда талкуулады. Жыйынтыгында келерки жылдын бюджетине бала бакчаларга видео камера орнотуу планын киргизүү сунушу жактырылып, сметалык баасын иштеп чыгуу шаардык билим берүү бөлүмүнө тапшырылды.

Учурда Жалал-Абад шаарында мектепке чейинки 22 билим берүү мекемеси бар. Аларда 4,5 миңден ашуун наристе тарбияланат. Буга карабай алардын биринде да видео камера орнотулган эмес. Мындан сырткары жеке менчик тибиндеги жети бала бакча иштейт.

Жалал-Абадда балдарга кол көтөргөн окуя 21-ноябрда да катталган. Чехов көчөсүндө таенеси сабап жаткан үч жаштагы наристени ошол жерде жүргөн эл арачалап калган. Шаардын тургуну жана окуянын күбөсү Мирбек Уметалиев окуянын чоо-жайын айтып берди:

- Алтымыш жаштагы мас аял кичине баланы токмоктоп, жыгылып кетсе тээп жатканын көрүшкөн. Чогулгандар наристеге болушуп, арачалап калган. Баланы урган аял таенеси экен, небересин карабай таштап кетип калган. Биз милиция чакырып, баланы аларга тапшырып бердик.

​Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү “денеге залал келтирүү” фактысы боюнча окуяны териштирип жатат. Милициянын айтымында, үч жашаар бала апасы каза болгондо, таенесинин колунда калган. Учурда баланы башка туугандары алып кеткен.

Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жаркул Эшиев балдарга болгон катаал мамилени үй-бүлөдөгү тарбияга байланыштырды.

- Балага тарбия берүү бул өтө актуалдуу маселе. Биринчи фактор эне менен кыздын, ата менен баланын ортосундагы айырмачылык же бири-биринен алыстоо. Аларда эч качан дасторкон үстүндө сүйлөшүү, гумандуулук деген нерсе болбойт. Азыр көп учурда балдар чоң ата, чоң энесинин колунда тарбияланып жатат. Экинчиден, технология өнүккөн доордо адамдарда сырдашуу, достошуу сезими жок болуп бара жатат. Ушул маселелерди кылдат карап чыкпаса, жогорудагыдай окуялар боло берет.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл оор турмушта жашаган 4278 бала аныкталып, алардын 2847си боюнча балдарды коргоо планы иштелип чыккан. Бул балдардын 94ү зомбулуктун ар кайсы түрүнө кабылганы белгилүү болду. Алардын кыркы уруп-сабоого, отуз тогузу жыныстык, он беши психикалык зомбулукка тушуккан.

Ички иштер министрлигинин Жашы жете электер инспекциясынын жетекчиси Марат Сапаев быйыл июлда 2018-жылдын башынан бери балдарды зордуктоо боюнча катталган кылмыштардын саны 70тен ашканын билдирген.

Балдардын 80 пайызга чукулу жакындарынан кордук көрсө, кылмышка баргандардын 43 пайызы жабырлануучу менен бир үйдө чогуу жашаганы аныкталган. Изилдөөлөр Кыргызстанда 14 жашка толо элек балдардын 57 пайызы зомбулукту көрүп чоңоёрун көрсөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG