Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:09

Жаңы кодекс бир тармактын ишин аксатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Учурда бир жарым миңдей автоунаа ээлери лицензиясы жок чет өлкөгө жүк ташып иштей албай турат. Транспорт жана жол министрлигинин маалыматы боюнча февраль айында дагы бир жарым миңдей фирманын лицензиясынын мөөнөтү аяктайт.

1-январда күчүнө кирген Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексте жүргүнчү жана жүк ташыган ишканаларга, айдоочуларга лицензия берүүнүн баасы жазылган эмес. Ушундан улам Транспорт жана жол министрлиги жогорудагы фирмаларга уруксат документин бере албай жатат.

Он жылдан бери жүк ташуу менен алектенип келаткан UBS компаниясы «фураларын» көбөйтүп келет. 25 жүк ташуучу автоунаасы бар бул компания быйыл дагы беш «фураны» сатып алып, жолго чыгармак. Бирок азыр алар компаниянын короосунда көргөзмөгө коюлгансып бош турат.

UBS компаниясынын өкүлү Талантбек Маткерим уулу Түркиядан 40-50 миң долларга сатып келген жүк ташуучу беш машине эмнеге сапарга чыга албай жатканын айтып берди:

- 2019-жылы мыйзам алмашып кетип, лицензия берилбей турат. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Бул беш машинемди өкмөттүн же Жогорку Кеңештин короосуна токтотуп бериш керек болуп калды. Беш машиненин таба турган акчасын кимден чыгарабыз?

Ишкана машинелерди сатып келгенден кийин үч-төрт айда араң каттатып бүтүп, эми ишке чыгарганы турганда жүк ташууга лицензия ала албай жатат. Транспорт жана жол министрлиги муну жаңы жылдан тартып ишке кирген кодекстер менен түшүндүргөн. Машинелерди ишкер олчойгон насыянын каражатына сатып алган.

Талантбек Маткерим уулу.
Талантбек Маткерим уулу.

- Ишкерлер, айдоочулар үй-бүлөсүн багып жаткан. Алардын үй-бүлөсүндө үчтөн киши бар деп эсептей туган болсок, 30-40 миң кишинин тиричилиги өтүп жаткан. Эми алардын кирешесине балта чабылды. Биздин эксперттер канча жылдан бери эмне деген мыйзам жазган?, - деди Талантбек Маткерим уулу.

Учурда 1,5 миңдей автоунаа ээлери сыртка жүк ташып чыга албай турат. Январь айы менен кошо дагы 1,5 миңдей жүргүнчү жана жүк ташыган автоунаанын лицензиясы аяктаганы турат. Эми уруксат документинин мөөнөтү аяктаган 3 миңден ашык автооунаа ээлери жыл башынан тартып күчүнө кирген Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске ылайык лицензия алышы керек.

Бирок ал кодекстин 139-беренесине ылайык мамлекеттик алымдын баасы, башкача айтканда лицензия берүүнүн наркы парламенттин макулдугу менен өкмөт тарабынан бекитилет.

Ушул күнгө чейин лицензиянын баасы аныкталып, бекитиле элек экендиги маалым болду. Транспорт жана жол министрлигинин өкүлү Талант Нанаев бул боюнча өкмөткө кайрылуу жазылганын, бирок маселе качан чечилээри белгисиз экенин «Азаттыкка» билдирди:

- Финансы министрлиги мамлекеттик төлөмдүн баасын аныктоо боюнча мыйзам долбоорун жазып өкмөткө тапшырган. Ал долбоор азыр өкмөттө жатат. Январь айында 1500 лицензия бере албай, эл аралык жүк ташуу токтоду. Ал эми өлкө ичинде дагы жүргүнчү, жүк ташып иштеген компаниялардын иши токтогону турат. Буга байланыштуу Транспорт жана жол министрлиги өкмөткө эки жолу кат жазган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттөн Транспорт жана жол министрлигинин жөнөткөн кайрылуусунун дайынын билүүгө мүмкүн болбой жатат. Ал эми Финансы министрлиги Юстиция министрлиги менен бирге «Мамлекеттик алымдардын коюмдарын бекитүү жөнүндө» токтомдун долбоору иштелип чыгып, парламенттин айрым комитеттеринен өткөнүн маалымдады.

Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 29-январда конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет аталган токтомдун долбоорун жактырып, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетке жөнөткөн. Азырынча токтомдун долбоору качан парламенттин жалпы жыйынында талкууланары белгисиз.

Ошентип, жаңы кодексте сырткы жана ички каттамдарда жүргүнчү жана жүк ташуучу компанияларга лицензия берүүнүн тарифи так жазылбай, ишкерлер чыгымга учурап турган чагы. Баш калаадагы маршруттук каттамдарды иштеткен «Лига авто» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Бешболуш Матисаков мурдагы мыйзам менен иштеп турууну сунуш кылды:

- «Баалары аныктала элек» деп бир да айдоочу лицензия ала албай жатат. Эми эл ташууга чыга албай калат. Азыр эле сүйлөштүм, «маселе карала элек» дейт. Илгерки жолго салынган ишти токтотпош керек эле да!

Транспорт жана жол министрлиги эски мыйзамдарга ылайык башка өлкөлөргө жүргүнчү жана жүк ташуу үчүн айдоочуларга, жеке компанияларга 500 сомдон 1000 сомго чейин лицензия берип келген. Ар кандай ассоциациялардын маалыматы боюнча жүзгө жакын эл аралык жүк ташуучу фирма бар. Ал эми буга чейинки автобекеттердин берген маалыматына караганда эл аралык каттамдарга чыккан 70тен ашык автобус бар. Кыргызстандык айдоочулар Борбор Азия, КМШ мамлекеттеринен да тапшырык алып, башка өлкөлөргө жүк жеткирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG