Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

Төмөнкү Орок айылында мушташ чыкты (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Сокулук районунун Төмөнкү Орок айылында массалык мушташ чыкты.

Учурда окуя болгон жерде милиция кырдаалды жөнгө салууга аракеттенүүдө.

Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, чатак бүгүн эртең менен чыккан. Айт намазынан соң жергиликтүү балдар мушташып, анын натыйжасында бир өспүрүм ооруканага түшкөн. Бирок жергиликтүү тургундар эки өспүрүм ооруканада экенин айтып жатышат.

Облустук милициянын кабарына караганда, окуядан жабыркаган өспүрүм азыр ооруканада, абалы туруктуу.

Мекеменин маалыматына караганда, эртең менен айылдагы мечитте Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм бала уруша кеткен. Экөө бирөөнү сабап салган.

Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене («Ээнбаштык») менен катталды.

«Эки адам дароо убактылуу кармоочу жайга киргизилген, бирок жабыркаган баланын туугандары нааразылык билдирип, мыйзамга дал келбеген иш-аракеттерди кылышкан» деп билдирди милиция өкүлү.

15 үйдүн терезеси сынганы да кабарланды. Бир жерде жыйылып турган чөп өрттөлгөн. 25-30 киши Сокулук милициясына жеткирилди.

Учурда кырдаалды жөнгө салыш үчүн милициянын ыкчам тобу «тартип бузду» деген 15 кишини кармап кеткени кабарланды.

Ороктогу жаңжалга эмне себеп болду?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00

Учурда окуя болгон жерде ондогон адамдар чогулуп турат. Алар милициядан «урушту баштады» деген адамдарды жоопко тартууну талап кылып жатышат.

Окуя болгон жерде өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Түйгуналы Абдраимов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана анын орун басарлары, ошондой эле Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Камил Фырат жүргөнүн «Азаттыктын» кабарчылары окуя болуп жаткан жерден маалымдашты. Алар жергиликтүү тургундарды тынчтыкка чакырып, абалды жөнгө салууга аракеттенип жатышат.

Төмөнкү Орок айылы Бишкектин түштүк-батыш ыптасында жайгашкан. Бул айылда 340 түтүн эл жашайт. Алар негизинен кыргыз жана түрк улутундагылар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG