Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:51

Эгемендигиме көз арткандар көп болгон


Бишкек
Бишкек

Эсимде, 1990-жылы Ленинградда азыркы Санкт-Петербургда окуп жүргөн элем. Октябрдын экилери болсо керек эле.

Каникулдан кийин мени менен окуган швейцариялык күрт жигит Абдурахман бир жарым жаштагы уулум Төрөкулга оюнчук таттуу-паттуу белекке берип анан: "Аман, сени куттуктайм! Сен бактылуу адамсың. Өз мамлекетиң, өз президентиң бар", – деп чындап эле көз артып атпайбы. Чынын айтсам, мен анын ошол куттуктоосуна анчейин деле маани берген эмесмин. Тек кана рахматымды айткан жооп менен чектелип тим болгом.

Анан 1993-жылы эл катары заман шарына баш ийип, Кытайдын Кашкарына соода кылып барып калдым. Бир күнү ошол жердеги компаньон уйгур жигиттер кечинде кафеге алып барып, сый тамак уюштурушту.

Отуруш ортолоп калганда шарапка кызыган бир уйгур жигит мага "Силердин ата-бабаңар биздин мамлекетти талкалап салган эле. Эми өзүңөрдүн мамлекетиңерди түптөп, өз президентиңерди шайлап алдыңарбы" деп таарынычын айткан.

11-кылымда кыргыздардын ата-бабасы талкалаган Уйгур каганатын 10 кылым өтсө да унутпаганы мени таң калтырган. Ал кезде Кытайдагы уйгурлардын саны 17 миллион болчу. Ошондон кийин мен баягы Ленинграддагы күрт баланы эстеп, менин эгемендүүлүгүмө өз алдынча мамлекетим бардыгына өзгөчө баа берип, көз артып эмнеге кубанганын ошол уйгур жигиттин ич күптүсүнөн кийин түшүнүп атпаймынбы.

Ошол 1990-жылдары жалпы дүйнө жүзүндөгү күрттөрдүн саны 49 миллион болчу. Азыр биз болсо эгемендик асмандан түшө калгандай мамиле кылып оңду-солду бөлүнүүгө аракет кылып, мамлекетти талап-тоногондорду, мамлекетибизге кайдыгер мамиле кылгандарды көргөндө зээним кейип кетет. Кыргыздын ушул эгемендүүлүгүн кудайым кут кылсын деп, тилек кылам.

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. Жеңүүчүлөр август айында аныкталат. Толук маалыматты бул жерден тапсаңыз болот.

XS
SM
MD
LG