Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

СССРдин кулаганын автобустан сезгем


Аңгемемде жазылган асан-үсөндүн өңүндөй болгон талааларыбыздын азыркы көрүнүшү (тоо тараптан тартылган). Кадимки Некрасовдун «Орулбаган тилке» (Несжатая полоса) ырындагы тилкелерди ушул талаалардан күздүн күнү кээде кезиктирген күндөр да болду.
Аңгемемде жазылган асан-үсөндүн өңүндөй болгон талааларыбыздын азыркы көрүнүшү (тоо тараптан тартылган). Кадимки Некрасовдун «Орулбаган тилке» (Несжатая полоса) ырындагы тилкелерди ушул талаалардан күздүн күнү кээде кезиктирген күндөр да болду.

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө Темир Жусупбековдун блогун сунуштайбыз.

1990-жылдын күз айларында мен өзүмдүн теңтуштарым сыяктуу эле Советтик армиянын катарына кызмат өтөөгө чакырылган элем. Көп улуттуу андагы Фрунзе шаарынан 25 бала бир команда болуп бирге жөнөдүк. Арасында алтообуз кыргыз, калгандары дунган, корей, уйгур, орус, азербайжан ал тургай бир цыган да бар эле.

Ырчы Виктор Цойдун өлгөнүнө үч айдын жүзү болгон. Ошого карабай анын ысымы шаарыбыздын бардык көрүнүктүү, эл көп топтолчу жерлеринде чоң тамгалар менен бакырайта жазылып турчу. Цойдун ырлар жыйнагы ар бир музыка ышкыбозунда болоор эле.

Ошентип биздин команда да үч күн бою Цойдун

Перемен, требуют наши сердца
Перемен, требуют наши глаза
Перемен, мы ждем перемен.....

деген ырын күнү-түнү магнитофондо жаңыртып угуп, поездде Украинага чейин барганбыз.

Атаңдын көрү десе, ушул ыр саптарында ырдалган «өзгөрүүнү күтөбүз» деген ооз кесир сөздөр (мы ждем перемен) жакынкы эки жыл аралыгында ар бирибизди туш тарапка чачыратып, ал тургай бүтүндөй бир чоң мамлекетти жок кыларын билбептирбиз.

Беш айлык окуудан кийин ар кимибизди ар тарапка кызмат өтөөгө жөнөтүштү. Мен болсо Германиянын Тюрингия жергесиндеги бөлүккө жөнөтүлдүм. Ал кездеги Кыргызстандагы окуялар тууралуу теле-радиодогу жаңылыктардан жана айылдагы ата-энем, ага-туугандарым жана жоро-жолдошторуман келген каттар аркылуу окуп-билип турчу элем.

Эгемендик алганыбызга сыртта жүрүп канча кубансам да эки жылдан соң айылыма барганда мен эч бир ойго келбей турган, күтүлбөгөн жана ошол жылдары бөтөн жерден келген адамга таң каларлык көрүнүштөргө күбө болгом. Ал окуялардын кээ бирлерин кийинчерээк баяндап берейин, ага чейин Улуу держава урап жаткан убактагы көп улуттуу Советтик Армиянын катарында ушул окуялардын тегерегинде болуп өткөн кээ бир тарыхый окуялардан да кошо кетейин.

Советтик державанын олку-солку боло баштаганын сезишкендиктенби, 1991-жылдын 17-мартында Советтер Союзунда биринчи жана акыркы жолу референдум өткөрүлгөнү бардык эле жогорку муундун өкүлдөрүнүн эсинде болсо керек. Ал референдумда бир гана суроо коюлган эле, тагыраак айтканда «Сиз Советтер Союзунун тең укуктуу эгемен республикалардын жаңыча бирикмеси болушун каалайт белеңиз?» деген мааниде.

Өлкөбүздүн толук кандуу жарандары катары гарнизондук офицерлер үйүндө өтүп жаткан референдумга биз да катышканыбыз эсимде. Катар менен тизилип алып марштык ырыбызды ырдаган бойдон барып, добушубузду берип, кайра ырдаган бойдон кеткен элек.

Ошол эле жылдын август айында өзүнөр билгендей «Б Ы К Ы- Ч Ы К Ы» (ГКЧП) болуп кетип, ошол окуялар союздун биротоло ыдырашын менимче ылдамдатты окшойт.

Баса, ушул жерден айтпай кетсек да болбостур, ошол эле ГКЧПга да быйыл 25 жыл толуп отурат. Ошол күндөрдө эсиңерде болсо керек, Москванын көчөлөрү аскерлерге жык-жыйма толгонун эски хроникалардан көрсөтүп эле жүрүшпөйбү. Айтайын дегеним ошол жоокерлер арасында да ошол жылдары мага окшоп аскер кызматын өтөп жүргөн биздин кыргыз жигиттерибиз да көп эле болгон.

Менин бир таанышым «Кантемир танкалык дивизиясында» танкист болуп кызмат өтөчү эле, кийин жолуксам ошол окуяларда Москванын көчөлөрүндө танк айдап жүргөн экен. Кошуна айылдык бир таанышым болсо ички аскерлердин «Дзержинский атындагы дивизиясында» кызмат өтөп жүрүп, ошол окуяларда кайсыл бир маанилүү объектини кайтарып жүргөнүн, кандай кыйынчылыктарды баштан кечиргенин, жагалданган жоон топ элдин сүрү кандай коркунучтуу болоорун кийин аман-эсен келген соң көп айтып берген эле. Ал кезде бизде да ошондой окуялар (ыңкылаптар) болорун жана өзүбүздүн эле жигиттерибиз жана жоокерлерибиз ошондой жагалданган өзүбүздүн эле элибиздин ур-токмогуна кабылат деп жана ажал табат деп он уктасак да түшүбүзгө кирчү эмес.

Ошентип референдумдун жыйынтыгына карабастан, ошол эле жылдын декабрь айындагы Беларустун Белвежск токоюнда түзүлгөн келишим Советтер Союзун биротоло жок кылып тынды окшойт. Ошол айлардан баштап эле ыр саптарында айтылган «Легендарлуу жана жеңилбес» Советтик Армиянын ички курамынын моралдык жана психологиялык абалына да доо кете баштады. Офицерлер арасында да, солдаттар арасында да аскердик сленгде айтылгандай «деморализация» өкүм сүрө баштады. Канчалаган жоокерлер кызмат ордун таштап качып кете баштаганын, дезертирлер көбөйгөнүн, буйрукка баш ийбөө (неповиновение) жана ички тартипти бузуу окуялары күн санап өсүп жатканын советтик режимди сындаган ар кандай маалымат булактарынан дайыма жазып жана көрсөтүп, уктуруп турчу болду.

Күн сайын бизге командирлерибиз аркылуу Генералдык штабдан «кодограммалар» аркылуу келген ар кандай директивалардын, токтомдордун, буйруктардын жана көрсөтмөлөрдүн көчүрмөлөрү тааныштырылып турчу.

Айылдан болсо ата-энем "качан келесиң?" деп ар бир катында суроо салат. Айылдагы мени менен бирге кеткендер, менден кийин кеткендер бардыгы эле үйлөрүнө келгенин жазат. «Союздун» аймагында болсок биз деле балким үйдү көздөй «сызып кетет» белек, билбейм... Бирок чоң тарыхый жоопкерчилик бизге жүктөлүп турганын, жеңүүчү муундун мураскери катары чет жерде өзүбүздү ошого татыктуу алып жүрүүгө бизден күн сайын командачылык талап кылаар эле. Ал тургай атайын өзүбүздүн группалык газета аркылуу да Орто Азия жана Кавказдан чакырылган жоокерлер үчүн атайын ушул маанидеги кайрылуу жарыяланганы эсимде.

Бирок чындап эле ошол күндөрдөн баштап атайын буйруктардын жана директивалардын негизинде командачылыктын бизге болгон көз карашы да түп-тамырынан бери өзгөргөн эле. Өтө жоопкерчиликтүү кызматтардан (оперативдик, жашыруундугу жогорку деңгээлдеги, атайын байланыш, чалгындоо ж.б. ал тургай кароолдук кызматтарга да) ошол эле директиванын негизинде славян тектүүлөр жана Орусиядан чакырылгандарга гана артыкчылык берилип калган. Кээ бир өз кесибин мыкты билген жана өтө ишеничтүү гана «биздин туугандар» ошондой кесиптерди аркалабаса, көбүнчөсү чарбалык кызматтар, айдоочулук жана тылдагы кызматтарга сүрүлүп калышкан.

Күндөр айга уланып, айлар жылга уланып, ошентип 1992-жылдын март айынын аягында Горбачев түзгөн келишимге ылайык биздин аскер бөлүгүбүз да Орусиянын аймагына чыгарылып кетти. Ошол мезгилде Советтер Союзунун ар бир республикасы эгемендикке жетишип калган кез эле. Эми болсо жерлерин бошотуп берүү менен биз немис элине эгемендик тартуулап жаткансып, мен ичимде аябай ыраазы болчу элем. Себеби өз өлкөсүндө чет элдик аскерлер турган чакта, эч бир эл өзүн эгемен санабаса керек.

Эгемендик демекчи, ошентип бөтөн элге эгемендик тартуулайбыз деген жараяндын кесепетинде (Батыш аскер группасынын (ЗГВ) чыгарылышы менен канчалаган үй-бүлөлөр ээн талаада, ачык асман алдында, аскердик чатырларда жана бейтааныш адамдардын батирлеринде эч кандай социалдык кепилдиксиз калганын көп жетекчилер азыр эстегилери келбейт.

Эсиңиздерге сала кетсем, Советтик аскерлер Германияда 700дөн ашык гарнизонду түзгөн жана жалпы саны 500 миңдин тегерегинде болгон. Андан башка Чыгыш Европада Чехословакияда, Венгрияда жана Польшада да өзүнчө группалар (ЦГВ, ЮГВ жана СГВ) болгон жана ошол аскерлер да ушул жылдары бизге удаалаш эле Орусиянын аймагына чыгарылып жаткан эле.

Экинчи Дүйнөлүк согуштун жеңүүчүлөрү бизге тартуулаган жеңишти кийинки муунга өткөрүп бербестен, биз жеңилген аскерлердин кейпин кийип кетип жатканыбыз, ошол күндөрү мага, немис элинин алдында аябай ыңгайсыздыкты жаратып турчу. Жеке эле мен эмес, ар бир кетип жаткан аскердин маанайынан кандайдыр бир капалыкты, оңтойсуздукту жана ошол жерлерден биротоло топурак буйруган миллиондон ашык шейит кеткен жоокерлердин көрүстөндөрүнүн алдында кандайдыр бир күнөөнү сезип тургандай туюлчу.

1945-жылы так эле ушул темир жолдор менен согушту жеңген аталарыбыз, чоң аталарыбыз аскердик эшелондордо шаңдуу жана жайдары үйлөрүнө кайтып турушкан болсо, эми ошол эле темир жолдордо, ошол эле станцияларда ошондой эле аскердик эшелондордо алардын уул-неберелери маанайы чөгүңкү акыбалда кайтып жатышканына күн сайын жергиликтүү эл көз салып турушчу.

1945-жылы алар бирдиктүү, күчтүү жана келечеги кең өлкөсүнө ишеничтүү кайтып жатышкан болсо, биздин муун болсо ар кимиси ар жакка чачырап бөлүнгөн, келечеги күмөн санаткан, жаңыдан гана көз жарган өлкөлөрүндөгү белгисиздикке карай бет алып бараткан учур эле. Ошентип биздин муун да, өзүбүздүн убагыбызга туш келген тагдырды кечирип, Чыгыш Европадагы советтик аскерлердин акыркы тарыхый миссиясынын аякташына чогуу күбө болдук жана «кол кабыш» жасашып жүрдүк.

Аскерлер демекчи, ал өлкөлөрдө дээрлик согуштук тажрыйбасы бар, акыркы согуштагы чоң-чоң тарыхый жана стратегиялык операцияларга катышкан элиталуу, көп ордендүү (орденоносный) гвардиялык бөлүктөр болгонун ал жерлерде кызмат өтөп келген агаларыбыз жакшы билсе керек. Союздун ыдырашы менен ошол аскерлердин баарын тең Орусия мамлекети эч кимге ыраа көрбөй өз өлкөсүнө батырып алды. Алардын көпчүлүгү ошол бойдон ээн талааларда, жаан-каарда ачык асман алдында бара-бара жок болуп кетти. Канчалаган легендарлуу бөлүктөр таркатылып салынды. Айтайын дегеним, ошол жылдары орус өкмөтү анчалык көп аскерди бага албарына көзү жеткен соң, башка деле шериктеш өлкөлөргө жок дегенде бирден болсо да чоң бир легендарлуу аскер бөлүгүн берип койсо болмок беле. Биздин деле жетекчилерибиз ошол жылдары жок дегенде бир аскердик бөлүктү сураганга деле даай албаса керек. Ошол аскерлерди ошончо жылдан бери ошол жерде кармап турганга биздин өлкө деле салымын кошуп жүрсө керек. Согуштун бетин ары кылсын дейличи, бирок жаш муунду патриоттук сезимде тарбиялаганга жана жоокерлердин үлгүлүү кызмат өтөшүнө ошондой атак-даңкы чыккан легендарлуу, ордендүү аскер бөлүктөрү дем-күч болуп бермек беле.

Ошентип аскер кызматымды Ыраакы Чыгыштан бүтүргөн соң, 1992- жылдын май айында өз эгемен өлкөмө бет алдым. Жолго деп берилген аскердик документтер (воинское требование, билет ордуна) эски эле союздун үлгүсүндө чыгарылган бланкаларга жазылган эле жана ал документ жоокердин үйүнө жеткенге чейин кандай гана транспортто болсо да бекер жүрүүгө мүмкүндүк берчү эле.

Эгемендик алганыбыздын биринчи эле «белеги» болуп чыгыш автобекеттеги окуя болду. Кассага барып ошол аскердик документ аркылуу билет алайын десем, кассир мени түз эле автобустан билет берилет деп узатты. Автобуска кирип айдоочуга ошол эле документтеримди көрсөтсөм, ал мындай эч кандай документтерге баш ийбестигин жана ал автобусту ижарага айдап жүргөнүн, ал заман эчак бүткөнүн элдин көзүнчө мага жар салды. Анын сөзүн эч бөлбөстөн, аягына чейин унчукпастан угуп турдум да жол кире акчамды төлөп, бош орундукка отурдум. Кийин жетчү жерге жеткенден кийин ал айдоочу мени элдин аягында токтотуп калып, башында айткан сөздөрүн жумшагыраак формада кайра бир айтып берди. Ижарага баланча төлөйм, май-сайын өзүм куям, запчастын өзүм сатып алам, диспетчерге берем, деректирге берем... деги койчу сөзүн аягына чыга электе эле – «Болуптур, байке, мен эч таарынганым жок, иши кылып жашооңузга акча артып атабы?» деп өзүнө суроо узаттым да түшүп басып кеттим. Чынында эле ал байкеге таарына турган эч деле оюм жок болчу, акчам деле жетиштүү эле, жөн гана башында жол кире төлөп жатып, «Мына сага эгемендик, мына сага капитализм» деп, алгачкы кыргыз капиталистти биринчи жолу көрүп атат окшоймун деп ичимден ойлоп, ал байкени таң кала карап койгон элем.

Ошентип эки жылдан бери самап жүргөн айылыма да жакындап калдым. Айылыбыздын карааны алыстан көрүнө электе эле, көзүм талааларга түштү. Бала кездеги ошол талааларда жүргөн күндөрүмдү аскерде жүрүп көп эстечү элем. Он-он эки жашымдан баштап эле ошол талааларда кой-уй жайып курбу балдар менен ар кандай оюндарды керээлди-кечке ойночу элек. Кечинде куру келбей колхоздун жүгөрүсүнөн жипке боолап ала келээр элек.

Окуу жылы башталгандан эле бир айга талаа жумуштарына чыгарып салчу эле, классташтар түштө ар кимибиз алып келген тамагыбызды ортого коюп чогуу түшкү тамакты ичээр элек. Талаанын тамагы таттуу болот эмеспи, тамактан кийин балдар-кыздар болуп ар кандай оюндарды ойноп, сыр алышчу элек, ал тургай алгачкы сүйүү сезимдери деле ушул талаалардан ойгонсо керек.

Кийин бой тартып чоңойгон чакта тракторист агаларыбыз мене кошо барып тракторун айдашып, шоферлор менен кошо жүрүп машинелерин айдашып, деги койчу, колхоздо кандай сезондук жумуштар болсо кошо жүрчү элек. Чоң класстарда окуп жүргөн чакта үч ай каникулда колхоздо кадимки эле жумушчулардай айлык алып иштеп алаар элек. Кээ бирлерибиз комбайнерлорго жардамчы болсок, кээ бирлерибиз сугатчыларга жардамчы болуп сугат суусуна дары салып иштечү элек. Колхоздун ар бир жер массивин, арыктарын жана жолдорун жатка билээр элек.

Эгемендиктин мен үчүн күтүлбөгөн экинчи «белеги» болуп айылыбыздын ошол балалыгым өткөн талаалары болду. Май айынын ортосу болсо да талааларыбыз алыстан эле эмнегедир кудум «Радуга» сымал түрдүү түстө ичке-ичке узун тилке болуп эгилип турганы көзгө дароо көрүндү. Кийин жакындап келгенде көрсөм, бир тилкеси буудай, бир тилкеси беде, дагы бирөө жүгөрү, ал тургай эч нерсе айдалбай чөп басып турган тилкелер да бар экен. Ошондуктан алыстан ар кайсы түстө көрүнүп атканы ошол турбайбы. Андай тилкелерди көргөндө, мектептин программасында окуткан, ал тургай жатка айттырган Некрасовдун «Орулбаган тилке» (Несжатая полоса) деген ыры дароо эске түшөт экен, тимеле биздин ошол жылдары айдалбай же себилбей калган тилкелерибизди тээ он сегизинчи кылымда эле көрө билген сыяктанып жазып кеткендей сезим калтырат. Көрсө мурунку жылы күздө биздин рйондо биринчилерден болуп колхоздорду таратып, элге айдоо жерлерди бөлүп беришкен тура, ошон үчүн ар ким тапканына жан алына жараша колунан келгенин айдап алышкан тура.

Баса, жолдо келатып Боом капчыгайын көздөй чоң жүк ташыган унаалар эмнегедир эле жаңы жан өндүрүштүк станокторду жүктөп алып бараткандарын байкап келаттым эле. Эки жыл Политехте окуп, станоктун түрлөрүн үйрөндүк эле, ошон үчүн дароо өндүрүштүк станоктордун көзгө урунганы да ошондуктан болсо керек. Анын үстүнө, эски станоктор менен жаңыны дароо эле көлөмүнөн тааныса болот эле. Оюмда, Көлдө же Нарында бир чоң завод куруп атса керек, ошолорго алып баратса керек деп ойлоп койгом. Көрсө, кийин уксам, ошол станоктордун бардыгы эле Кытайга металлолом катары кетип аткан тура.

Айылыма да жетип, ага-туугандар менен учурашып, теңтуштарга, досторго жолугуп, сагынычымды таратып айылды да түрө кыдырып келдик. Ошол мезгилде кытайдын «Адидас» үлгүсүндөгү спорттук кийимин элдин баары эле кийип жүргөнү көзгө жат көрүндү. Улуусу деле, кичүүсү деле, эркеги деле, аялы деле, жашы деле, карысы деле. Көрсө советтик бир рублдык монета акчага (Лениндин сүрөтү бар болсо) кытайлар бир комплект «Адидас» берчү тура.

Атка ары-бери кой өңөрүп жүргөн кишлерди мурдаагыдан көбүрөөк байкаган элем, көрсө айылыбызда ошол кезде бир койду беш бөтөлкө аракка күнү-түнү алмаштырып алсаң болот экен. Бул «тариф» бизде эле эмес, ошол жылдары бардык эле айылдарда ошондой экенин да кийин уктум. Көрсө колхоз-совхоздордун койлорун элге таратып берип салган тура. Айылдарда ошол кезде туруктуу төлөм каражаты катары кой кызуу «жүгүртүүдө» экен. Жаңыдан пайда болгон коммерсанттар айылдарды кыдырып, күнүмдүк керектелүүчү товарларды ташып келишет да кайра толтура кой жүктөп кетишчү эле. Ал тургай трактору бар кишилер жер айдаганга, комбайнерлор эгин чапканга жада калса солярка-бензинди да баланча литрге бир кой деп баалашып калышкан экен.

Ошентип келген күнү атам козу союп, кошуна-колоңдорго тамак берди, кечинде тең туш балдарым менен түн бир оокумга чейин бака-шака болуп отурдук. Эл тараганда эс алып жатып уктап калган экенмин. Ыраакы Чыгыш менен биздин убакыттын айырмасы төрт саат болсо керек эле, ошон үчүнбү, эртеси эртең менен эрте эле туруп алыптырмын, энелер уйларын саап бадага кошуп жатышыптыр, андан бир аз кечирээкте койдун кезүүсү да мурункудай эле тартип боюнча чыгат экен.

Кадр үчүн айылыма барып «радиоточка» издештирсем, бир да үйдөн кезиктире албадым. Бирок ошол убакта «интернет» катары маалыматты чагылгандай тез тарата турган радионун өзүн чаң басып турган жерден таап чыктым.
Кадр үчүн айылыма барып «радиоточка» издештирсем, бир да үйдөн кезиктире албадым. Бирок ошол убакта «интернет» катары маалыматты чагылгандай тез тарата турган радионун өзүн чаң басып турган жерден таап чыктым.

Ошентип саат эртең мененки алты болду, бирок үйдө илинип турган радиобуз эмнегедир үн каткан жок. Бала болуп эс тартканы, биздин үйдө эч качан ошол радио өччү эмес эле. Бузулуп калса өзүм чукулап, зымдан кетип калса чатырга чыга коюп оңдоп койчу элем, мен жок, оңдоорго киши жок болсо керек деп ойлоп койдум. Кийин апам үйгө киргенде сурасам, ал радионун карагайларынын баарын эл отунга жагып, зымдарынын баарын ар ким керегине жаратып салганын айтты.

Эсиңиздерде болсо керек, ал убактарда ар бир үйдө милдеттүү түрдө «радиотүйүн» (радиоточка) болоор эле. Апам почточу болгондуктан ал радиого жылына бир жолу абоненттик төлөм жыйноо биздин мойнубузда эле. Үйүндө радио иштебей калса, зым үзүлсө же дагы бир нерсе болсо, эл радиоуста чакыртканга буйрутманы (заявканы) бизге берээр эле. Кийин чоңойгон чакта радиоусталардын келүүсүн күтпөстөн эле, оңой жерлери болсо өзүм эле барып оңдоп берип койчу элем. Калп айтпасам, бир жылдык төлөм 1 сом 20 тыйын болсо керек эле. Бул акча мисалы райондук же облустук деңгээлдеги газетанын бир жылдык жазылуу акысы эле.

Эртең мененки алтыда Гимнди ойноп баштаганда элдин көбү ойгончу тура, будильниктин деле кереги жок. Түнкү он экиде өчүрүп убара болбостон, өзү эле өчүп калчу. Ал радиодо берилчү программалардын баарын эл жатка билчү эле. Эстеп көрсөм гимнастикадан башталган ар түрдүү жанрдагы берүүлөр, пионерлер үчүн, комсомол жаштар үчүн, ал тургай театрдан да үзүндүлөрдү «Театр микрофондо» деп берип калчу эле.

Эң негизгиси - чукул кырдаалда элге тез кабар жеткизүү (оповещение). Ошондой убактарда радиоберүүнү бир саамга токтото коюп чукул кабарларды бере койчу эле. Ал эми керектүү бир айылдарга айыл өкмөтүнүн деңгээлиндеги жарыяны же чукул кабарды жергиликтүү почтадагы радиобөлүмчөдөн бардык элге эскертип коюшчу эле.

Эсимде, ошол радио иштеп турган жылдары айылыбызды катуу туман каптап, сегиз-он жашар бала уюн издеп талаага кетип адашып калыптыр. Ошондо ошол радиотүйүн аркылуу элге кабар берилип, бүт айылыбыз менен ошол баланы туманда, түнү бою талаа кезип издеп таба албай койдук эле. Бактыга жараша ал бала эртеси таңда аман-эсен табылган эле. Азыр ал бала үй-бүлө күтүп, балалуу-чакалуу өмүр сүрүүдө.

Бул радиону сөз кылганымдын себеби, ошол радиолиниялар аркылуу бир балалык «тентектик» жасаганымды да көп эстечү элем. Айылдык клубда кино койгон байкеге кино койгонго жардамдашып жүрчү элем. Бош убактарда үн чоңойткон аппаратурасын (усилитель) сурап алчу элем, кээде көчөгө музыка коюп, кээде мектептеги ар кандай майрамдарда, кечелерде музыка коюп берчү элем. Радиотүйүндүн берүүлөрүндө күнүнө бир саатка тыныгуу (түшкү убакта) болчу. Бир күнү ошондой тыныгуу маалында, ошол аппаратурам аркылуу заманбап музыкаларды бүткүл айылдын линиясына кошуп койдум. Эч кимге айтпастан велосипедди тээп алып көчөмө-көчө тааныштарымдыкына барып радиолорун угуп көрсөм жанагы мен койгон музыкалар ырдап атат. Ошентип, дайыма ошол убактарда айылыбызга жашыруун «диджей» болуп жүрдүм. Бир-эки эле тааныштарым билбесе, эч ким билчү эмес. Акыры сөз тарап отуруп бир далай элге жетсе керек, бир күнү чоң бир партиялык кызматтарда иштеген бир байке чакырып алып мени аябай коркуткам. "Райондон эгер бирөөлөр бул жоругуңду укса сен соттолуп кетесиң, Советтик радионун саясатын өзгөртүүгө сенин кандай акың бар?". Деги койчу, КГБ менен ЦКны, компартия менен комсомолду, айтор чоң бир партжыйындарда уккан сөздөрүнүн баарын мага тарбиялык иретинде айтып берди окшойт. Сөзүнүн аягында, бул окуяны экөөбүздөн башка эч ким укпай эле коюусун суранып, мындан ары андай тентектик кылбашымды дагы бир жолу эскертип, мени катуу коркутуп салды.

Радиотехникалык взводдо кызмат өтөп жүрүп, ал жерде радиотүйүнгө кереги тийе турган кандай гана заманбап аппаратураларды, приборлорду, жабдыктарды көргөндө, баягыл жаш кезде кылган «радиотентектигимди» көп эстечү элем. Атаңдын көрү, ушул жабдыктардын баары ошол убакта колумда болсо деп аябай кыялданчу элем. Ошол жылдары, кийин кызматтан бошогон кезде, ошондой жабдык таап алып айылдык ушул линиялардын жардамы менен айылдык эле масштабда, ал тургай колдон келсе райондук масштабда радиостанция түзсө болоорун ойлонуп жүрчү элем. Ошон үчүн биринчи эле таңда ошол радионун үнүн күткөнүмдүн да себеби ошол болчу. Баарынан да ичимдин күйгөнү, ошол бирдиктүү радиосистеманы бытыратып талкалап салганы болду.

Советтер Союзунун жетишкендиктеринин бири десек да болот, бардык үйгө тартылган жана ушундай чоң түйүн эч кимге кереги жок болуп калганы болду. Азыркы чен менен өлчөгөндө, бул деген «Ар бир үйгө-интернет» дегенге тете болсо керек, андан калса акчасынын өлчөмү деле, орточо ашканадан бир адам тойо тамак ичкенге барабар болсо керек эле. Ошол бойдон сакталып турса балким азыркы заманда башка бир керектөөгө жарайт беле, мисалы, ошол эле интернет таратуу, кабелдик телеберүү ж.б. Азыркы IT технологиясы колдонулчу тармакта балким жеке компаниялардын керегине жарайт беле... Балким жамгырдан кийинки козу карындай көбөйүп кеткен жергиликтүү жана республикалык деңгээлдеги жаңы радиостанциялар үчүн берүүлөрүн элге жеткирүүчү арзан система болуп кызмат кылмак беле... Айта берсе ал «эсил кайран» системага жан киргизип, азыркы талапка ылайык колдонуп кетүүгө толук жарап бермек.

Бул окуялар эгемендик алган өлкөбүзгө бир жыл өткөн соң, сырттан келгенде көргөн алгачкы эле менин көңүлүмдү калтырган көрүнүштөр эле. Андан бери заман оңолду, элибиз оңолду. Аңгемемде жазылган жанагыл туманда адашып жүрүп табылган бала сыяктуу болуп, өлкөбүз адашып жүргөндөй сезилет. Ошол окуянын аягы жакшылык менен бүткөн сыяктуу эле, биздин өлкөбүз деле бүгүн-эртең кете турган жолду таап чыгып, өсүп-өнүгүү жолуна түшүп кетебиз деп ишеним менен жашай берели. Элибиз кандай гана кыйынчылыктарды баштан кечирди, ал күндөргө караганда азыр кудайга шүгүр эле жашообуз оңолуп калганын ушул блогдордо жазылган окуяларды окуп көрүп, салыштырып көрсөк тура болчудай…

Темир Жусупбеков, Бишкек шаары

XS
SM
MD
LG