Кыргызстанда конституциялык реформага байланыштуу саясий кырдаал чыңалганы маалымат каражаттарында “маалыматтык тиреш” күч алды. Онлайн ресурстарда жана социалдык тармактарда ар кандай аталышты коюп алып, комментарийлер аркылуу саясий күчтөрдүн таламын талашкан, каршылаштын айыбын ачкан “топтор” көбөйдү.
Мындайга адистешкен адамдарды “тролль” же кыргызча тамашага салып “Гүлчөтай” деп атап коёрун медиа эксперт Авланбек Жумабаев белгилейт:
- Акыркы учурда саясий кырдаал курчуп, “троллдор” же кыргызча тамашалап “Гүлчөтай” деп койгондордун иши көбөйдү. Алар аттарын жазбайт, социалдык тармактарда күндүз журналист, кечинде “тролль” болуп иштегендер аябай көбөйдү. Аларга атайын айлык коюлат. Ар кандай ставкалары бар. Саясатчылар көп окуган сайттарга комментарий жазып, белгилүү тасманын каарманы Гүлчөтайга окшоп беттерин жаап алып, таламын талашып отурашат.
Жумабаев мындай жашыруун топтордун кызматын бийликтеги күчтөр баш болуп, ири саясий партиялар, саясатчылар колдонорун айтууда. Алар үчүн атайын маалыматтар даярдалып, аны “жел колдонуучулар” мезгил-мезгили менен интернеттеги талкууларга жүктөп турушат.
Мындай жол менен алар интернетте коомдук пикир түзүүгө жана талкуулардын нугун өзү каалаган жакка бурууга аракет кылышат. Саясий күрөштүн бул “гибриддик” түрү акыркы күндөрдө өтө активдүү колдонулууда.
Кыргызстандагы интернеттеги өзгөрүүлөргө көз салып турган “Настоящее время” долбоорунун социалдык медиа боюнча эксперти Толкун Умаралиевдин байкоосунда, коомдук пикирди түзөм деген мындай топтор ишин өтө сабатсыз аткарышат:
- Көпчүлүк кечээ "Акипресс" агенттигинин сайтында өчүрүлүшү керек болгон комментарийдин кокусунан жарыяланганын көрүшсө керек. Анда "троллдор" үчүн кимдир бирөө атайын маалымат даярдап, “муну "Акипресске" комментарий катары жайгаштыр” дегенинен бери жарыяланып кеткен. Мындай алешемдиктер комментарийлерди атайын "троллдор" даярдап жатканын көрсөтөт. Ал эми алар кандай иштеп жатканы бул өзүнчө суроо. Көпчүлүк учурда акчага жалданган "троллдор" аларга жумуш берүүчүлөрү каалагандай эффективдүү жана профессионалдуу иштешпейт.
Ошол эле учурда Кыргызстандагы жаңы саясий жаңжал өлкөдөгү мамлекеттен каржыланган маалымат каражаттарынын бейтарап чагылдырышы боюнча талкууларды жаратты.
Айрым байкоочулар Коомдук телеканал “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев менен президент Алмазбек Атамбаев катышкан саясий жаңжалды чагылдырууда бейтарап болбогонун айтышууда. Буга жаңжалдан соң Текебаев жана бир катар "атамекенчилер" айыпталып келген мародерчулук боюнча берүү кеткенин мисал келтирилүүдө.
Медиа эксперт Гүлзада Медералиеванын айтымында, маалымат каражаттарынын буюртма менен иштеши өлкөдөгү саясий кризисти дагы тереңдетиши мүмкүн:
- Ким бийликке келсе эле, анын камчысын чапмай адат уланып жатат. Мындан арылышы керек болчу. Коомдук телеканал чыныгы коомдук болушу керек эле. Тилекке каршы аталышы эле коомдук болбосо, иш жүзүндө андайга өтө албай калдык. Баягыдай эле Ак үйдүн буюртмасы менен материалдар кетип жатат. Бул саясий жаңжалга дагы түрткү болууда.
Ал эми Коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбеков каналдан кеткен маалыматтар бир тараптуу болду дегенге кошулбайт.
- Кечээ көп сөз мародерчулук боюнча болду. Анан жаңылыктардын ичинде парламентте болуп жаткан чыр-чатакты толугу менен батыра албаган соң биз бул окуя эмнеден чыкканын, кандай себептер болгонун элге дагы бир ирет эскертүү үчүн буга чейин башка маалымат каражаттарында чыккан көрсөтүүнү кайталоо тууралуу чечим кабыл алдык. Ал эми бул маселе боюнча биз бардык тарапка микрофон берүүгө даярбыз.
Көпчүлүк учурда акчага жалданган "троллдор" аларга жумуш берүүчүлөрү каалагандай эффективдүү жана профессионалдуу иштешпейт.Толкун Умаралиев
Өмүрбек Текебаев 15-сентябрда маалымат жыйын куруп, президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптап чыккан. Анын маалыматында 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин былтыр Бишкектин мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттатканын жарыялаган.
Атамбаев Текебаевдин айткандары боюнча иликтөө жүргүзүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. Муну менен катар президент июнь коогалаңынын уюштуруучу делген Кадыржан Батыровду өлкөдөн качуусуна себепкерлерди табуу боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берген. Муну талдоочулар президенттин Текебаевге карата жообу катары баалашкан.
Өмүрбек Текебаев Коомдук каналдын ишине нааразылыгын билдирип, жетекчисин бейтарап иштөөгө чакырган болчу.